Айбат » Кабырдан кат!!!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кабырдан кат!!!

КүмбөзКагылайын апакем, баарыңар кайгырып, менин жаныма чогулуп, олтуруп, ыйлап жаттыңар элего. Ошол учурда дүйнөдө мен көрбөгөн, жана тааныбаган, маклуктар жаныма келишти. Алар Азреил жана бул  кызматты аткаруучу башка периштелер экен. Ошондой эле ошол учурда мага акыретте түбөлүк кала турган жерим көрсөтүлдү. Ал жерде от алоолонуп күйүп жаткан эле, ал жер жаза берилүүчү жай экен. Ошондо кээ бир нерселерге кайдыгер карап, кетирген жаңылыштыктарымды билдим. Аябай өкүндүм өтө кайгыргандыктан силерди да тааный албай калдым. Азреил периштени карап алып коркуп кеттим. Ал аябай айбаттуу эле, дүйнөдө  өткөргөн жашоом үчүн өкүндүм. Ошондо Алла тааладан мени жакшы иштерди кылуум үчүн, өлүмүмдү кечиктирүүсүн, жана мени дүйнөгө кайра жиберүүсүн сурандым, бирок аябай кеч болуп калган экен, Албетте суранычым кабыл алынган жок.

Силер муну биле албадыңар кандай кыйынчылык көргөнүмдү да сезе албайсыңар. Себеби: силер мен сыяктуу Азреил периштенин айбатын көргөн жоксуңар. Жалган дүйнөдө жашап жатканыңарда жан чыгуу деген сөздү уксаңар керек эле. Ал учурдагы кыйналууну сөз менен сүрөттөп айтуу мүмкүн эмес, аны Азреил периштенин колуна түшкөндөр гана билишет. Чындыгында Пайгамбарыбыздын: Ооо Аллахым, өлүм алдында өзүмдү жоготуп турган учурда мага жардам кыл!!!  деген дуасын молдокелер айтып калышчу, бирок ал сөздөр бир кулагымдан кирип нафсиме эч кандай таасир бербестен экинчи кулагымдан чыгып кетчү туура, анык туура сөздөр экен.

Башкача айтканда жандын чыгуусу касапчынын колунда териси сыйрылап жаткан койдун абалы сыйактуу. Бул коркунучтуу абалда жаным денемден чыгууну каалаган жок, бөлүк-бөлүк болуп качып жүрдү. Жаным денемден чыкпай каршылык көрсөткөн сайын периштелер мени кыйноого алып жатышты. Кыскасы  денемден жаным чыга электе эле кабыр азабы башталган болчу.  Акырында жаным денемди таштап чыгып кеткенде гана мен бул азаптан кутулдум. Мынчалык азап тартуумдун себеби: Жалган дүйнөдө жасаган күнөөлөрүмдүн жазасы экендигин, акыры түшүндүм. Азреилдин жанында дагы башка эки периште бар эле бири ырайым, экинчиси азап периштелери экен.

Азреил денеден алган рухту ал дененин ээси жакшы адам болсо, ырайым периштесине жаман адам болсо, азап периштесине берет. Азреил менин жанымды азап периштесине тапшырды. Мен дүйнөдө жаман иштерди жасап жүргөндүгүм үчүн периштелер менин жанымды кыйноо менен алышты, булар азап периштелери экен. Эгер дүйнө жашоосунда жакшы иштерди жасап жүргөн болсом: рухтун денеден айрылуусун жеңилдетүүчү ырайым периштелери рухумду алып: Ээй Аллахтын сүйүктүү пендеси сага Аллах салам жиберип жатат деп айтмак экен. Ал кайда! капылетте өткөргөн өмүрүмдүн азабын тартып жатам Апаке’…..

Азреил периште келгенде даараттуу болгонумда жанымда бирөөлөр да куран окуп турса, жана жасаган иштерим көп болгондо мынчалык кыйынчылык тартпайт элем. Өлүмүм да жеңил болот болчу. Ал жерде тургандардан Алла таалага сүйүктүү бир досум; Ээй Азреил менин жолдошумду айа! себеби: Ал момун мусулмандардан эле деп айтып дуба кылса мынчалык азап тартпайт элем. Азреил периште менин жанымды алганы келе жатканда аябай корктум, ал өтө айбаттуу болчу.  Аттиң көздөрүм сокур болсо, анын коркунучтуу көрүнүшүн көрбөсөм жакшы болбойт беле. Бирок чындыгында көздөрүм сокур болсо дагы баарыбир аны көрмөк экем, жалган дүйнөдө сокур болуу же болбоонун айырмасы жок… өлүм учурунда баары Азреилди көрүшөт экен.

Кагылайын апакем менин өлүм учурунда тамагым буулуп, кыркыраган үнүм чыгып жатканын, жүзүм карарып, оозум ак көбүктөнгөнүн көрө алдыңбы?!  Көрө албасаң керек ал учурда катуу кыйкырып ыйлап, олтурган элең. Аларды сезүүң да мүмкүн эмес болчу. Көрбөгөнүн- сезбегенин да жакшы болду. Себеби: эгер аны көрө алганыңда менин акыреттеги абалымды ойлоп аябай кайгырат элең. Дүйнөдө жасаган иштерим жакшы болгондо: өлүм учурунда жүзүм карарып оозум көбүктөнүп, көмөкөйүмдөн кыркыраган үн чыкпайт эле. Тескерисинче чекемден тамчы-тамчы тер жүзүмдөн нур чачырап турбайт беле. Дагы айта кетчү нерсе өлүм алдындагы абалыма көңүл буруп карап сындалып артымдан сүйлөбөгүлө, бул өтө чоң ушак жана чоң күнө. Ошондой эле өлүм алдындагы кыйноолор Аллахтын мээрими деп айтсакта болот. Себеби: Алла таала ал кыйноо менен пенденин күнөөлүрүн жеңилдетет экен.

 Интернет булагы

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru