Айбат » Оппозициянын “дирижерлук таякчасы” “Ата мекендин” колуна өттүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозициянын “дирижерлук таякчасы” “Ата мекендин” колуна өттүбү?

Ата мекен31-март күнү Кубанычбек Кадыров башында турган Бириккен оппозициялык кыймыл Жалал-Абад шаарында курултай өткөрөлү деп турганы белгилүү. Курултай жөн эле курула бербесин жакшы түшүнгөн оппозиция анын демөөрчүсүн дагы таап коюшуптур. А.Акаев менен К.Бакиев доорунда май талкан кызматтарды аркалап келген, экс-министр, экс-депутат, жалпы жонунан экс-чиновник Акылбек Жапаров Кадыровду оппозиция лидери болушу менен куттуктап, “курултайыңды жакшы өткөзүп ал” деп 50 миң долларды бергени жалганбы? Ошол эле учурда Акылбек мырза өзү “Ата мекен” партиясынын босогосунан чыкпай эле, ары-бери аттап турат дешет. Кызыгың түшкүр, ошондо ал ортомчулук милдетти аткарып, ал эми курултайдын чыныгы дирижерлугун “Ата мекендин” “атасы” Өмүрбек Текебаев жасап аткан болуп калабы?

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru