Айбат » Бекбосун Бөрүбашев: “Равшан Жээнбеков оппозициянын төрагалыгынан баш тартуусу эч кандай чоң окуя эмес…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бекбосун Бөрүбашев: “Равшан Жээнбеков оппозициянын төрагалыгынан баш тартуусу эч кандай чоң окуя эмес…”

Бекбосун Борубашев- Равшан Жээнбеков оппозициянын лидерлигинен баш тарткан эле. Бул оппозициянын кандайдыр бир деңгээлде  уюштуруу иштерин токтотуп койбойбу?

– УОКтун жалпы өнүктүрүү долбоорун карап чыктым. Ал жерде парламентти сактап калабыз жана андан ары өздөштүрөбүз, демократияны өнүктүрөбүз дегенден башка ой айтылбаптыр, калганы эч кандай жаңылык эмес. Оппозиция болгондон кийин өнүгүүнүн жалпы критерийлерин тереңдеп изилдеп жазышса болмок. Өнүктүрө турган оппозиция оозго ала турган нерселер бир топ. Алардын көпчүлүгүн байкаган да жок бүгүнкү оппозиция. Ал эми Равшан Жээнбековдун оппозициянын лидерлигинен баш тартуусу эч кандай саясий чоң окуя катары кароого да болбойт. Мүмкүн андан жаш күчтүү бирөө келер. Азыркы оппозиция өтө эле чабал болуп жатат. Ар бир коомдо оппозиция керек. Себеби, сын көз караш болуп турбаса бийлик көп укук бузууларга барышы мүмкүн.

- Бириккен оппозициялык кыймыл ушул жылдын 24-мартында, андан соң 31-мартта курултай өткөрүүнү пландап жатышат. Алар кандай максатты көздөп курултай уюштурганы жатышат?

– Курултай 2 жол менен гана иш жүзүнө ашышы мүмкүн. Эгер алар жеке кызыкчылыктын негизинде гана уюштуруп жаткан болсо, анын эч кандай мааниси жок. Анткени, алар чын эле жеке кызыкчылыгында уюштурган болсо, элден эч кандай колдоо таба албайт. Белгилүү гана бир учурда уюшуп кайра жок болуп кетүүчү жөн эле убаракерчилик болуп калышы мүмкүн. Ал эми экинчи багыты бир топ кенен, чын эле элдин кызыкчылыгын коргогон курултай уюштуруп жаткан болсо, эл чын эле колдоого  алат. Мен ушул эки бөлүктүн биринчисине оппозициянын ишмердигин жакындатат болчумун. Себеби оппозиция элдин кызыкчылыгын биринчи орунга алып чыга албашы мүмкүн. Азыр саны бар сапаты жок курултайлар көбөйдү. Бул дагы ошол катардагы курултайлардын бири  болуп кала берет деп ойлойм.

- Анда оппозиция тарап кетиши керекпи?

– Алар кандай максатты көздөп курултай өткөрүүнү пландап жатышат, бул батыштын демократиясын бизге таңуулап жатат. Мунун бизге эч кандай кереги жок. Оппозиция кандай ишмердүүлүк менен иш алып барып жатат. Бул жалпыга маалым. Кандай иштесе да бийликке таасир бере алгыдай болуп иштеши керек. Оппозициянын негизги функциясы ушул. Оппозиция начар болгондуктан СДПК фракциясынын ичинен өз ара оппозициялар пайда боло баштады.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru