Айбат » Калемиңиз курч, мартабаңыз улук болсун!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Калемиңиз курч, мартабаңыз улук болсун!

Чыныбай Турсунбеков - Жалын тооСиздин «Жалын тоо» аттуу китебиңиз эски жыл кол булгап коштошуп бара жаткан күндөрү колума тийген. Баштан аяк окуп чыктым. Таасирлендим. Муну кабарлап коюуну чечтим. Ийги  ниеттүү кол тамгаңыз менен окурман катары алган эстетикалык татым үчүн өзгөчө ыраазылык билдирем.

Сиз «ыр саптарынан ырдалып чыгып калабы деп адам издесеңиз», окурмандар ырларынан акындардын кишилигин издешет. Турмуш прозасын жакшы эле татып, мунун поэзиясы кандай болду экен деген да маал болот экен.

Биздин муун доор тогошкон мезгилдин кереметин да, кесепетин да тартты. «Болочок сүйүүнүн жомогуна» ишенип жашаган балалык, «жылдыздар толгон кезде, ааламга эшик ачып, катташсам колдон келсе» деп космоско умтулган өспүрүм кез, дүйнөгө муш кезеп отуруп, түбү оюлган мамлекеттен үмүт үзгөн жаштык, жада калса күндүн табынан деле сактай албаган «жыртык алачык» сымал шаарда алпурушуп жетилген курак, жалгандын тек мааниси өлүм экенин аңдап, «өчкүм жок бийик атылбай» деп,  анан «чыдай албай мина коюп мен бүгүн, адамдардын жандүйнөсүн жардырам» деген ички протест – жарым кылымдык өмүргө ашуудан берген жооптой сезилет.

Койчунун, кой ферма башчысынын, башкарманын зайыптарынын 8-марттагы маанайы аркылуу коомдогу ажырымды жектөө, символу парторг болгон системага алыстан жактырбоо аракети, алына жараша чөйрө күткөн ата-энеге чоң үмүт арта албай өзүн өзү камчылоо, «баласынан аяган күлкүсүн» арноого мажбур кылган жаңы тапка (класс) аргасыз баш ийүү, анан чыдабай алардын сабына умтулуу, бирок ага да ичи чыкпай «ак жоолук салып» сүйгүсү келген ырларына кусалануу – замандашымдын дүйнөдө өзүн, ал эми өзүндө дүйнөнү издөө далбасындай сезилет.

Теги шаардык бир курбум «эмне үчүн биздин кичи мекенибиз, айылыбыз жок» деп ата-энесине кейигенин угуп, таңкалганым бар. Акундун акын уулунун ыр арнай турган айылы болуп, анын кең ааламга жолдоп коюп, өзүнө кайра тымызын тартып турган касиети укмуш турбайбы. Көрсө бул тагдырдын ыраа көргөн олжосу экен да.

Кыргыз дүйнө таанымында тоонун өзгөчө философиясы бар экени маалым. Тоолор кайсы бир шартта бүктөлүп барып көтөрүлүп калган тек гана жердин бир бөлүгү эмес. Анын туруш-турпаты, келбети, айбаты, бетеге-жылгасы, таш-топурагы, таза абасы, мөңгүдөн эрип, ташты жарып чыккан как суулары, жан-жаныбары, анан да миң кулпурган кыялы, ага жандап жашаган адамдардын ден соолугуна эле эмес, кулк-мүнөзүнө, дүйнө таанымына, жашоо менен ойлом тарзына, деги эле тагдырына түздөн түз таасир бергенин илим ачып бүтө элек алигече.

Сиз өңдүү тоолук айылдан өнүп-өскөн мекендештер мына ошол феноменди өзүнүн дене-боюна, каны-жанына сиңдирип алганы менен баалуу. Балким, азыркы шаардашуу аркылуу ааламдашууга белсенип киришкен жаш муундарга караганда, силер тоолуктардын акыркы мууну болуп каласыңарбы, ким билет.

Туулган жерге байлануу сезими – биз орунсуз колдоно берип, кутун учурган жердешчиликтин – жөн эле бир географиялык түшүнүк эмес, адамды адам кылган, анын жашоосуна багыт берип, байкап турган кут сыяктанат. Ар бир адамдын туулган жерине карата суктануу, көтөрүп чабып мактануу, кези келсе айбыгып, тартынуу, өзүн ага карыздар сезүү, таазим этүү сыяктуу эмоционалдык байланыштары эч бир нерсеге алмаштырылгыс эмеспи. Муну илим деле баалап, атайын «топофилия» (жерсезимдери) деген ат менен киндик кан тамган жердин ыйыктыгына тан берип отурат.

Андыктан ааламга кеткен жол аралап өткөн айылыңыздын ыр жазган, илим издеген, иш берген, борбордо таламын талашкан гана эмес, ар дайым сыймыгына татыган, ырларында даңктаган уулу бойдон кала бериңиз. Эл-жер деген тилегиңиз орундалып, көздөгөн максатыңыз ишке ашып, мартабаңыз улук болсун!

Бактыгүл Каламбекова, экономика илимдеринин кандидаты

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru