Айбат » Төлөгөнов Тербишалиевден шек санап атабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Төлөгөнов Тербишалиевден шек санап атабы?

Данияр Тербишалиев26-мартта «Жерүй» алтын кени боюнча конкурстук комиссиянын отурумунда «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты, үйүнүн балконунан коңшусунун велосипеди чыккан Райкан Төлөгөнов жаш депутат Данияр Тербишалиевди АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Женнифер Псаки менен окшоштуруп өттү. Кызыгың түшкүр десе, акыркы учурларда депутаттарыбыз укмуштуудай эле ойлорду балп эттирип сала турган болушту. Райкан мырза улуу жазуучунун уулу катары бул салыштырууну образ менен айтып жатса, биз да ага образ менен үн кошуп коелу дедик. Эсибизге жара чыкпаса, Женнифер Псаки боюнда болуп калганы үчүн декретке чыккан эле. Анан Райкан мырзанын бул салыштыруусу кызык ойлорго кептеп коюп атпайбы. Же Данияр мырзадан бир шеги барбы Акыркы учурларда Тербишалиев Садыр Жапаров,  Мелис Мырзакматов, Равшан Жээнбеков өңдүү оппозиция өкүлдөрү менен пикирлеш болуп бараткандай болду эле. Кыязы ушулардан шек санап аткандагысыбы?  Кызыгын түшкүр десе…

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru