Айбат » «Дүйнөлүк ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүдө ыңгайлуу, арзан жана ишенимдүү жүк ташуучу заманбап сервистик кызматынын ролу өтө жогору»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Дүйнөлүк ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүдө ыңгайлуу, арзан жана ишенимдүү жүк ташуучу заманбап сервистик кызматынын ролу өтө жогору»

0116- марта Бишкекте ишкерлерге заманбап сервистик кызмат  көрсөтүүчү жүк ташуучу «Аманат-Карго» компаниясынын жаңы кызматтарынын презентациясы болуп өттү. Компаниянын презентациясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери  Төрөбай Зулпукаров жана депутат Акылбек Эшимов менен бир катар жогорку кызмат өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын коногу  вице – спикер Төрөбай Зулпукаров өз сөзүндө дүйнөлүк ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүдө ыңгайлуу, арзан  жана ишенимдүү  жүк ташуучу заманбап сервистик кызматынын ролу өтө жогору экендигин айтып, салыктык төлөмдүн эсебинен  өлкөнүн  казынасына пайда келтирүүчү ишкердик тармакты мамлекет ар тараптан колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Ал эми, компаниянын аткаруучу мүдүрү Мыйзамидин  Абдумаликовдун айтымында, «Аманат-Карго» компаниясы дүйнөдөгү  эң ири компаниялардын бири болгон «Danis cargo» компаниясы менен биргеликте Турция мамлекетинен  Кыргызстандын булуң – бурчуна, Россия Федерациясына, Казакстан жана Тажикистан мамлекеттерине эң ынгайлуу жана арзан, ишенимдүү  жүк ташуунун баардык кызматтарын сунуштайт.

Аталган  компания«Daniscargo» компаниясы менен биргеликте 30 жылдык тажрыйбасы менен, 56 мамлекетке товарларды жеткирип дүйнөлүк экономика базарында эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет.

Ошондой эле, компания үчүн ар дайым ишкердин укугу жана кызыкчылыгы жогору экендигине кепилдик берет. Кардарларларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында күн сайын  авиа, авто жүк ташуу жана башка кызматтар көрсөтүлүп, шаар ичинде жеткирип берүү акысыз жүргүзүлөт.

Учурда кызматтар активдүү жүргүзүлүүдө. Компания ушул эле презентацияны 20 – мартта Ош шаарында өткөрүүнү пландоодо.

02 03 Зулпукаров

Айбат гезити №120



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru