Айбат » Жазгы психоз менен кантип күрөшүү керек?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Жазгы психоз менен кантип күрөшүү керек?

Көпчүлүк адамдар жаздын келиши менен психикалык жана физикалык акыбалынын начарлашын байкашат. Анын себептери жана андай көрүнүштү кантип жеңил өткөзүү керек деген суроого жооп берүүгө биздин инфографика жардам кылат деп ойлойбуз ;)

 

Жаздын келиши менен көңүлдүн өйдө-төмөн болушу аба ырайына, температуранын жана  жарыктын режиминин өзгөрүшүнө түз байланыш

Сейилдөө

 

Витаминдер

Бузулбай сакталган жашылча, жемиштерди көп жеңиз (күнүнө 400г. кем эмес)

Жашылча

 

Организмге кирген витаминдер запаска сакталбай дароо сиңип кетет, ошондуктан организмге ар убакта витамин берип туруш керек

Витаминдер

 

Фитобальзам же ит мурун менен даярдалган чөп чай ичиңиз

Фитобальзам, чай

 

Кофе жана кара чайдан баш тартыңыз

Кофе

 

Уйку

Тынч жана узак уйку – депрессияга каршы эң мыткы даары

Уйку

 

Таза аба

Уйку жайда таза аба айланып турушу керек – бул кислороддун жетиштүү келип турушуна жакшы

Таза аба

 

Көңүл ачуу жана физикалык активдүүлүк

Сейилдеп чыгыңыз, велосипед же ролик тебиңиз, курбуларыңыз менен баарлашыңыз, китеп окуңуз, театр же клубдарга барыңыз. Айтоор жата бербей бир нерсе кылыңыз да андан ыракат алыңыз!

Велосипед

 

Үй иштерин кылып жатып көңүлдүү музыка коюңуз да үнүн болушунча чыгарып алыңыз!

Музыка

 

Пландар

Келээрки жайкы эс алууну пландап баштаңыз: бара турган жериңизди тандап, ал жакта эмне көрсө болот, алардын салт жана маданиятын карап чыгыңыз. Эс алууну пландоо – бул дайма жагымдуу

Жайкы эс алуу

 

Имиджди алмаштыруу

Чачыңыздын түсүн же кыркымын өзгөртүңүз, башынан аягына чейин гардеробду алмаштырыңыз. Образыңыздын ар бир өзгөрүшү сизди позитивдык энергия менен кубаттайт

Имидж

 

Көңүл буруңуз!

Эгерде көңүлсүз маанай жумалап кетпей жатса, ойлонуу керек. Адиске кайрылуудан тартынбаңыз – психотерапевт, үй-бүлөөлүк психология боюнча консультант же конфликтолог жардам бере алат

Соолуган гүл

 

Жазгы козголуу – бул күнүмдүк ызы-чуудан жашынуу үчүн эркелөө эмес. Медиктердин айтуусу боюнча сезондун алмашуусу менен организмде физиологиялык кайра курулуулар болот жана ушул себептен чындап эле ден-соолук дароо төмөндөп, көңүлдүн түшүшү мүмкүн. Бул периоддо суицид, ажырашуулар жана майда кылмыштардын саны кескин көбөйүшү белгиленет. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жаш балдар, кары адамдар жана өнөкөт оорулуулар сезимтал келишет.

ЖазСезондун алмашуусундагы негативдик натыйжасын төмөндөтүш үчүн өзүн жакшылап карап, мээни талыктырбай жана негатив ойлордон алыс болууну психологдор сунушташат. “Эмоционалдык толкундоолор – убактылуу, жаздын аягында өтөөрүн адам өзү түшүнүш керек. Эгер муну түшүнсө, депрессияны жеңил өтөөрү абзел” – дейт дарыгерлер. Адис ошондой эле оюн-күлкүгө убакыт табып, жайкы каникулдарды күтүп отура бербей бираз өзүңүздү эркелетүүнү унутпаш керек дейт.

Бетти даярдап жасаган: Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru