Айбат » Марс Сариев: “Инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүчү популисттик билдирүүлөр депутаттардын өздөрү үчүн гана пайдалуу”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев: “Инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүчү популисттик билдирүүлөр депутаттардын өздөрү үчүн гана пайдалуу”

Марс Сариев- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы инвестициялык климаттын абалын кандай баалайсыз?

– Учурда өлкөбүздөгү инвестициялык климаттын абалы өтө начар. Европа мамлекеттеринен келе турган инвестициялар таптакыр токтоду деп айтсак болот. Буга башкы себеп бул “Кумтөрдүн” айланасындагы болуп жаткан конфликттер болуп атат. Биздин депутаттардын, саясатчылардын “Кумтөргө” жасап аткан мамилесин көрүп атышат. Андан улам бизге инвестиция салуудан чоочуркашат. Эми жакында эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Батыш өлкөлөрүнө расмий иш сапар менен багыт алды. Ал жакта аларга кандай инвестициялык климатты сунуш кылаарын көрө жатарбыз. Кандай сунуш кылса дагы, Батыш өлкөлөрү биздеги саясый абалды көрүп турушат жана азырынча инвестиция салууга шашылышпайт. Аларды чыныгы инвестор катары кызыктыруу үчүн адегенде өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртыш керек.

-  Эмнеге өлкөбүздө инвестициялык саясат жүргүзүлбөй жатат?

– Бул биздин өлкөнүн эгемендикти алгандан берки жетекчиликтеринин коррупциялык механизмдерди өркүндөтүп жибергени менен байланыштуу. Репутация бузулду. Чыныгы олуттуу инвесторлор келбей атат. Келгендерин иштетпей жатабыз. Инвестициялык саясатты туура жүргүзүү жана аны жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин алуу биздин чиновниктерден көз каранды болот.

- Бүгүнкү күндө депутаттар инвесторлор менен цивилдүү жол менен карым-катыш кылуунун ордуна улутташтыруу өңдүү терс таасирин берүүчү аракеттер менен алек? Мындай аракеттер кимдер үчүн пайдалуу?

– Маселен, азыркы таптагы алтын кенинин айланасындагы болуп аткан популисттик билдирүүлөр ошол депутаттардын өздөрү үчүн гана пайдалуу. Алар келерки шайлоонун алдында элдин колдоосуна ээ болууну гана көздөп жатышат. Эл үчүн “улутташтырабыз, өзүбүздүн мамлекет үчүн иштетебиз” деген сөздөр жагат. Анын төркүнүн терең иликтей алышпайт. Андыктан азыркы депутаттардын иш-аракеттери алар кайрадан депутаттык орундарга келүү максатынан өйдө ашпай жатат.

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru