Айбат » Ренат Самудинов: “Олуттуу 24 долбоор ишке ашып жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ренат Самудинов: “Олуттуу 24 долбоор ишке ашып жатат”

Ренат Самудинов- Акыркы беш жылда коомдо, бийлик жактан жылыштар байкалып жатабы, элде маанай кандай? 

-Жакшы кудай буюрса. Албетте, коомдо өзгөрүүлөр байкалып жатат. Эң негизгиси коомдо демократиялык баалуулуктар бекемделип жатат. Андан тышкары президенттин улуттук стратегиясынын негизинде олуттуу 24 долбоорлор ишке ашып жатат. Мисалы: ЛЭП Датка-Кемин, Түндүк-Түштүктүн альтернативалык жол, ГЭСтердин курулушу ж. б. Бул долбоорлор кыргыз мамлекетибиздин улуттук коопсуздугун коргоого багытталган. Бирок, кемчиликтер да бар. Башталган реформалар аягына чейин чыкпай калган учурлар да бар.

- КСДП партиясынын  жаштар канаты кандай иш чараларды өткөрүп жатасыздар?

– КСДПнын жаштар  канатынын эң негизги максаттары болуп партиянын ичинде жигердүү реформа жүргүзүү болуп эсептелет. Кыргызстанда бүт эле партиялар саясий институт катары жетиле элек. Парламенттик демократиянын толугу менен бекитүүчү күчтүү институттардын ишмердүүлүгү абзел. Ошол себептен КСДПны реформа кылуучу демилгелерди көтөрүп чыгып жатабыз. Баштапкы демилгелер ишке аша баштады.

- Убагындагы 2010-жылдагы БЭК кыймылы менен азыркы 2015-жылындагы УОКтун айырмасы?

– БЭК эң негизги максаты бул Бакиевдин авторитардык режими менен күрөшүү болуп эсептелген. БЭКтин тегерегине Кыргызстандагы эң негизги күчтөр бириккен. Ал эми бүгүнкү күндө УОК – башталган, бирок аягына чыкпай жаткан реформаларды конструктивдүү сын-пикир аркылуу талап кылып жатышат. Арасында радикалдуу кадамдарга барып жаткан да мүчөлөрү да бар.

- Азыркы жаштардын жарым аскердик топтордун, кыймылдардын түзүлүшүнө кандай карайсыз?

– Мамлекеттин ичинде тынчтыкты карасак жарым аскердик күчтөр болбошу керек, официалдуу күчтөрдөн тышкары. Андай мүмкүнчүлүктөрдү берсек мамлекетибиздин ичине тышкы радикалдуу долбоорлор өз саясатын күч менен ишке ашырганга өбөлгө түзүп берип коебуз.

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru