Айбат » Эски заманын сагынган Бегалы Наргозуев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эски заманын сагынган Бегалы Наргозуев

Бегалы НаргозуевИмиштин атасын тааныткан экс-депутат Бегалы Наргозуев деген эрен бар. Убагында раматылык Мелис Эшимканов менен үзөңгүлөш жүрүп, анын «школасынан» бир аз сабак алып калган. Бирок, кантсе дагы Эшимканов журналистика тармагына өзгөчө чыйыр салып кетти. Анан «казды туурайм деп карганын буту сыныптыр» болуп, Бегалы мырза канчалык Эшимкановдун стилине түшүп жазайын дегени менен окшошпой келет. Болгону элдин күлкүсүн гана келтире алат. Мына ушул экс-депутат эркин басылмалардын бирине жалаяктай узун маегин берип, Бакиевдердин заманын катыра мактап, учурдагы бийликти курулай сөздөрү менен колунан келишинче «поктоп» алган экен. Анын айтымында бүгүнкү күндө мамлекетибизде социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр аябай начарлап кетиптир. Албетте, экономикалык көрсөткүчтөр аябай көтөрүлүп кетти деп айтуудан алыспыз. Бирок, жөнү жок эле жалпы сөз менен ушинтип айта бергенге болобу? Тескерисинче бизде акыркы жылдарда экономикалык көрсөткүчтөр алдаканча жакшырып баратканы маалым эмеспи? Буга биздин ички эксперттер гана эмес, эл аралык деңгээлдеги эксперттер деле туура баасын берип келет. Эске сала кетсек, өткөн жылы Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык уюмдардын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен расмий түрдө жакын өлкөлөрдүн катарынан чыгып, өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарына кирди. Муну тана албайбыз. Демек Бегалы мырза мына ушунун өзү эң сонун жооп болуп берет. Экинчиден, ал Бакиевдердин заманын адатынча асманга көтөрүп мактап отурат. Кыязы ал «Ак жол» партиясынын катарында жүргөн кезегин катуу сагынып аткан сыяктуу. Эсибизден анын «Максим Бакиев келечектеги Кыргызстандын президенти» деп айтканы чыга элек. Аны айга-күнгө теңеп жүрүп, өзүнүн бизнесин укмуштуудай гүлдөткөнү бар. Ошондой деңгээлдеги колдоо бүгүнкү бийлик тарабынан ага жасалбай атканы Наргозуевди түмөн түйшүккө салып койгон сыңары. Андыктан бир кездеги «Максим келечектин президенти» деген балп этмесин турмуш жүзүндө жүзөгө ашыргысы келип турубу деген да суроо жаралбайт койбойт экен…

Айбат гезити №122



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru