Айбат » Өзгөрүүлөрдү көрө албаган жазмакер Дайыр Орунбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өзгөрүүлөрдү көрө албаган жазмакер Дайыр Орунбеков

Дайыр ОрунбековДемократия, сөз эркиндиги деген нерселердин артында жоопкерчилик деген тураарын жакшы билебиз. Тилекке каршы арабызда алдыңкы экөөнү каалагандай колдонуп, бирок акыркысын таптакыр эсине алгысы келбегендер да бар. Үйдөгү эң кичинекей баладай болуп, оюна келгендин баарын жасап, анан ата-энеси кичине какыс-кукус кылып койсо бакырып ыйлаган баланын кыялындай болгон жалданма журналисттер да пайда болду. Албетте, мындайлар көп эмес, аз. Бирок, бир карын майды бир кумалак чиритет болуп жатпайбы. Ошондой куру көөдөн, бош көкүрөк калемдешибиз Дайыр Орунбеков учурдагы бийликти «катуу сынга алып келатам» деп көкүрөгүн койгулап атканын көп эле көрөбүз.

Албетте сынга алуу деген жакшы дечи. Сын болсо өсүш болот, оңолуу болот. Бирок, аты аталган калемдешибиз олуттуу сын айта албай, курулай эле кыйкырыкты жаза берерин жакшы билет эмеспизби? Маселен кече жакында эле ал акыркы 4-5 жылдан бери карай эч нерсе өзгөрбөдү, мурдагыдай эле саясый куугунтуктар болуп атат дегендей маанайда макаласын жарыя кылыптыр. Байкашыбызча ал өзүнүн жазгандарына өзү деле толук ишене албайт. Себеби жок дегенде маданияттуу жазганды билбеген бул жигитти эч ким деле куугунтукка алган жери жок. Ошондой болсо деле өзүнө караштуу басылмалар аркылуу чуруу-чуу чыгаргысы келип, «мага карата саясый куугунтук башталды, коркутуулар болуп атат» деп ызылдап калат. Бирок, Бишкектин кең көчөлөрүндө эч кандай коркутууларга тушукпай эле, жакшынакай боюнча жүргөнүн көрөсүң. Бул бир жагы.

Экинчи жагынан «мурдагыдай эле саясый куугунтуктар болуп атат» дегени карандай калп, атайын элди козутуу үчүн жасалган аракет экендигин кантип айтпай кое алабыз? Эгерде Бакиевдин убагында Дайыр жигит жаш болуп калган болсо, анда чыныгы саясый куугунтуктар кандай болгондугун эсине азыноолак салып коелу. Чү дегенде эле Бакиевдин кандуу режимин сынга алып жазып койгону үчүн журналист Сыргак Абдылдаевдин 29 жеринен бычак жеп, аргасыздан Швецияга баш калкалоого кеткенин айталы. Геннадий Павлюктун аркы дүйнөгө узатылганын эске салалы. Турат Бектенов, Асыран Айдаралиев, Жеңишбек Эдигеев, Чолпон Орозобекова өңдүү белгилүү, салмактуу журналисттердин чет өлкөгө аргасыздан качууга мажбур болушун айталы. Мына ушулардын өзү эле Бакиевдин убагында сөз эркиндиги таптакыр муунтулганын билдирет. Азыр ошондой көрүнүш барбы? Албетте жок. Эгер Дайыр Орунбеков «ошондой эле кырдаал болуп атат» десе, конкреттүү фактыларды келтирип көрсүнчү. Журналисттерден тышкары салмактуу саясатчыларга да куугунтуктар катуу болгонун эске салалы. Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Медет Садыркулов, Тынычбек Акматбаевдердин катар-катарынан келген өлүмү кандуу бийликтин каарын көргөзүп турган жок беле? Бүгүн ошондой көрүнүш барбы? Кудай сактасын, анын бетин ары кылсын дейли. Көз тийбесин дейли. Андай куугунтуктар жок. Андыктан бир нерсени жазаарда, терең калчап, терең ойлонуп анан жазыш керек го? Болбосо, эртең карт тарыхтын барактарында бардык иш-аракеттер катталып калат. Мына ошондо урпактардын алдында  «кабинетинен алыс чыкпай отуруп эле, калпты ышкырта берген да жазмакерлер болгон» деп аты-жөндөрү бакыйып жазылып калса, өздөрүнө эле уят болот го?

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru