Айбат » Президенттин Кишиневге жасаган бейрасмий иш сапары Кыргызстандын эл аралык деңгээлде аброюн арттырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Президенттин Кишиневге жасаган бейрасмий иш сапары Кыргызстандын эл аралык деңгээлде аброюн арттырды

Алмазбек АтамбаевҮстүбүздөгү жылдын 15-мартында президент Алмазбек Атамбаев Молдованын Кишинев шаарына бейрасмий иш сапары менен барганы белгилүү болгон. Бул жолугушуу 16-марттагы Санк-Петербург шаарында болуп өткөн Россия президенти Владимир Путин менен КР президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусунун алдында болгон эле. Кишиневдеги бейрасмий жолугушуу тууралуу президенттин аппараты расмий маалымат бере электе эле оппозиция өкүлдөрү бул жолугушууну аз эле жерден “шпиондук” иш-аракетке салыштырып жибере жаздашты. Тактап айтканда БОКтун башынан кечээ эле талп этип кулап түшкөн эркин депутат Равшан Жээнбеков “чагылгандай” тездик менен коомчулукка билдирүү таратып, арасында президент Алмазбек Атамбаевдин атына дагы бир нече суроолорду берип жетишип калды. Мынчалык шашылуунун не кереги бар эле? Президенттин бул жолугушуусу тууралуу акыры расмий маалымат берилет эле го? Равшан мырзанын шашылганынын себеби  эптеп эле бийликти каралап, коомчулукка жек көргөзүп алуу аракети болгон. Муну жаап-жашыра албайбыз. Маселен, ал “президент Кишиневге кайсы бир олигархтын самолету менен учуп барыптыр” деген имиштин башын кылтыйтып, “беш өрдөгүн” учурат. Анан дагы ал жакка жасалган бейрасмий иш сапардын чыгымдарын ким көтөрөт деген суроону коет. Буга президенттик аппараттын берген расмий жообун сөзмө-сөз берип коелу: «Бишкек – Кишинев – Санкт-Петербург – Бишкек» каттамы боюнча кыргыз делегациясынын авиаучууларында башынан эле жол чыгымдарын Алмазбек Атамбаев жеке каражаттарынын эсебинен төлөөрү белгилүү болгон. 1993-жылы жасалган ТУ-154 президенттик самолет ошол учурда учуу алдындагы текшерүүлөрдөн өтүп жаткан”. Демек, эч кандай мамлекеттин казынасына чыгым болгон эмес. Дал эле ушундай суроо менен Равшан мырзанын өзүнө кайрылган адам жок. Болбосо жоон топ оппозициячыл саясатчыларды ээрчитип алып АКШга бир нече күнгө иш сапар жасап келди. Анын чыгымдарын ким көтөрдү эле? Ар кимиси өз чөнтөгүнөн акча чыгарды дегенге бешиктеги бала деле ишенбейт. Анткени ал оппозициячылдардын делегациясында жалаң битин сыгып, канын жалагандар учуп барганы маалым. Экинчиден, бүгүнкү күндө биз Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турабыз. Мындай кырдаалда ал биримдиктин курамындагы мамлекеттер менен андан сырткары турган мамлекеттердин ортосундагы карым-катыш, мамилелердин түз болушу биз үчүн дагы өтө маанилүү. Мына ушундай учурда Кыргызстандын башка мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин бекемделиши үчүн кадамдарды жасап жатышы бизге эл аралык деңгээлде кадыр-барк алып келет. Бул жагынан алганда Алмазбек Атамбаевдин учурда кадыр-баркы өсүп атат деп айта алабыз. Мындай иш-аракеттерди, кадамдарыбызды мындан ары дагы уланта берсек, жакынкы жылдарда Кыргызстан менен көптөгөн ири мамлекеттер дагы кадимкидей тең ата мамиле кылып калышаары бышык.

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru