Айбат » “Акактай таза” Р. Умбеталиевдин ишмердүүлүгүнүн күңгөй-тескейи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Акактай таза” Р. Умбеталиевдин ишмердүүлүгүнүн күңгөй-тескейи

Расул УмбеталиевКыргызда “атың чыкпаса, жер өрттө” деген учкул кеп бар. Мына ушул сөздүн каарманына бүгүнкү күндө өзүн энергетика жаатындагы дасыккан эксперт көрсөтүп келаткан Расул Умбеталиев айланып отурат. Бир кезекте өзү “Күчтүү Кыргызстан” аттуу партияны каттоодон өткөрө койгону менен анысы он чакты жылдан бери карай эч кандай “күчтүүлүгүн” көрсөтө албай эле келаткан. Анан эле капыл-тапылынан саясатта “чоң бурулуш” жасалып, коррупцияга каршы айыгышкан күрөш ачып келаткандай түр көрсөткөн мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсүнүн кыңыр иштери биринин артынан бири чубала баштаганда Умбеталиевдин амбициясы уйкусунан ойгонду.

Аида айымга боор ооругандай түр көрсөтүп, “бийлик сени баалабаса, мен баалайм” таризинде аны кыймылсыз жаткан партиясына лидер кылып алып келип, коомчулукка “Мен да акактай таза, Аида Салянова дагы акактай таза экен. Эми чогуу иштешебиз” дегендей жар салды. Албетте, анын жансыз жаткан партиясын “тирилтип”, шайлоонун камын көрүп атканына эч кимдин нааразычылыгы жок. Болгону кеп өзү толук түшүнө бербеген тармакка деле башын салып, коомчулуктун оюн тескери нукка буруу аракеттери, анан дагы өзүнүн артында каңгырап үн чыгарып келаткан калбырлары бар экендигин таптакыр унутуп калганында болууда. Кеп нугунан бузулбасы үчүн биз адегенде Расул мырзанын өмүр-таржымалынан кыскача үзүндү келтире кетели.

Расул Умбеталиев 1957-жылдын 23-сентябрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү. Политехникалык институттун тоо-геология факультетин 1980-жылы аяктаган. Энергетика жаатындагы көз карандысыз эксперт болуп жүрөт. Бишкек шаарында жашайт. үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Өтө этият, митаам, жашоодогу тажрыйбасы бай адамдардын катарына кирет. Кайсы жерде кыйкырышты, кайсыл жерде унчукпай отурушту абдан жакшы билет. Ой-чабыты кеңири деп айтууга болбойт, энергетикадагы квалификациялуу адис эмес.

Ошол эле учурда көмүр өндүрүшүн жетишээрлик жакшы билет. Андан кантип акча жасаса болорун да мыкты өздөштүргөн. Бул тууралуу алдыда сөз болот. Жашаган жери жана жумушунан берилген мүнөздөмөлөргө ылайык ал амбициялуу, митаам жана эгоист адам. Бардык жерден материалдык кызыкчылыкты издеп турат. Батыштын идеологиясын колдоп, финансылык жана материалдык сыйлыктар үчүн алардын кандай гана тапшырмасы болбосун аткарганга даяр. Ошол эле убакта социалдык-экономикалык жана саясый маселелердин тегерегинде заказ менен энергетика жаатындагы эксперт катары пикирин билдирип келет. Ишмердүүлүгү негизинен жалаң көмүр казуу багытында болгон. 1980-жылы “Таш-Көмүр” шахтасында тоо мастери болуп иштеп баштаган. Акырындык менен тепкичтерди басып отуруп, “Кыргызкөмүр” ишканасынын башкы директорлугуна чейин жеткен. Ушундан улам дагы аны көмүр өндүрүшүн жакшы билет деп айтып жатабыз.

Кызмат абалы көтөрүлгөн сайын кылмыштуу иштерге барган жол

Азыркы тапта эч тартынбастан эле “акактай тазамын” деп аткан Расул Умбеталиевге тээ 1995-жылы эле Жалал-Абад облусу боюнча УКМК кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда ал “Таш-Көмүр” шахта башкармалыгынын директорунун орун басары болуп туруп, өзүнүн жумушуна кайдыгер мамилесинен улам 4527 сомдук мамлекетке зыян алып келген (ал учурда бул сумма жетишээрлик эле чоң акча болчу). Анан анын изин жашыруу үчүн жалган акт түзө салган. Анан алапайын таппай калган Умбеталиев бардык чыгымды кайрадан мамлекетке кайрып бергени үчүн жана анын ага чейинки ишмердүүлүгүндө кылмыш иштери жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Ошентип кылмыш ишин жаап алгандан кийин Расул мырза ошол учурдагы Жалал-Абад облусунун губернатору Б. Талгарбековдун жардамы менен “Көк-Жаңгак” шахта башкармалыгына башкы директор болуп дайындалат. Бараары менен эле, тактап айтканда 1996-1998-жылдары ал “Көк-Жаңгактын” башкы директору болуп туруп “Тегене” аттуу ишкананын директоруА. Султанов менен биргеликте 7 миллион сом өлчөмүндө мамлекеттен кредит алышат.

Мына ушул сумманын 37 миң сому кайда кеткени белгисиз болуп калган. Муну Умбеталиев төгүнгө чыгаргысы келсе, тиешелүү документтерди алдына коюп беребиз. Мындан тышкары 2000-жылы ал “Кыргыз көмүрдүн” башкы директору болуп иштеп турганда жасалма кат жана жалган келишимдердин негизинде “Аспект” аттуу ишкананын аты-жыты таанымал эмес Э. Турусбеков аттуу кызматкерине мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн 1 700 000 сомдук товардык-материалдык баалуулуктарды берип койгон. Бул баалуулуктар Э.Турусбеков менен өз ара келишип алуунун арты менен Р. Умбеталиевдин менчигине басылып калган. Бул боюнча да кылмыш иши козголгон. 2001-жылы УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголгон. Расул Умбеталиев “Кыргызкөмүрдө” жетекчилик кылып турган жылдарда ишкана банкроттук абалга кептелип, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шаарларында көмүр өндүрүшү талкаланган. Мамлекет тарабынан көмүр өндүрүшүн колдоого алуу багытында берилген мамлекеттик кредиттер өз багыты боюнча пайдаланылбай, таланып-тонолуп кеткен. Материалдык-техникалык база, автотранспорттор, негизги жабдуулар текейден арзан баада пулданып кеткен.

2001-жылдын 11-июнунда УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан “Кыргызкөмүр корпорациясы” тарабынан Өкмөттүн токтому менен 1999-жылы бөлүнгөн 1 530 800 сомдук кредиттин максатсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш иши иликтөөгө алынган. Мында бир катар аткаминерлер менен бирге Расул Умбеталиевге да кылмыш иши ачылган. Умбеталиев “Кыргызкөмүрдүн” башкы директору болуп туруп, өкмөттүн токтому жана “Разрез “ Ак-Улак” компаниясы менен түзүлгөн келишимди аткарууда “Тург Юг” ЖЧКсынан 410 000 сом акча каражатын алып, анын 169 115 сомун максатсыз пайдаланган. Мына ушундай калбырлары бар Умбеталиев кантип өзүн “акактай тазамын” деп айтып атканына таң калууга гана болот.

Умбеталиевди жакындан билгендер республикалык гезиттерге атайын кайрылуу жасай башташты

Салянованын отставкасынын арты менен чоң саясатка баш баккысы келген Умбеталиевдин аракети анын эски былыктарынын баарын чукуп чыга турган болду. Себеби, анын сырын жакындан билгендер, мурда анын кол алдында иштегендер Умбеталиевдин ким экендигин ашкерелеген кайрылууларды республикалык гезиттерге жөнөтө башташты. Алардын бирөөсүнөн гана кыскача мисал келтирели. Маселен, “Майдан.kg” гезитине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак айылынын жашоочусу Киезбаев Кубанычбек аттуу жарандан кайрылуу келген. Ал кайрылууда Расул мырзанын “Көк-Жаңгак” шахтасын жетектеп турганда эмгек жамаатын экиге бөлүп, мурда иштеп келгендерди кетирип, анын ордуна өзүнө жакын адамдарды алып келгени атылат.

Андан тышкары 1997-жылы анын кол алдында иштегендер айлык акыларынын берилбей атканына байланыштуу иш таштоого чыккандарын айтат. Шахтерлор дээрлик 12 күн бою жер алдында иш таштап отургандарына карабай, Умбеталиев бир да жолу аларга басып барып, үнүн угуп койгон эмес экен. Баарынан кызыгы бул иш таштоо – анын жердешчиликке өзгөчө басым жасаганынан улам келип чыгыптыр. Ал өзү атайын Таш-Көмүрдөн алдырып келген жакын адамдарынын айлык акыларын берип, ал эми ал жерде мурдатан иштеп келген, эмгеги сиңген адамдардын айлык акысын бербей койгон. Иш таштоонун негизги себеби ушул болгон. Мындан сырткары ага убагында 7 даана “Камаз” үлгүсүндөгү автомашинелерди сатып алууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бирок суудан кургак чыгып кеткени айтылат. Айтор, азыркы тапта Көк-Жаңгак айылынын тургундары президент тарабынан демилгеленип жүргүзүлүп жаткан коррупцияга крашы күрөштү колдоого алышаарын, анан дагы Расул Умбеталиевге окшогон арты таза эмес мурдагы атка минерлерге тиешелүү чара көрүлүшүн өтүнөт..

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №122




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru