Айбат » Мырзакматов элди бөлүп-жарганды качан коет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мырзакматов элди бөлүп-жарганды качан коет?

Мырзакматов МелисОш шаарынын мурдагы «кожоюну» Мелис Мырзакматов Кыргызстанда дагы бир гезитти каржылоого алып чыгара баштаганы маалым болду. Ал гезиттин аты «Мезгил Ньюс» деп аталат. Чү дегенде эле биринчи санына бакыйып өзү интервью берип, учурдагы бийликке Кыргызстандын чегинен тышкары туруп алып акаарат келтирип алыптыр. Көп сөздү айтып башты оорутуп отурбайлы. Ток этер жерлерине токтолуп өтөлү. «Өмүрүндө колхозго бригад болбогондор, мамлекетти башкарып отурушат. Алар эл чарбачылыгы эмне экенин али аңдап билише элек» дейт Мырзакматов. Эсибизге жара чыкпаса Мырзакматов өзү дагы мэрлик кызматка келгенге чейин колхозго деле бригад болуп көргөн эмес. Кыязы, Мадумаров агабыз туура айткан болуш керек – базарком болуп иштесе керек эле.  «Карыз алып урпактардын моюнуна илип туруп, бир нерсени куруп, же салып коюш бул баатырдык же экономикалык көрөгөчтүк эмес. Маселен түндүк-түштүк альтернативдик жолун алалы, мамлекетке канчалык деңгээлде зыян келтирери тууралуу экономисттер байма-бай коңгуроо кагууда» дейт ошого эле оюн улай. Анын ою боюнча түндүк-түштүк альтернативалык жолу Кыргызстандын экономикасын сызга олтургузат экен. Кандайча? Эртең курулуп бүткөндөн кийин өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы карым-катышты кеңейтсе, учурдагыдай Төө-Ашуу менен каттап, кышкысын кар көчкүлөрдөн улам өтө албай туруп калып, бир топ экономикалык жоготууларга учурагандан көрө бул түптүз, эч кандай ашуусу жок жол менен каттап турганыбыз бир жагынан жеңилдик, экинчи жагынан экономикабызга да салымын кошот эмеспи? Же өзүбүздө жок болсо, алаканды куушуруп отура берсек иш алдыга жылабы? Ошол эле өзү мэр болуп турганда асма көпүрөнү бир тыйыны жок баштап алып шерменде болгонун эсинен чыгардыбы? И баса, Мелис мырзанын арына баракелде деп коелучу. Ушул эле маегинде ал «Мен Оштогу көпүрөнү 500 миллион сомго бүтүрмөкмүн» деп көкүрөгүн койгулап алыптыр. Элди келесоо ойлой турганын ушул сөзүнөн деле түшүнө берсек болот. Анткени ал Ош шаарын башкарып турган маалда көпүрөнүн курулушуна 1 миллиард сом кетет деп эле айтып жүрбөдү беле? Айтор Мелис мырзанын бул маеги баштан аяк курулай көкүрөк койгуламай, элди эптеп бөлүп-жармай максатын көздөгөнүн түшүндүк. Анчалык кыйын болсо, алыска жатып кыйын болбой, келип бардыгын айтпайбы? Мыйзам алдында өзүнүн ак экенин далилдебейби?..

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru