Айбат » Максатбек Тасмаев (“мык”), куудул: “Куудулдун да өзүнүн ырыскысы бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Максатбек Тасмаев (“мык”), куудул: “Куудулдун да өзүнүн ырыскысы бар”

Максатбек ТасмаевЭрте менен күн тоонун кучагынан чыккандан баштап кайра тоонун кучагына киргенге чейин жумушда иштеп шайы кетип чарчап турганда музыка угуп же куудулдардын тамашасын угуп бир эс алып алганга не жетсин. Бүгүнкү биздин коногубуз көптөгөн эски муундун жана жаңы муундун жүрөгүнөн орун алып өзүнүн куудулдук мүнөзү менен күйөрман топтой алган Максатбек Тасмаев байкебиз бизде конокто.

- Саламатсызбы Максат байке? 

– Саламатчылык

- Акыркы күндөрү көрүнбөй калдыңыз, эмне менен алектенип жүрөсүз?

– Мен эл арасында эле күнүмдүк жашоомду өткөрүп жүрөм. Мен элдерджей эле  эртең менен күндүн чыгышын менен кечинде күндүн батышын карап өз арабабды тартып  кыргыз элиме өз кызматымды кылып жүрөмүн.

- “5000 сом” киносуна кантип жана кандайча тартылып калдыңыз?

– Мен “5000 сом” кино тасмасына биздин эң мыкты кинорежиссерубуз  болгон Эрнис Абдыжапаровдун чакыруусу  менен баргамын. Эрнис Абдыжапоровдун  “Такси  жана Телефон” деген тасмасында эпизоддук роль ойногонмун. Ошол кинолордун артынан ушул “5000 сом” кино тасмасына тартылып калгам.

- Куудулдук өнөр менен үй бүлөөнү бакса болобу же болбосо өз алдынча да бизнес кыласызбы?

– Өз алдынча бизнесим жок. Ушул куудулдук  кесибимдин ырыскысы менен өзүмдүн кикчинекей мамлекетим болуп саналган үй-бүлөмдү багып жатам.  Куудулдун да өзүнүн ырыскысы бар. Ырыскыны кудай берет экен, баардык кесип ардактуу дегендей кудайга шугур бакса болот.

- Балдарыңызда куудулдук өнөргө ээ болгону барбы?

– Балдарым азырынча жаш, бирок өнөрлөрү чыгып келе жатат. Балдарым чоңойсо анан байкалат. Эми балдарымдан чыкса керек (Күлүп)

- Кийин балдарыңыз куудул болом десе  кандай көз карашта болосуз?

– Биздин үй-бүлө чыгармачыл адамдар кийин чоңойуп өз алдынча жолго түшүп, келечектерине кайсы кесип туура келсе ошол кесипти тандашат.  Менин балдарым өз келечектерин өздөрү чечет да.

- Азыркы кыргызстандагы куудулдардын орду кандай?

– Азыркы тапта куудулдардын орду жакшы жана бугу чейин да болуп келген, боло да берет деген ойдомун. Биздин күйөрмандарыбыз амандыкта турса эле жана көп болуп турса  биздин ордубуз өз ордунда эле боло берет.

- Тамашоунун балдары сиздерге атаандаш болушабы?

-Тамашоунун балдары жакшы чыгып келе жатышат. Бирок алар бизге атаандаш боло албайт, анткени алардын стили такыр бөлөк болуп саналат. А биздики алрдын стилине окшобойт.

- Сизди аткаруунуздагы номерлерди кыргыз эли сагынып да калса керек, качан жеке концерт бересиз?

– Жеке концертти бериш оңой эмес. Мен жеке концертимди бергим келет жана берем, бирок качан экени белгисиз. Кудайым буйуруп  аманчылыкта турсак жеке концерт берем.

- Келечекте сизден кандай жагымдуу жаңылыкты күтсөк болот?

– Мен бул сурооңузга кыскача жооп берейин. Сахнадан күлкү, кинодон жаңы образдарды күтө аласыздар.

- Сиз урматтап сыйлаган куудулдар?

– Мен урматтап сыйлаган куудулдар көп, баарын эле сыйлам. Алардын ичинен терең сезимим менен сыйлагандарым  Жаныбек  Алыкулов жана Күмөндөр Абылов байкелерибиз.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №121




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru