Айбат » Акыйкаттуулук менен милдет айкалышса, тартип орнойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акыйкаттуулук менен милдет айкалышса, тартип орнойт

Рысматов БайсейитБишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн 10-чу бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын под-полковниги Рысматов Байсейит:

“Кылмыштын бети ачылмайын биздин иш сыр бойдон калат…”

- Бул тармакта иштеп жатканыңызга 21 жылдын жүзү болуптур…

– Ушул жылдарымда бардык кызмат тепкичтерин басып өттүм. Өткүрлүгүм, курчтугум жана кесибимди жакшы билгендигим менен да бир топ ачылбаган кылмыштардын бетин ачтым. Иштеген инсандарда кемчилик да болбой койбойт.

- Байкашымча мүнөзүңүз токтоо экен…

– Туура. Айрыкча опер кызматкерлери милдеттүү түрдө токтоо жана сабырдуу болуусу шарт. Бекеринен бизди “из кубарлар” деп аташпаган чыгар. Мындайда ушул сапаттар көзүңө урунаары бышык. Бир кылмышты аныктаарда сабырдуулук жана тактык талап кылынат. Бул мүнөздөр кесипке байланыштуу калыпка салынган. Бирок, сөөгүм менен кошо жаралган өткүрлүгүм, бетке айткан калыстыгым, чечкиндүүлүгүм калган жок.

- Чогуу иштешкен кесиптештериңизге токтоло кетсеңиз?

– Бирдиктүү жерде иш алдыга жылат. Эң негизги сапат-бул өз ишине берилүү ана калыстык менен иштөө. Биздин иштин негизги критерийлери: профессионалдуулук, уюуштуруучулук, чарбачыл болуу, жана фантазёр актёрдук-чеберчилик. Бул сапаттар толуктамайын мыкты опер болуу кыйын.  Опер кызматкерлер: милициянын капитаны Акматов Адахам, милициянын капитаны Исмаилов Төлөгөн менен биргеликте иш алып барабыз. “Жалгыз дарак токой болбойт” демекчи, бир кылмыштын бетин ачууда ар кимибиздин өз милдетибиз бар. Ынтымакта иш алып баргандыктанбы, айтор, көпчүлүк иште ийгилик арттырып келебиз. Кылмыштын бети ачылмайын опер кызматы сыр бойдон калат.

- Эмгегиңиздердин үзүрү кайтып, ыраазычылык билдирген адамдардын элеси өмүр бою эсиңиздерде калаттыр…

– Албетте. Андай окуялар көп болот. Шаарыбыздын тургуну Турсунай  аттуу эже 3000 миң АКШ долларын үй саткан алдамчыларга алдыртып жиберип, кайрылбаган жери калбаптыр. 3 айдан бери дарегин жашырган алдамчы аялды, биз 2 саатка жеткирбей колго түшүрдүк.

- Кантип?

– Интернет булактарына берген жарнамасында уюлдук телефону бар экен. Телефонуна чалып, жай-баракат сүйлөшүп, Таластын бир айылынан келген дыйкан төө буурчакты дүңүнө сатып, үй алмакчы болгон каарманды аткардым. Алдамчы аялды көргөндө да, колумда очойгон акча болсо, кимдир-бирөө тырайта башка чаппасын деп, шаардагы туугандарымды ээрчитип алгам деп, бир байкуштай түр көрсөттүм. Ыкчам иликтөө менен алдамчы аял өзү кантип колго түшүп калганына айраң таң калды. Ошондуктан биздин башкы милдет кылмышкердин изи сууй электе колго түшүрүү. Ушинтип кайрылгандар ыраазы болсо, кантип ичибиз жылыбай койсун.

 

 

Кулуев МадиярБишкек шаардык Октябрь ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Кулуев Мадияр:

“Мыкты жетекчи эмгек жамааттын күрөө тамырын сезишинде…”

- Жетекчи катары айта кетсеңиз, күчтүү кадрлар өлкөнүн өнүгүшүн шарттайт. Мунсуз мамлекетти оңдоо, элдин муктаждыгын камсыздандыруу абдан кыйын эмеспи…

– Албетте. Ата-Журтту сүйүү-ажайып парз, чындыкты сүйүү-андан да керемет парз дейт. Акыркы кезде кандай гана окуялар болуп өтпөдү дейсиң. Ошондуктан бүгүн же эртең биздин кызматкерлер ошол чындыкты таап чыгууга милдеттүү. Коомчулукка коопсуздукту жараткан милиция  экенин таамай айта алам. Милициянын иши бир гана кылмыштын бетин ачуу эмес, элине эбегейсиз бакубат жашоо тартуулоо. Ушул талапка жооп берчү кадрларды биздин кызматкерлерден табууга болот.

- Кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

– Мен жетекчилик кызматка келгенимден баштап , эки негизги багытты койдум. Бул-адам укугунун корголушу, биздин райондо бир дагы адам укугунун тебеленишине жол бербешибиз керек деген, экинчиден экономиканын өсүшүнө таасир көрсөтүүчү иш жасашыбыз керек.

Бүгүнкү күндө мен коррупцияга каршы туруу чараларын көтөрүүдөмүн, бул жөн гана сөз болуп айтылып калбаш үчүн иш жүзүндө аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдөмүн.

- Жетекчилик кызматты аркалаш үчүн кандай талаптарга жооп берүү шарт?

– Кайсы гана деңгээлдеги мамлекеттик жетекчи болбосун, анын күчү өзүнүн эмгек жамааты, коомчулук, жумурай-журт менен ажырагыс байланышта болуп, алар менен бирге жашап, ой-мүдөөлөрү, пикирлери, суроолору, суунуш-талаптарына назар салып, ар дайым алардын күрөө тамырынын согушун сезип туруусунда демекчимин. Мактангандай болбоюн, муну кудайга шүгүр мендей билгендер, чанда чыгаар деп да ойлоп кетем. Анткени, коларага жарап калган кезимден баштап, мына, ушул күнгө чейин, мен өз элим, өз жерим менен эриш аркак ажырагыс жашап жана бир топ  жылдан бери эмгектенип келем.

 

 

Турапова Бегимай Бишкек шаарынын Октябрь ички иштер бөлүмүнүн ага-тергөөчүсү Турапова Бегимай:

“Иштин көзүн билген инсан гана ынанымдуу иштейт…”

- Кесип сизди тандадыбы же сиз кесиптиби…

– Коомдо жашап туруп, коомдон алыс боло албайсың. Менин жашоо тилкем, эмгек жолум дал ошол коомдун алкагында агылып жүрүп олтурат. Албетте кесип мени тандаган десем жаңылышпасмын. Иштин көзүн билген инсан гана таза жана ынанымдуу иштей алат. “Мен кылдым!” деп, көпчүлүк көзүнчө төш койгулаганың эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиң чоң эрдик. Айлана-чөйрөдөгүлөр  канчалык көккө учурушуп көкөлөтүшпөсүн,  жөнөкөйлүктөн жазбай жер менен жуурулушуп туруу менин парзым. Менде дал ушул улуулукту даңазалаган жөнөкөйлүүлүк канымда кайнап жатат. Ал эми адамдык сапат өзүң менен чогуу сөөгүң менен сөпөт болоору анык.

- Мээнет-табылгыс дөөлөт экен…

– Мээнет деген Сизифтин жумушу болбосо керек. Адам аракеттенгенде кандайдыр бир натыйжага жеткиси келет. Тергөөчүлөрдүн иши өтө жоопкерчиликти талап кылат. Себеби кылмышка шектүү кабылган адамды аныктап чыгыш биздин иш. Бармактын тагы бир-бирине окшошпогон сыяктуу, ар бир адамдын тагдыры ар бишка. Жашоо өзү чааралекей, өйдө-ылдый нерселер ар пенденин башына келет. Жабырланчу тараптыкы туура болсо, кээде жабыр тартуучу тараптын кыймыл аракети туура чыгып калат. Кандай болгон учурда да, чыркыраган чындыкты далил кылуу менин мойнума жүктөлгөнү бир чындык. Бул аткарылып жаткан иштердин бир гана тамчысы, бир гана узуму. «Мол дарыя жай агат» дегендей, мындай иш чаранын дагы канчасы али алдыда.

Самара САЛАМАТОВА

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru