Айбат » Жаңгактардын сырлары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Жаңгактардын сырлары

Биз күнүмдүк   жашообуда даамдап жээп жүргөн жаңгактын түрлөрүн жалпы журтка белгилүү болсо керек. Бирок анын ден-соолукка  пайдасын жана зыянын  биле бербесе керек. Анда силердин назарыңыздарга биз сүйүп, тамшанып жээп жүргөн жаңгактын сырлары менен тааныштырып өтмөкбүз.

грек жаңгагы

Барбыз мектепте жакшы көрүп окуган ботоника сабагын жакшы билебиз. Мына ботаникалык термин менен карганда жаңгактардын сырты катуу кабыгы менен корголсо анда ичи данек ээлеген жемиш жаңгак болот. Мындай жаңгактардын баарынын курамында кайсы бир деңгээлде төмөнкү заттар кездешет.

Май кислоталары (Омега-6, Омега-3 )- мындай кислота адамдын  мээсинин, жүрөгүнүн, көзүнүн жана  муундардын ишин жөнгө сала алат.

Антиоксиданттар –  адамдын организмдин картаюусунун алдын  ала алат жана ошондой эле онкологиялык оорулардан коргойт.

Өсүмдүк стеролдору – холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат.

Селен, калий, магний, темир, йод, цинк, кобальт – булар адамдын бөйрөк ооруларына туруштук берүүнү жаратышат.

Жер жаңгак

Жер жаңгактын курамы белокко жана ниацин аттуу витаминге бай.  Бул витаминдер адамдын  нерв системасынын, жүрөктүн жана боордун иштөө жөндөмдүүлүгүн жөнгө салат деп айтылат. Ошол эле маалда жер жаңгак организмде клеткалардын жаңыланышына, өсүшүнө шарт түзүп, кандагы холестеринди азайтат. Заара кубалоочу сапатка дагы эгедер. Аталган жемиш эс-тутумду, көңүл бурууну жакшыртат. Анан башка жаңгактардан айырмаланып адамды семиртпөөчү касиетке ээ. Жогоркудай максаттарда пайдалангысы келгендер бир күндө 30 даанага чейин жер жаңгак жей берсе болот. Эскертүү: жер жаңгакты куурулган түрдө гана жегенге болот, себеби, анын чийкиси ууланууга же күчтүү аллергияга чалдыктырат.

 

Мисте

Жаңгактардын адамзатына биринчи белгилүү болгон түрү. Муну 10 миңдеген жылдар илгери Сирияда жана Иранда өстүрүшчү. Мистенин мөмөсүн түндөп чогултушат, болбосо күндүз анын жалбырактары күндүн таасиринен улам зыяндуу эфир майларын бөлүп чыгарып турат. Бул жемиштин курамында деле пайдалуу заттар көп. Алар жүрөк-кан тамыр тутумунун иштешин жөнгө салып, өнөкөт чарчоону жазып адамга күч-кубат берет. Андагы В6 витамини, магний, калий, фосфор элементтери сөөктөрдүн бекем болушуна, кан тамырлардын нормалдуу иштешине өбөлгө түзөт. Бир күндө бир адамга 30 граммга чейин мисте жегенге болот.

 

Токой жаңгагы

Токой жаңгагы же фундук – жаңгактардын ичинен эң даамдуусу болуп саналат. Көбүнчө ашканада салат, тамак, десерт жасоодо активдүү түрдө колдонулат. Курамынын 80 пайызын май түзгөндүктөн, анын пайдалуу сапаттары оливка майынын пайдалуу жактарына окшош. Баш мээнин жана эс-тутумдун иштеши үчүн чоң таасирин тийгизет. Ошондой эле булчуң ткандарынын нормалдуу иштешине шарт түзүп, анемияны, кант диабетин айыктырууга жардам берет. Токой жаңгагынын бир күндүк нормасы – 10 даана.

 

Грек жаңгагы

Грецияга эч кандай түздөн-түз тиешеси жок жана эң кеңири тараган жаңгак. А эмне үчүн грек жаңгагы деп аталаарын эч ким деле биле бербейт. Калориялуулугу жагынан ал эттен ашпаса калбайт, 75 пайыз майдан турат, ал эми витаминдүүлүгү жагынан цитрус жемиштерине салыштырмалуу 50 эсе жогору. Мына дал ушул сапаттарына жараша грек жаңгагы “акылдын азыгы” деп аталып, мээни жана акыл-эсти жакшы иштетүүгө эбегейсиз жардамын тийгизет. Муну көбүрөөк жеген жагдайда кандагы холестерин дагы азаят, иммунитет көтөрүлөт, жугуштуу жеңил ооруларга каршы туруштук берүү жаралат. Физикалык чарчоону басаңдатууда да дагы грек жаңгагын жеп жойсо болот. Кичинекей балдар күнүнө 5ке чейин, чоңдор 7ге чейин мындай жаңгакты жей берсе болот.

 

Бадам

Бадамдын ачуу жана таттуу деп аталган эки түрү бар. Ачуу бадамдын курамында эфир майлары көп болгон үчүн аны көп деле колдоно беришпейт. Ал эми таттуу бадам чынында даамдуу жана пайдалуу. Анда Омега-3 кислотасы, магний жана калий көп, ошон үчүн аны жүрөк жана бөйрөк ооруларынан жабыркаган жагдайда көбүрөөк жеш керек. Ошондой эле бадам тамак сиңирүүгө, ичегинин өз нугунда иштөөсүнө жакшы жардам берет. Анда тиштердин, теринин жана чачтын сапаттуу болушуна керектүү кальций, фосфор жана В2, В3 витаминдери бар. Бадам майы кулинарияда, косметологияда кеңири колдонулуп келет. Мунун бир күндүк нормасы балдар үчүн болгону 2 даана болсо, чоңдор үчүн 7-10го барабар.

Айбат гезити №120



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru