Айбат » Ири коррупциялык ишке бөгөт коюлду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Ири коррупциялык ишке бөгөт коюлду

Кылычбек АрпачиевАлмазбек Атамбаев президенттикке шайлангандан тартып коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүүдө. Бул аралыкта ондогон ири чиновниктерге кылмыш иши козголуп, бир катар саясатчылар темир тор артында отурууга аргасыз болду.  Эми кезек прокуратура өкүлдөрүнө да жетти. Дүйшөмбү күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев өзүнүн иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы колго түшүргөн.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 304-313-беренелеринин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми шектүү катары кылтакка илинген Башкы тергөөчү К.Арпачиев дароо убактылуу тергөө абагына камалды. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Такталбаган маалыматтарга караганда, Башкы тергөөчү парламент депутаты Карганбек Самаковдун уулунан 200 миң доллар акча талап кылган. Канткен күндө да мыйзамсыздык менен күрөшкөн чиновниктин мындай ири өлчөмдө пара менен кармалышы коомдо чоң талкууну жаратты.

 

Арпачиев ири иштерди тергеген

100 миң доллар пара менен кармалган К.Арпачиев Ат-Башынын кулуну. Юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси. Анын орто медициналык жана жогорку юридикалык билими бар. Алгачкы эмгек жолун Бишкек шаардык медициналык тез жардам кызматында баштаган. Ал эми 1991-жылдан баштап прокуратура тармагына баш багып, Жалал-Абад прокуратурасында стажер болуп ишке орношкон. Көп жыл Жалал-Абад прокуратурасында эмгектенген Арпачиев Башкы прокуратурада 2003-жылдан баштап иштей баштаган. 2013-жылы болсо мурдагы баш прокурор Аида Салянованын жардамчысы катары иштеп, 2014-жылдан тарта Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, Арпачиев экс-башпрокурордун жолдошу Бакыт Абдыкапаров менен ынак дос.

К.Арпачиев буга чейин “Tazabek” басылмасына берген маегинде  Башкы прокуратура иликтеп жаткан бир катар иштерди айтып берген экен. Алардын катарында мурдагы Айыл-чарба министри Чынгысбек Узакбаевге кылмыш иш козгогон. Анын 419 миң долларды максатсыз пайдаланганы аныкталып, азыркы учурда иш эки инстанцияда каралып айыптаган өкүм чыккан. Ошондой эле “Кыргызтелекомго” тиешелүү болгон «Бител» ЖЧКнын уставдык капиталындагы 40 үлүшүнүн иши. Андан сырткары, Арпачиев бул кызматта турганда Кумтөр боюнча иш, депутат Акматбек Келдибековго карата козголгон кылмышы иши, мурдагы Жаратылыш ресурстары агенттигинин жетекчиси Замирбек Эсенамановго кылмыш иштери ачылган.

 

Президент Европадан өз оюн билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев 25-мартта Францияда ишкер чөйрөлөр менен жолугушуу учурунда, Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин кармалышы жөнүндө комментарий берди. Өлкө башчысы Франциянын ишкерлерине кайрылып аларды өлкөгө инвестицияларды активдүү тартууга чакырып, муну менен катар алар коррупциядан коркпошу керек экенин белгиледи. “Бул жакка чыгар алдында мен башпрокурор жана Антикоррупциялык кызмат менен жолуккам, анда күч түзүмдөрү өздөрү тазаланышы керек деген сөздөр болгон. Мен күткөндөй эле, кечээ Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси – өлкөнүн башкы тергөөчүсү кармалды. Башкы прокуратура дагы пара алуу менен иштеген”, – деди ал.

Ошондой эле президент мөөнөтүнүн аягына чейин күч түзүмдөрүндө тазалануу жүргүзөрүн айтып, Кыргызстанда кол тийбестик жок экенин билдирди. “Менин мөөнөтүмдүн аягына 2 жыл 8 ай калды. Мен бардык күч түзүмдөрдө тазаланууну жүргүзөм. Биз уурулардан тазаладык, азыр уурдагандан коркушат, коррупциялык иштер үчүн министрлер да, депутаттар да камалышты. Бүгүн Кыргызстанда кол тийбестер жок”, – деди өлкө башчысы.

 

“Бул маалыматка ишенүү кыйын болду”

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Башкы тергөөчүнүн 100 миң доллар пара менен кармалышы тууралуу комментарий берип жатып, бул окуя тууралуу алдын ала маалымат келгенде ишенүү кыйын болгонун айтат. Индира айым бул фактынын тастыкталганына көзү жеткенден кийин тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырганын билдирди. “Прокуратура кызматкери тарабынан пара талап кылуу фактысы жөнүндө маалымат түшкөндө бул маалыматтын объективдүүлүгүнө жана анын канчалык чындыгына ишенүү кыйын болду. Анткени бул жерде өзүнө жүктөлгөн милдеттер үчүн жоопкерчилик деңгээлин мыкты билген кызматкер тууралуу сөз болуп жатты эле. Бирок көрсөтүлгөн материалдар кылмыш ишин козгоого негиз болорун тастыктады. Бул факты аныкталса жалпы эле Башкы прокуратуранын ишине кара так түшөрүн түшүнүү менен, мен кылмыш ишин козгоого макулдук бердим жана бардык тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырдым”, – дейт ал.

Ошондой эле Жолдубаева Башкы тергөөчүнү кармоо операциясы прокуратура менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан ишке ашканын айтат. “Прокуратуранын кызматкерин кармоо операциясы – биздин ведомство менен УКМКнын биргелешип иштешкенин жыйынтыгы. Азыр тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыктары тууралуу коомчулук иштин жүрүшүндө кабардар болот. Операция маалыматты тышка чыгарбастан жүргүзүлгөндүгү прокуратура тазаланууга өзү кызыктар экендигин далилдеп турат”, – дейт ал. Андан сырткары Башкы прокурор тергөө органдарынын таза иштеөөсүнө жана мамлекет алдында өз милдеттерин так аткарууга дайыма колдоо көрсөтүп турарын кошумчалады. “ММКда жана соцтармактарда акча талап кылган фактылар жөнүндө маалыматтар болуп жаткандыгына карабастан, прокуратура кызматкерлеринин арасында  өзүнүн аты менен сыймыктанган, мундирдин намысын сактаган жана милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарган адамдар экендигин белгилегим келет. Алар коомдун жыргалы үчүн коюлган тапшырмаларды жана функционалдык милдеттерди аткарууда мен тараптан дайыма колдоого ээ болушат. Кечээги окуя баардык кызматкерлер үчүн катардан чыккан, талкуу жараткан окуя болуп саналганына карабай, Башкы прокуратура биздин өлкөнүн башкы текшерүүчү органы болуп келген жана кала берет. Мыйзам баары үчүн бирдей. Биз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштерди улантабыз”, – дейт Башкы прокурор.

 

Чоң кызматтагылар да үн катты

Башкы тергөөчүнүн ири коррупция менен кармалышы боюнча Президенттин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаев да маалымат каражаттарына комментарий берип, анын кармалышы ийгиликтүү аяктаганын билдирген. “УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат чоң кызматтагы чиновникти пара алып жаткан жерден татыктуу кармады. Башкы тергөөчүнүн өз кабинетинен ири өлчөмдө коррупция менен кармалышы жогорку деңгээлде уюштурулган”, – дейт ал. Ошондой эле ал бул окуяны маалымат каражаттарынан укканын билдирген. “Тилекке каршы бул окуя жаңы Баш прокурор Индира Жолдубаевага сөз тийгизиши мүмкүн. Эми ал кадрдык маселеге өзгөчө көңүл бурушу керек”, – дейт ал.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бул окуяны өлкөдө жүрүп жаткан коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыктары катары баалады. Анын айтымында, прокуратура кызматкеринин пара менен кармалышы өлкөдө системалык түрдө коррупция менен күрөштүн жүрүп жатканынан кабар берет. “Бул күрөш көптөн бери уланууда. Укук коргоо кызматкерлерин тазалаш керек. Учурда тергөө башталды. Анын канчалык күнөөсү бар экенин тергөө иштери аныктайт. Бирок, ири чиновниктин пара менен кармалышы коррупция менен күрөшүү катуу жүрүп жатканынан кабар берет”, – дейт ал.

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru