Айбат » Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мамбюджетти майкандап, жеке бизнесин гүлдөткөн Ташиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, мамбюджетти майкандап, жеке бизнесин гүлдөткөн Ташиев

камчыбек ташиев2012-жылдын 3-октябрында «Чыңгызханча» секирик жасагандан кийин эле саясый аброю нөлгө түшкөн мурдагы «Ата-Журт» партиясынын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичтин бүгүнкү күндөгү саясый абалы өтө кызык. Ак үйдүн тосмосунан секирип, түз эле темир тордун ичине түшүп калгандан кийин Камчыкенин психикасына бир топ доо кетип калгандай болду. Муну ал абакта туура 9 ай жатып чыккандан кийин Бишкекте бирди, Ошто экини сүйлөп атып далилдеди. Тактап айтканда, ал абактан чыгаары менен Жогорку Кеңешке келип, укук коргоо органдарына, бийликке, президентке чейин терең ыраазычылыгын билдирип, «акыйкаттык бар экен, бийлик биздин ишке таптакыр аралашпады» деп өрөпкүп сүйлөп алып, эки күндөн кийин Ошто кайрадан элди бийликке каршы үгүттөгөнүн көргөнбүз. Эми анын мындай бир сөзү менен экинчи сөзү карама-каршы келе бере турганы тарыхта таасын жазылып калат деңизчи. Кеп оролун башкага буралы. Ошентип натыйжасында сот жообуна тартылган адам болуп калгандан кийин мурдагы кыйкырчаак Ташиев бир топ момое түштү. Алдыда келе жаткан парламенттик шайлоонун камын көрүп, эптеп бийликке жагынып, «соттолгон» деген «макамын» алдырып салуу аракетин көрүп жаткансыйт. Ошол эле убакта партиясынан бир топ беделдүү саясатчылар чыга качканынан улам, аргасы түгөнүп, мурдагы башкы оппоненти болгон экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун партиясына «Ата-Журт» партиясын көтөрүп барып «күйөөгө» берди. Эгерде Нурлан Мотуевдин партиясы болуп, аны менен кошулганда балким ал ««Ата-Журт» партиясы кыз экен» деп жар салып чыгат беле, ким билет?..

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru