Айбат » Сарпашевдин өлүмүнө ким күнөөлүү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сарпашевдин өлүмүнө ким күнөөлүү?

Алтынбек ЖумаевБуга чейин айрым маалымат каражаттары Жалал-Абаддагы 7-каналдын башчысы Алтынбек Жумаевдин адам өлтүргөнү боюнча жазып чыккан. Бул боюнча жол кырсыгынан каза болгон Жылдызбек Сарпашевдин жубайы Насиба Хожибекова өлкө жетекчилерине да кайрылган. Анда Жылдызбек Сарпашевди Алтынбек Жумаев өзү башкарып бараткан  Lexus GX 470 унаасы менен коюп кеткени баяндалат. Маалымат каражаттарынын жазышынча, Алтынбек Жумаев ушул жылдын 18-январында Бишкек-Ош унаа жолунун 464-чакырымында аварияга учураган экен. Ал өзүнө катталган Lexus GX 470 B5665Al машинеси менен бул окуяга туш болгон. Алтынбек мырзанын дал ошол күнү Бишкектен Жалал-Абадга жол тартканын тастыктаган материалдар да бар. Ал эми машиненин рулунда Жумаев өзү болгону жалганбы? Бирок Кубанычбек Шарапов аттуу жаран рулда деген маалымат айтылган. Кубанычбек Шарапов ким экенин изилдегенибизде ал 7-каналды “айланчыктап” жүргөн 19 жаштагы жаш бала экен. Ал жалгыз Бишкектен Жалал-Абадды көздөй сапар тартарына ишенбей турабыз. Эгер тиешелүү органдар чындап бул ишке киришсе окуянын күнөөкөрлөрү тез эле аныкталат. Тилекке каршы алар да акчанын күчү менен бул ишти жаап салыптыр. Бирок, биз Жылдызбек Сарпашевдин жубайы Насиба Хожибекованын кейиштүү абалына көз жумуп тура албайбыз. Адам эмес малды коюп кетсең да ээсинен кечирим сурап, төлөп бересиң. Бул жерде кырчындай жаш жигиттин өмүрү жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Адам өлтүргөн адам түрмөдө отурушу керек. Бул боюнча президент, парламент төрагасы, өкмөт башчысына жана Ички иштер министрлиги өз позициясын билдирет деп үмүт артабыз. Анан дагы акыркы маалыматтарга караганда бул ишти жым-жыл кылууга Ташкөмүр шаарынын прокурорунун орун басары түздөн-түз кийлигишкен дешет. Муну да иликтеп чыгабыз. Эгер анын тиешеси бар болсо Башкы прокурор Индира Жолдубаева аркылуу өз жазасын алышы керек го?

 

Кубанычбек АБДЫКЕРИМОВ, адвокат:

“Сарпашевдин өлүмүнө Жумаевдин аралашканы түшүнүк катта бар” 

- Кубаныч мырза, сиз жактап жаткан Жылдызбек Сарпашевдин өлүмү боюнча иш кандай жүрүп жатат?

– Алгач бул окуя тууралуу айтып берейин. 18-январда Бишкек-Ош жолунун 464-чакырымында катуу ылдамдыкта келе жаткан Lexus GX 470 Жылдызбек Сарпашевди коюп кеткен. Сарпашев өлүп калгандан кийин ал жерден документтерди туура эмес жазышып ишти жаап салышкан.

- Бул ишке Жалал-Абаддагы 7-каналдын башчысы Алтынбек Жумаевдин тишеси бар экени айтылууда. Ал кантип аралашып калган?

– Алтынбек Жумаев ошол сүзүп кеткен баланын аяш атасы болуп жатат. Бирок, окуяга ким күнөөлүү экени такталбай жатат. Ал эми биздеги маалыматтар боюнча Алтынбек Жумаев окуяга аралашып ишти жаап салууга катышкан. Бул боюнча айыпталып жаткан баланын түшүнүк катында да жазылган. Демек, Жумаевдин бул жерде катыштыгы бар. Негизи кылмыш иши боюнча 19 жаштагы бала килейген чоң Лексус менен баратканы айтылат. Анын ата-энеси деле Бишкектен эл ташы деп жалгыз Лексуска салып жибербесе керек. Жок дегенде бир адам алмак. Бул окуяда кандай унаа катышканын да МАИ кызматкерлери тактаган эмес. Ошондуктан техникалык экспертизаларды чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Аны аныкташыбыз керек.

- Эмне үчүн адам өлүмү менен коштолгон бул окуя көз жаздымда калып жатат?

– Сотко документти тапшырып жаткан күнү каза болгон баланын туугандары тосмо арыз бериптир. Тергөөчүлөр болсо өлгөн баланын аялы каршы болгонуна карабастан ушундай ишке барган. Прокуратура милиция туура эмес кылып жатат. Күйөөсү өлүп жатса аялы кантип тосмо арыз жазып берсин. Ошондуктан ишти сотко жеткирбей тергөөдө жаап салган. Күнөөлөнүп жаткан баланын түшүнүк катында “Жумаевге телефон чалып ал “ сен кетпей тур мен барып калам” деген материалдар бар. Азыр бул иш облустук сотто каралууда.

 Редакциядан: Эгер кайчы пикирин билдирем десе, редация Алтынбек Жумаевдин да пикирин угууга даяр.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №122




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru