Айбат » Базарбай ажы Темишов, философия илимдеринин кандидаты, “Ата-Журт” идеалисттик–демократиялык саясый партиясынын учредителдик кеңеши: “Садыр Жапаров жеткен калпычы экен, аргументтеримди ортого салайын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Базарбай ажы Темишов, философия илимдеринин кандидаты, “Ата-Журт” идеалисттик–демократиялык саясый партиясынын учредителдик кеңеши: “Садыр Жапаров жеткен калпычы экен, аргументтеримди ортого салайын”

Садыр ЖапаровВаршавада жатып алып “баатырсынып”, байма-бай интервьюларды берип аткан Садыр Жапаровду Базарбай ажы Темишов быкыйын чукуган макаласын “Азия-Ньюс” гезитинин 26-марттагы санына жарыялаптыр. Биз ошол макаладагы маанилүү жерлерин кыскартып сунуш кылабыз.

2010-жылы парламенттик шайлоодо Садыр да эптеп элди алдап добуш алууда бу апенди сымаал калпты чындай айтып: “ой калайык калкым, көлдүк элим, “Ата-Журт” партияны мен түзгөмүн, мен негиздегемин, мен атын койгомун, ээси менмин” деп бакырып жүргөнүн көп угуп, гезиттен да окуган элем. Ошондо мен: “байкуш, кантсин, бийлик көзүнөн учуп, айласы куруп, көлдө баккан “беш өрдөгүн” учуруп, элди алдап, бекер “жаңгак” топтоп жүргөн  тура” деп, ага анча деле маани берген эмес элем.

Ошондо элин алдап, аз-маз добуш алган Садыр эми бул апендиче элге айткан өз калпына өзү ишенип алып, ошол калпын дагы интернет, гезиттер аркылуу Польшада жатып бийик-бийик учура баштаганы кызык болууда.

 

Садырдын 2015-жылы 2-февралда Польшадан учурган “беш өрдөк” калпы мындай:

-“Ата-Журт” партиясын үчүнчү чакырылыштын он чакты депутаты 2006-жылы негиздегенбиз. Негиздеген күнү пресс-конференция да бергенбиз. Видео архив турат. “Ата-Журт” деген атты сунуштап, автору болгонмун. Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүңүз деп Базарбай Темишовго тапшырма берип жиберсек, ал өзүнүн аты жок партиясын кайрадан каттоодон өткөрүп, “Ата-Журт” деп каттатып койгон экен. Ошол себептен ал киши учредитель болуп жүрөт. Биз аны билбептирбиз. 2010-жылкы шайлоодо бир топ сыр көрсөтүп жүрүп кагаз, печаттарын араң берген жайы бар. Азыр да “Ташиевден партияны алам” деп сотко берип жүрөт деп угуп жатам…

Садырдын мындай алдамчылыгы, адепсиздиги мага көптөн бери көнүмүш эле, ага жооп жазбай эле коюуну ойлогом. Бирок, акниет телефон чалуулар түрткүсү менен Садырдын коомго өтө зыяндуу, ага өнөкөт болуп калган, аны менен Көлдө бирге өскөн “беш өрдөк” калптарын фактылар  менен  ачыктап коюуга туура келди:

1) Садыр интернетте жазган жалган жалаа сөзүндө, эч нерсе билбеген аңкоо болуп: “Азыр да “Ташиевден партияны алам” деп сотко берип жүрөт деп угуп жатам” деп 2015-жылдын 2-февралында (датасына көңүл коюңуз) жазып жатат.

Ал эми биздин доомат катка  “жазуу жүзүндө” берген (бизде сакталып турат)  жообунда Садыр: “сиздердин доомат катты алдым, тааныштым, баары туура, партия К.Ташивде, кайтарып алсаңар болот” деп 2015-жылы 8-январда эле жооп берген. Эми анын кайсы сөзүнө ишенебиз?

2) Ал ошол эле интернеттеги  дагы бир сөзүндө: “Ташиев менен кабарлаша элегиме бир жылга жакындап калды” деп жазыптыр. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, алардын байланыш С.Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китеби чыккандан күчөп, эми Садыр бизге берип алган “макулдук катына” ичи күйүп, “туз жалап”, мага асылып, К.Ташиевге болсо жагалданып “попугайы” болуп  жаткан чагы.

Мындай сасык  ойлоруна  мас болуп, “чагым” илдетине чалдыккан Садыр “Саясатта 10 жыл” китебинде,  жалган-жалаа  ойлоруна өзү ишенип алып, чындык  катары жазып: “азыркы бийлик 3 тонна элдик алтынды учак менен Турцияга түн жамына уурдап кеткен”,  “мен болсо канадалыктардан 100 миллион АКШ доллар парасын албай койгомун” деп өзүн периште кылып жатат.   К.Бакиев учурунда бул “периште” Максимдин заказы менен: “Улуттук стратегиялык объектерди менчиктеп берүү боюнча” мыйзамдарды ЖКдан өткөрүүдө, жаңы премьерди ЖКда бекиткенде өз абийир-добушун болбогон суммага баалап келгенин өз ара тамаша-чын сөздөрүнөн угуп эле келгемин.

Биз идеалист интеллигент окумуштуулар анын соңку “беш өрдөк” калпын интернеттен окуп, биздин 20 жылдык (1995-2015-ж.ж.) ак эмгегибиз менен “Элдик Улуу Идеясы” иштелип чыгып, негиздөөчү катары нотариалдык конторадан расмий катталып, негиздеген  “Ата-Журт” идеалисттик  партиябызга Садыр автор боло калганына таңкалдык. Алар болгону “Биз  партиянын “Элдик Улуу Идеясын” 2015-жылга чейин аткарып да, каржылап да беребиз” деп партияны бизден “аманат” катары (ижарага эмес) сурап алган. Келишимди түк аткарган жок, алдады, биз Кудайга коюп, абийирге коюп, келишимдик  мөөнөткө ылайык сабыр кылып келдик. Алар “аманатка кыянаттык кылды”, кайра жалаа жаап чагымчылык кылууда. Бизди алар сотко, коомчулукка  чыгууга,  “беткап” чүмбөттөрүн ачууга өздөрү мажбур кылууда. Азырынча эми Садырдан чыккан сасык ойлорду окуп калган коомчулукка учкай  жооп кылып, “апыртма” жазгыч бул автордун  “айныкей” акыл-эсине уят сезим салуу максатта айрым архивдик так маалыматтан бир аздан жарыялап турууну эп көрдүк.

Бирок, жараткан Аллах дайым чындыкты сүйөт, колдойт. “Ак ийилет, бирок, сынбайт”. Биздин ак ниет, таза идеалисттик жамааттын 20 жылдык ак эмгегин бир заматта менчиктеп кетүүгө болгон зөөкүрдүк бул кылмыштуу ишти уккан ак ниеттүү ар бир жан алардын бул рейдерлик кылмышына наалат гана айтат. Андыктан, адилеттикте бул талашка чекит коёт” деген гана үмүттөбүз.

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru