Айбат » Акбар Кубанычбеков: “Көчүп, конуп Ала-Тоого келгенбиз, Каным кыргыз! Биз байыркы элденбиз!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Акбар Кубанычбеков: “Көчүп, конуп Ала-Тоого келгенбиз, Каным кыргыз! Биз байыркы элденбиз!”

Акбар КубанычбековАруудан бүткөн жарыгың тийсин,
Айлана коштоп кадырың билсин.
Биз өтсөк дагы дүйнөдөн узап,
Эл сүйүп уккан жан ырың жүрсүн…
деген ыр саптары менен жаңыдан кыргыз поэзиясына сүңүп кирип келе жаткан, өз ысымын  өзүнүн ырлары менен  жазган, кыргыздын чыгаан мырзаларынын бири Акбар Кубанычбековдун калеминин сыясы менен жазылган ырларын сунуштайбыз.

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ

Туталансам көз ирмебей түн ичи,

Маңдайымда өчпөс шамдай күйүүчү.

Жасалмалуу сезимдер көп, а бирок,

Жасалмасыз жалгыз эне сүйүүсү!

 

Уяламын, эх апаке, миң жолу,

Урушпаган адатың бар тим коюу.

Жука кийип үшүгөнүң унутуп,

Канча күттүң, жолум карап түн бою.

 

Билбейм неге? Көксөгөнүм, жаным ыр,

Балким ырлар менин тапкан багымдыр.

Элесимди көз алдыңан кетирбей,

А сен азыр ойлоп турган чагыңдыр.

 

Кайда болсом сен жанымда кулпуруп,

Тургансыйсың таалайыма күн сунуп.

Апакебай, жаман балаң чоңойду,

Мындан ары кайгым тартпай, күлкүм ук!

 

Жердин жүзүн чулгап мээрим шаңына,

Түгөл жетип, ар бир түндүн таңына.

Кыргын, согуш болбойт эле эч качан,

Сеникиндей жүрөк берсе баарына.

 

 

КЕҢ ПЕЙИЛ КЫРГЫЗ!

Көчүп, конуп Ала-Тоого келгенбиз,

Каным кыргыз! Биз байыркы элденбиз!

Канчалаган кайгы башка түшсө да,

Кеменгербиз! Кыйын күндү жеңгенбиз!

Абалтадан ар улуттан дос куруп,

Ата сөзүн көкүрөккө толтуруп.

Аруу тилек, аруу жүрөк биздин эл,

Ай-жылдызга жеткен дайым кол сунуп.

Наркы бийик сөздүн соңун улаган,

Нар көтөргүс ой түйүнүн чубаган.

Намыска бек эрлер өткөн жол салып,

Накта кыргыз элин-жерин кураган!

Илимге бай, билимге бай кең Мекен!

Изи багыт, тарыхым мол сенде кең.

Иши менен эл ичинде өчпөгөн,

Илгертеден атам кыргыз жердеген!

Эртеңибиз алаканга салгандай,

Эркин элбиз канаттарын жайган жай.

Эл-жериңе жүрөгүңдү бергиниң,

Эң бийикке чыксын десең тайманбай!

Тереңинде асманымдын кушу бар,

Таштан-ташка эргип аккан суусу бал.

Тулпар минген, калпак кийген элимдин,

Тээ, бийикте желбиреген туусу бар!

АЛ БИР

Сен ишенсең күн-айга,

Мен ишенем Кудайга.

Билсең күндүн, айдын да,

Жаратканы Кудай да!

Нур сээп, сылап жүзүңдөн,

Кечирген да, түшүнгөн.

Жаратканды сүйгөндү,

Үйрөнөлү бүгүнтөн!

Кылым, жылдар, күн өтсүн,

Суусу болгон мүрөктүн,

Ыйман деген ар убак,

Жашарткычы жүрөктүн.

Тобо кылып күндө мен,

Таштак жолдо түйшөлөм.

Өтсө гана адамзат,

Күнөө кылбай дүйнөдөн.

Өмүр дайра шар аккан,

Өкүнүч да, шаң аккан.

Бүгүн барбыз, эртең жок…

Мунун баары Аллахтан!

Сен ишенсең күн-айга,

Мен ишенем Кудайга.

Билсең күндүн, айдын да,

Жаратканы Кудай да!

МЕН МАКТАНАМ

Мактанамын! Мактангыдай жөнүм бар!

Мактанаарлык КЫРГЫЗ деген өңүм бар!

Мелмилине ар бир жанды бөлөгөн,

Мөлтүр таза, менин Ысык-Көлүм бар!

Мактанамын! Мактангыдай шартым бар!

 

Мейман келсе сый көрсөткөн калкым бар!

Мезгилинде Манас бабам жол кылып,

Муундан-муунга мурас болгон салтым бар!

Макал айтып жоо токтоткон тилим бар!

Мухит сымал чалкып жаткан дилим бар!

Мал-жандыкты, адам-затты тең карап,

Муң басканда колдой турчу пирим бар!

Маданият, ынтымак бар, ырыс бар!

Мартабалуу өчпөс ысым Чыңгыз бар!

Мүмкүнчүлүк болуп турса колуңда,

Мактангыла! Мактангыла! Кыргыздар!

 

Кыска маалымат:

Аты жөнү – Акбар  Кубанычбеков

Туулган жылы – 1992-жылы 22-апрель

Туулган жери – Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылы

Үй-бүлөдө – 3 бир тууган

Билим алган жери – Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69-гимназия

Азыркы тапта – Кыргыз улуттук университетинин  Кыргыз филология бөлүмүнүн 5-курсунун студенти.

• Кыргыз Республикасынын Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын мүчөсү.

• 2012-жылы БГУ уюштурган студенттер аралык ыр сынакта баш байгенин ээси.

• 2013-жылы Кыргыз Көчү коомдук фонду уюштурган жаңы жылдык ыр сынакта жылдын «Күмүш сап» акыны.

• 2014-жылы Жаштар министрлиги  уюштурган «Ата-энем ырысым, ата-энем бакытым» аттуу республикалык ыр сынакта  баш байгенин жеңүүчүсү.

• 2015-жылы Жолон Мамытов фонду уюштурган республикалык  ыр сынакта Периштенин канаты аттуу китеби менен «Поэтикалык жаңычыл үн»  номинациясынын ээси.

• Үч ирет басылып чыккан “Периштенин канаты” ыр жыйнагынын автору. 60тан ашык ырына обон жазылып белгилүү ырчылар аткарат.

• Жакында  “Ак жүрөк” деген китеби жарык көрдү




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru