Айбат » Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев бийликке каршы чыга баштадыбы?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев бийликке каршы чыга баштадыбы?..

Талантбек БатыралиевКалптын казаны кайнабайт…

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин калптары…

«Обещайт» этилди, аткарылган жок… Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин министр болуп келгенине деле бир топ убакыт өттү. Ушул кызматка талапкер болуп келгенде, эмне деген гана убадалар айтылбады эле. Анын бири жок. Арасынан эстегенибизди тизмектейли. 1-убада: Саламаттыкты сактоо тармагынын техникалык базасын  (Түркияныкына салыштырып) чыңдоону колго алууну биринчи максат кылып,  Жогорку кеңештин трибунасында жар салган. Учурда медициналык аппараттардын эскилиги жеткенине карабай, бейтаптар кезек күтүп четинен өмүр менен өлүмдүн ортосунда арбашып жатканын эске албай, бир дагы медаппарат сырттан келген жок, же болбосо бул жаатта реформа ишке ашырылган жок. 2-убада: Кадрдык реформа.

Батыралиев министр болуп келгенден бери жыйырма чакты белдүү кызматкерлерди мыйзамсыз иштен айдады. Алардын орундарына өзү каалаган адамдарын алып келди. Кадрларды конкурстук негизде гана кабыл алабыз деген убадасы таш каппай калганын өзү конкурссуз министр болуп келгенинен башталганын мисал келтирсек болот. Чындыгында Батыралиев министр болуп келгени эч нерсе өзгөргөн жок. Керек болсо, тескерсинче артка кетти. Талапкер болуп келгендеги убадалары таман алдында калды. Министрлик посттун алдында Жогорку кеңештин депутаттарынын айрым суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандан экономикалык ал-абалы жагынан бир топ алдыга кеткен Түркия мамлекетин мисал келтирип, медицина жаатында ал деңгээлге жарым жыл аралыгында жетишсе боло тургандыгын убада кылганы, аны өзү ал жакта иштеп жүрүп өз көзү менен көрүп-билип, жүрөгүндө туюп турганын билермендарга туйтунткан Батыралиевдин азыр ушул маалда биздин өлкөнүн деңгээлинде мышыгына «пыш» дегенге алы калбай калганын өзү моюнга алаар. 3-убада: министр мырза кызматка жаны киришип жатканда, медицина жаатында себепсиз эч бир кызматкер жумушунан кетпейт деген убадасын берген эле. Тескерисинче, эч бир себепсиз жыйырмага чукул кызматкердин эч себепсиз жумуштан айдалып, алардын ордуна жек-жааттардын келиши акылга сыйбаган корунуш.

Министр чыныгы жүзүн элден катса да, тарых аны эч качан өчүрбөйт…

Батыралиев медицина тармагында 80-жылдары аралашып, Кыргызстанга эмгегин 3-4 жыл гана арнаган, кардиология институтунда Миррахимовдун кол алдында катардагы кызматкер болуп иштеген кадр. Ал мекемеден ызы-чуу менен кеткен. Ошол учурда иштеген кызматкерлер аталган институттан кымбат баалуу медициналык “Polaroid” пленкасы жоголуп, сыйпалап таппай калышканын, Миррахимов өзү башында туруп комиссия түзүп, иликтеп келгенде күнөөлүү деп Батыралиев табылып, анан Миррахимов “өзүң арыз жазып кетесиң же милициянын колуна салып берем” деп иштен айдап чыккандыгын, анан медицина тармагында бизнес кылып, чет өлкөлөп кеткендигин жазып чыгышкан. Аны «Вечерний Бишкек» гезитинин 2007-жылдын 20-сентябрындагы №180 (9352) санында Нина Ничипарованын белгилүү кардиолог Мирсаид Мирахимов менен болгон маеги тастыктайт. Ошол обзацты сөзмө сөз келтирсек: «Н.Н: -Мирсаид Мирхамидович, министр здравоохранения сказал, что он предлогал вам назвать кандидатуру и.о. дироектора. М.М: – Я предложил ему своего замистителя, профессора, прекрасного специалиста и порядочного человека Айнагуль Джумагулову. И пожалел об этом. Отношение к ней изменилось в худшую сторону. Н.Н: – Приоткройте тайну, кто присмотрел себе это кресло? М.М: – А это уже ни для кого не секрет. Метит в это кресло бывший наш сотрудник, который уволился несколько лет назад после неблаговидного поступка. Мына Батыралиевдин бир калпы, анан дагы кардиологиядан Түркияга эмне себептен кеткени тууралуу,  «неблаговидый поступкалары». Парламенттин трибунасында 120 эл өкүлүнө жана жалпы коомчулукка эмне деп калп айтты эле убагында министр болуп жатып.

Ошол кезде директор болуп турган Мирсаид Мирахимов менен болгон мамилеси абдан сонун болгонун саймедиреген. 5-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында саламаттык сактоо министрине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги сунушталып жаткан учурда “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Майрамкүл Тиленчиева ошол учурда маалымдоо каражаттарына талапкер жөнүндө жаман дагы жакшы дагы пикирлер айтылып жаткандыгын билдирип, анын чын төгүнүн сурап кызыккан. “Айтыңызчы, Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунан эмнеге кетип калдыңыз.”,- деген эл өкүлү (маалымат булактарындагы архивден карсаңыздар болот). Бул суроого Батыралиев минтип жооп берип атат: “Мен Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунда иштеп жүргөндө, алар менен эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Ал жактан өзүмдүн билимимди жогорулатуу максатында кеткем». Мына министрлик босогонун алдындагы калптын алгачкы баскычтары.

А жогорудагы интервьюда М.Мирахимов айтып жатпайбы, кандай болгонун. Эми «Чазов менин окутуучум болгон» деген калпка келсек. Белгилүү сайттардын бири «Акипресс» жана  «forum.roza.kg» ге 2012-жылы Талант Батырлиевдин берген маегине таянсак, журналисттин  «- Как Вы сами думаете, в чем секрет Вашего успеха?» – деген суроосуна: … «-я представляю отличную школу кардиологов – А.Л.Мясникова, вырос под руководством знаменитых академиков: Е.Чазова, Ю.Беленкова, К.Тернового, М. Вихерта, Н.Мухарлямова, А.Сметнева, И.Шхвацабая и Г.Арабидзе, А.Самко – почти весь список корифеев, имею поддержку специалистов крупных головных учреждений мира (Американская коллегия кардиологов, Общества инвазивной кардиологии, Американская ассоциация кардиологов)» – деп жооп бериптир.

Ал эми жогорудагы 2007-жылдын 20-сентябрындагы №180 (9352) санындагы «Вечерний Бишкек» гезитине М. Мирахимовдун берген маегин карайлы: – «Талантбек Батыралиев, который считает себя учеником Чазова и причисляет себя к пятерке лучших кардиологов мира. Хотя, насколько я осведомлен, академик Чазов пояснил, цитирую: «Четко оценивая вклад в создание своей кардиологический школы, я должен отметить что Батыралиев не являеться непосредственным моим учеником. Ничего не могу сказать и о первой пятерке кардиологов мира, учитывая, что такую градацию специалистов-профессионалов еше никогда не проводили, уверен, и не будут проводить» деп салыптыр. Мынакей калптар кайда жатат. Биздин министр өткөн тарыхынын баарын жокко чыгарып, жалпы коомчулукту алдады. Мындан сырткары, Батыралиев минстрлик креслого келе жатканда, «Түркиядагы “сани Конукоглы” атындагы медициналык борбордо жетекчилик кызматта  иштеп жатат” деген рекламаны атайылап тараткан. Мындай маалыматка кызыккандар бул жактан атайын кат жазып (запрос), сурамжылоо кылгандар да болбой койгон эмес. Сурамжылоонун жыйынтыгында, Батыралиев ал жакта андай кызматта иштебептир. Ал жөн гана ошол клиникада консультант кызматын аркалап келгени анык болду. Айта берсе кыскасы, министрдин калптары башынан ашып, босогону аттай элек жатып элди алдаганы менен эсте калды.

Бийликтин ишенген кожосу сууга акканда, тал кармаганга өкмөттөн эч ким жок…

 «В роде» Батыралиев министрликке бийликтин ишеничи менен келди, анда эмнеге Акматбек Келдибековдун өткөргөн түлөөсүнө барды?! «Ии кокуй, кайсы түлөө» – деп таң калып калдыңызбы? Анда сөз башынан болсун. «Жакынкы аралыкта министр ордунан кетет» – деген каңшаарларды жанында жүргөн эле жакын адамдары таратып жатышат. Эмне себеп болду дебейсизби… Батыралиев өзүнүн жеке аброюу менен эмес, бийликтегилердин күчтүү мыкчыган колунун аркасы менен министрлик креслону кучактап отурганын унутту. Министрлик кызмат аны делөөрүтүп, көптүрүп, өзү каалаган тойго, өзү каалаган түлөөгө жетелей баштады. Саясий оппоненттеш деп аталган бийликтин келишпес адамдары Акматбек Келдибеков өткөндө башынын аманчылыгы үчүн түлөө өткөзүп, Талант мырза ошол жакка барганы бийликтин көзүрлөрүнө өтө жакпай калды. Ал түгүл министрлик креслого бөлөк адамдын кандидаттыгы каралып жатканын Батыралиев өзү да билет экен. Ал чекилик болдубу, же туура иш болдубу, министр мырза өзү өкүнүп, же кубанып жаткандыр.

Бирок, креслодон айрылаарын эстегенде, ичи тызылдап жатканын «точно» айткандар бар. Бул жагынан алганда, «Ата Журт» партиясы менен мурдатан коюн-колтук алышкан мамилеси бар экени айтылганы бирин-экин массалык маалымат каражаттарынан болжолдуу белгилүү болгон. «Узун кептин учугу эми чыгып отурат» дегендей, Акматбек Келдибековдун колуктуусу Аида Токтоматова канча катачылык кетирсе да, медицинада эмдигиче эмнеге жылдызы жанып жүргөнүн эске алганда, «Келдибеков менен мурдатан мамилеси ысык болчу» деп жооп берип салат болчубуз да. Болбосо, башка касташкан министр болгондо, Токтоматованы сүргүнгө айдагандай эле жоготмок болуш керек.

Түлөөгө эмнеге барганын эми түшүндүк окшойт. Бирок, Батыралиевге учурда министрлик кызматтын бары да, жогу да баары бир болуп калгандай. Себеп дегенде, кызматка отурса эле баардык реформа ишке аша койчудай чамынган министр учурда эч нерсе колунан келбесин билгенде убада кылгандарына түкүрүп да койбой, мурдунан «пышы» түшүп, шалдырап отурган учуру. Ага кимге – ким кас, кимдин түлөөсүнө ким барыш керек, ким барбаш керек, айырма деле болбой калган.

Тентек чалды кой деп койбой, куулуп калганын директор кылып алып келип…

Баарынан да өлкөдөгү акыркы урунтту окуялардын арасына Аширали Зуирдинов жетекчилик кылган Медициналык академиядагы «Азаттыктын» кабарчылары менен болгон ызы-чуулуу окуяны айтпай кетсек болбос. Бул окуяга билим берүү министрлиги жакшы эле киришти. Аксакалдын бул кылыгын билим берүү минстрлиги чекилик деп табышты эле, Премьер Оторбаев ал тууралуу «ламь» деп ооз ачкан жок. Анткени, Зуирдинов Жоомарт Каиповичтин аяш атасы. Мына сага! Эми Оторбаев бир нерсе деп корчоңдобосо, Батыралиев эмне кылат? Зуирдинов жада калса, саламаттыкты сактоо министрин «…кагазча» да көргөн жок. Сөгүш жарыялап, иштен кууса боло турган ишти эч нерсе болбогондой куюн сыяктуу билмексен болуп өткөрүп жиберишти.

Демек, массалык маалымат каражаттарын каалаган көпкөн кызматкерлер кабинетинен каалаган учурунда жамбашка тепкилеп кууп чыга берсе боло берет дегенди түшүндү коомчулук. Мындан сырткары, Калдарбек Абдраманов деген хирург мындан канча жыл мурун эмгек жамааттын арызы менен жактырылбай Кордиохирургиялык борбордун жетекчилигинен куулуп калган. Батыралиев ал кишини эч конкурссуз эле кайра алып келип жетекчи кылып отургузуп койду. Эмгек жамааттын пикирин уруп да ойногон жок. Министрлик кызматка келээрдеги конкурстук негизде кызматкерлерди алуу жобосун унутту. Айта берсе сөз көп, бул макала муну менен бүтпөйт туугандар, дагы бар.

Жумаш НАЗАРОВ

Айбат гезити №121



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru