Айбат » Кылым карыткан комуз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү, Тарых » Кылым карыткан комуз

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

(уландысы, башы өткөн санда)

Өрүк жыгачы табына таасын келген тапта комуздун моюнун, сырткы түзүлүшүн өз кейпине келтире башташат. Демек, сырткы-ички жактары толук бүткөндөн кийин комуз кулагын жана тээгин коет, кайышын тартып, Лад (кылды көтөрүп туруучу жоондугу ширеңкенин чийиндей, узундугу анын жарымындай — 2,5 смдей неме, ал үч кулактын алдында болот) коюлат.

Комуз капкагына Тянь-Шань карагайынан («мари карагай»), Чоң-Кеминдин Баш-Кайыңдысындагы, Жети-Өгүздүн Чоң-Жаргылчагынын башындагы көп жылдар бою өскөн, өтө жоон, карт (80—90—100 см) карагайлар ойдогудай капкак боло алат. Алардын дагы бутагы жогу, шоолдоп түз өскөн жери керектелет.

Мында чебер жыгачтын узундугун элүү смдей кем эмес кылып араалайт. Бутактарын жайланышканына карата уюлдан жарылган таза жерин бөлүп алат. Аны кайрадан кадимки тактай сыяктуу сүртүүбүз тийиш. Капкактын калыңдыгын беш-алты мм кылып, кыры менен тилет да, аны табигый кургатууга коет. Капкакты комуздун тулкусуна жабыштыруу үчүн бүгүн жыгач (столярдык) желимди колдонуп жатат. Илгерки бул аспаптын бети көбүнчө айнек же бычак менен кырылуучу, тоң майды жука сүртүүчү. Эми болсо шлифовка (сыртын жылмалоо) берет да, анан үнүн текшерет. Өрүк комузду лактабоо зарыл. Лакты ал жакшы кабыл албайт.

Айрымдар чапкан аспаптарынын көөдөнүн-көкүрөгүн кененирээк алат да, ал кандайдыр үндүү чыгат. Мына ушундай бөтөнчөлүктөрдөн улам ага кардар адамдардын эч кандай дооматы болбойт. Коомдук комуз өнөрканаларында шарттын болбогондугунун натыйжасында, адатта аспаптын жердиги ойдогудай эмес. Бүгүн үндүү аспаптык материалдар базарларга аз түшөт. Алардан деле талаптагыдай аспапты чаба албайсың. Ошол колдо бар жыгачтардан кармалган комуз, албетте, биз ойлогондой жарала албайт.

Комуз капкагы үчүн берилген карагайлар чирик, бутактуу, мындайча айтканда, отундук жыгачтар болуп саналат. Келип жаткан бук жыгачынын калыңдыгы эле беш см көрүнөт. Чеберлердин кээде сегиз-тогуз см букту иштетүүлөрү материалды ашык чыгымдоого учуратат. Демек, ал жердик өзүн-өзү актай албай калат. Арийне, мындай өксүктөр элдик үндүү аспаптын кендирин кесет. Комуздун тилин табууда — жердик (жыгач), уста, комузчу — үчөө бириксе гана аспаптын таасын үнүн таба алышат. Мындайча айтканда, эки комузчу, эки уста — төртөө өнөктөш отуруп, бирөө чертип берсе, бирөө байкап, кемчиликтерин устага айтып туруусу зарыл. Андыктан республикада атайын көркөм байкоо өнөрканасы болуусу тийиш.

Ошондой эле кыргыз чеберлери союздагы жашаган элдердин улуттук үндүү аспаптарынын жердигин байкап чыгуулары зарыл.

Комуз жасоодо бир эле жыгачты же форманы эмес, ар түрдүү жыгачтарды жана форманы тандап, ага карата изилдөө-иликтөө иштерин жүргүзүү максатка ылайыкташат.

Комузду эл кадырлап чертет, муундан муундарга чейин чертиле бермекчи. Бирок, азыр элге тарап жаткан комуздардын ондон биринде, же жүздөн үчөөндө гана нак комуздук касиет бар. Кыл ордуна «жилка» тагылгандыктан, үнүндө, тилинде анча тактыгы жок. Бул кимдир бирөөнүн ышкысын өзүнө буруу эле эмес, кайра анын көңүлүн суутуп таштайт.

Кылдын үнүн жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билүү үчүн айрым чеберлер байкоо жүргүзүшүүдө. Атайын кылдуу аспаптар үчүн «капрон», «нейлон» сыяктуу сапаттуу жана үндүү кылдар бар. Ошондон комузга ылайык жоондукта кыл кылгандар бар. Демек, кадимки кылга ичеги капрон, нейлон же жибек жиптеринен бир аз кошуп синтездешүүдө. Анда жалгыз ичеги берген үндөн да бийигирээк, тазараак, угумдуураак, сапаттуураак үн пайда болот.

Бут кийимдер цехтериндеги жибек же капрон жиптерин алып, тийиштүү жоондукта каттап чыйратып, (ийикке салып ийирет), комузга тагып чертсе, «жилкага» караганда үнү жумшак да, так да угумдуу да болоорун баамдаган усталар жана комузчулар жолугат.

Албетте, кыл менен тээк эриш-аркак. Бирок, кылы ичегиден жасалган комуздарда тээк анча көп жылышып кетпейт. Ал эми жылбышууга ийкем келип, тээктин жылып кетүүсүнө кайсы бир деңгээлде түрткү болот. Комузду жасоодо капкактан чыгып тургандай 1 —1,5 мм дм деги катуу нерсени (мисалы, пластмассаны) тээк келүүчү жерде капкакка киргизе чаптап, бекитип койсо да жарайт. Мында тээк өзү бош болуу менен алдыга жылып кетпейт.

Тээк адатта, өрүк менен дубдан жасалуусу тийиш. Эгер жарылбай турган катуу жыгач табылбаса, пластмассадан жасап коет.

Дүкөнгө чыккан комуздардын кулактары жыл айланып айланбай жешилип, токтобой калат. Мында кулактары да, кулак бекитилүүчү тешиктери да түптүз. Демек, кулактын түп жагы саал жоонураак тартып, уч жагы бир аз ичкерүү менен көзөнөкчөлөрү да ошого карата конус формасында жасалышы керек.

Конустук ичкерүү жана таруу бир, бир жарым мм дей гана айырмада болот. Ушундай учурда буроодон улам шыкалып, кулак кылды жандырып жибербей, бекем кармайт.

Айткандай, комуздун татаалдыгын, артыкчылыгын, сонундугун, чертилишин (позициясын) беренесин так таба билүү керек. Бул:

— биринчиден, үндүк туюмдун күчтүүлүгүн айгинелейт;

— экинчиден, үйрөнчүктөрдү, жаш комузчуларды ошого тарбиялайт. Ошондуктан, үйрөнчүктөргө жеңил болсун үчүн ички бөлүгүн конструкциялоо ылайык.

Комуз башынын ички көңдөйүнө, же асты жагына, болбосо аркасына сайлуу тетиктер орнотулуп, кулактардын буралышы ошолор аркылуу кыймылга келсе, (мисалы, гитара, домбралардыкы сыяктуу) ошондо алдына чыгып жанып кеткен кылды күүлөп, кулакка түкүрүп туруу зарылчылыгы болбой калат. Үйрөнчүк комузчуларга жеңилдик болушу үчүн экинчи чертилиштин ортону, төртүнчүнүн сөөмөйү, бешинчинин ортону келе турган мерчемдүү гана үч жерге кичинекей седеп шакекчелери чөгөрүлүп коюлса, жетишээрлик болот.

Комузду жасоодой эле аны сактоо жана урунуу күлүктү таптаган саяпкерге, куш асыраган мүнүшкөргө барабар. Аны кургак жайда ыйык катары тутуубуз тийиш. Комузду чалкасынан же көмкөрөсүнөн жаткызбайт. Ал жүккө, дубалга жөлөнөт. Башынан, кулагынан алып, мыкка илип койбош керек. Эки жакка чыкканда жылаңач алып жүрбөй, анын комуз кабы болушу зарыл.

Экинчиден, комуздун мойну көөдөнгө кирген бөлүгүнүн аркасына (шилисине) тогоо бекитип, чачыланган жиптен боо тагылат. Комуз кабына салынбай турганда дал ошол илгичтен үйдүн көрүнүктүү жерине мыкка илинет.

Үчүнчүдөн, комуз менен көркөм тигилген комуз каптарын кошо жасатып, аны комузга кошуп камдоо зарыл.

«Кыргыз музыкасынын тарыхы узак мезгилди камтыйт. Тан (династиясы) доорунда Батыш өлкөлөрдүн (Орто Азия, Түркстан) жана түндүктөгү уруулардын музыкасы «хуме» (Хулардын музыкасы) деп аталган. Кыргыздардын музыкасы анын бир бөлүгүнө таандык. Тан (династиясы) доорундагы хан сарайында ойнолуучу он түрдүү музыканын үчөө Синьцзяндыкы (Түркстандыкы). Бул үч музыкага: «Гаоган юе (?)», «Цюцы юе(?)», «Шули Юе (?)» кирет. Кыргыз музыкасы — «Гаочан юе» музыкасынын бир бөлүгү. Синьцзяндагы Турфан шаарынын батышындагы «Чжао ха чун гае чан» (?) өрөөнүнөн IX кылымдын башталышына таандык байыркы бир сүрөт табылган. Сүрөттөгү кичине бала чертип жаткан аспап — кыргыздардын комузу. («Жэнь мэн ин юе чубаньше» — «Эл музыкасы басмасы» чыгарган «Майда улуттардын музыкалык аспаптары жана жекече ойнолгон салттуу күүлөрдүн жыйнагы» деген китепти караңыз.) Комуз «муцин» — «жыгач комуз» деп да аталат. Комуз бүтүндөй жыгачтан жасалып, ага тагылган үч кылды кагуу аркылуу үн чыгарылат. Ал кыргыз элинин эң байыркы жана кеңири тараган музыкалык аспабы… Байыркы заманда эле (комуз) башка улуттар жашаган аймактарда, ал түгүл, чет элдерге да тараган. Тан (династиясы) доорунда кыргыз эли Тан падышасына белек катары бир комуз беришкен. Кийин, Тан падышасы ал комузду япондорго сыйлык катары тартуулаган. («Бүгүнкү Китай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө») Илим. далил жана божомол («Кыргызстан маданияты», 23-июль 1987-жыл.).

Айрым аваздык чеберлер комуз чабууда өрүк кыйып, ал элешем кургаганда (орточо кургаганда) сомдойт. Ичин оюп коет. Аны солидол же алиф менен майлап, көлөкө жерге таштап койсо 20—30 күндө жыгач ойдогудай кургайт. Комуз капкагы үчүн башкалардай эле жергиликтүү карагайларды пайдаланат. Азыр комуз оркестрде да ойнолууда. Мында комуздун коштоосунда жаралган комуздун нукура үнүн, колоритин уга-көрө албай жатышат. Анткени анын да өз таржымалы бар. Оркестрдеги эң негизги аспап комуз болгондуктан ага чоң роль таандык.

Бирок, ошол комузубуздун үнү нукура ата-бабаларыбыз чертип келген комуздун шыңгыр үнүнө окшобойт. Кадимден бери залкар комузчуларыбыз кол ойнотуп келген комуз таптакыр башкача күүлөнөт. Ал абалкы касиети жоголуп, аны күүлөө принциптери караманча кыл келбеген эрежеге түшүрүлүүдө.

Балалайканын күүлөнүүсү менен комуздун күүлөнүүсүн бир эрежеге баш ийдирүү албетте, туура эмес. Мунун өзү комуздун абалкы күүлөнүүсүн жокко чыгаруу. Анын кийинки «реконструкцияланган» калыбын пайдалануу одоно көрүнүш болуп саналат. Комуздун чыныгы күүлөнүшү эстен чыгууда. Абалкы нукура добуштун, ыргактын, күүнүн, чертүүнүн ыкмалары өзгөрүлүүдө.

Азыр оркестр улуттук бирден-бир көзгө басар болгон аспабыбызды мурдагы калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканын акыйкатта, жакшы жөрөлгө катары баалоо керек. Демек, буга дейре өзүбүздүн. улуттук аспабыбызга (комузга) салкын көз карашта болуп, анын нукура күүлөнүшүн балалайканыкына жакындаштырганбыз, залкар комузчуларыбыздын ойлонуп чертип калган комуздун нака улуттук көрөңгөсүн тар кызыкчылыктан улам жогорудагыдай абалга туш келтирип алганыбыз да албетте жакшы жышана эмес. Эми комузду адепки нукуралыгына жетүүнүн өзү да машакаттуу иш. Себеби, оркестрдин чыгармачыл ишин түп тамыры менен өзгөртүп, комузга мурдагыдай экинчи планда, же болбосо түс (фон) катары ойноп келген жосунун биринчи баскычка чыгаруу, бул чоң машакат болуп саналат. Комузда кооз, мукам үн чыккандыктан анын жасалышы илимий көз карашка физика мыйзамы менен да байланышы бар. Ооба, комузчулар физика илими менен тааныш эмес. Бирок, көкүрөк тунук, баамдоолору жана чеберчиликтери мына ушул илимге шайкеш келип турган. Муну бүгүнкү күндөгү иликтөөлөрдө даана байкалып отурат.

Айрым усталар комуз чабылып бүткөндөн кийин айнек менен сүрөт. Андан кийин майда кум кайрак кагазы жана нооту менен сүртөт, анан жаңы бышырылган акиташтын 70—80 процент эритмеси менен актап, анан ал кургагандан кийин кургак чүпүрөк менен сүртүп, техникалык вазелин менен бир аз майлап коюшат.

Мында өрүк комуз кыпкызыл болгон түскө келет. Комузга лактай эле сырды пайдалануунун кереги жок. Алар комуздун үнүн да, тембрин да өзгөртүп жиберет.

Комуздардын көлөмү ар кандай келет. Узуну 70 см, экинчиси — 65 см, үчүнчүсү — 60 см болот. Бул өлчөмдө комуз жасоого ниеттенгендер комуздун чарасы менен моюнун өлчөгөндө тең ортосунан алыш керек. Мисалы, 70 см комуздун моюнунун узундугу 35 см, чарасынын узундугу 35 см; 65 см комузда 32,5 см ж.б. Мындай комуздарды, адатта, бала комуз жана чоң комуз деп бөлөбүз. Физикалык жагынан алганда комуздун ортонку кылын күүлөгөндө кайсы нотадан резонанс кубулушун берерин аныкташыбыз керек.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru