Айбат » Айтикеев Бакиевдердин жанында балык уулагысы келет…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айтикеев Бакиевдердин жанында балык уулагысы келет…

Адилет Айтикеев«Эшегине жараша тушагы» демекчи башкы редакторуна жараша гезиттин кадыры болот. Эки сөздүн башын эптей албаган, 6 сүйлөм маалымат жазса, бери жагы 10 чакты катасын кошо кеткен Адилет Айтикеев аттуу сабатсыз жазмакер бар. «Эй, сен!» деп жазып маданиятсыздыктын жогорку үлгүсүн көрсөткөнүнө корстон болуп, кайкалай басып калмайы дагы бар. Мына ушул «жашабай жатып» жалаң калпты ышкырткан жигит «Искра» аттуу гезитти чыгарат. Анысын кааласа чыгарып, кааласа токтотуп коймоюу дагы бар экенин айтып коелу. Тактап айтканда ар кайсыл мурдагы, азыркы коррупционерлерден заказ түшүп калса, алардын үйүнө жатып алып мактоо материалдарын жазганча “Искрасы” учкунун чачпай турат. Анын гезитинин негизги окурмандары Келдибеков, Мырзакматов жана Бакиевдер. Демөөрчүлөрү дагы, гезитинин башкы каармандары дагы ушулар. Айтикеев үчүн ошол гана керек. Эң негизгиси аларды ай-асманга көтөрө мактап туруп, чөнтөктөрүн кагып алыш керек. Анан колдоруна бирден гезит карматып койсо болду. Калганы менен иши жок. Жалпы кыргызстандыктардын каргышына калган Бакиевдердин, коррупцияга шектелген, Соцфонд менен Салык кызматын жетектеп турганда пенсионерлердин пенсиясына чейин колун созуп жиберген Келдибековдун, Ош шаарынын “кожоюну” болуп туруп, жалаң эстеликтерди тургузуудан эле миллиондорду кымырып алган Мырзакматовдун элдин жон терисинен сыйрып алган акчаларынын бир бөлүгүн алганына кубанган Айтикеевге элдин эмне менен дем алып атканы деле баары бир. Иши кылса ошолорго жага турган материалдарды жазыш керек, бийликти карандай калп менен болсо дагы сындаш керек. Анын жалаң заказ менен иш кыларын журналистика журтчулугу абдан жакшы билет. Бирок мурдун балта кеспеген Адилет Айтикеев аябай чоң иш жасап аткансып кайкалаганын койбойт. Мейли бийликти сындасын, сын деген керек. Бирок, ал конкреттүү, олуттуу, факты менен болушу керек го? Эси барда, этегин жаап калбаса кыргыз эли бир күнү ошол Бакиевдердин жанына кууп салат го…

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru