Айбат » Бир шахтаны иштете албаган Садыр Жапаров мамлекет башчысы болгусу келеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бир шахтаны иштете албаган Садыр Жапаров мамлекет башчысы болгусу келеби?

Садыр ЖапаровЭгерде адам баласынын амбициясы анын дарамети менен бирдей болуп турса жараша берет. Бирок, тилекке каршы биздин саясатчылардын деңгээли ээрден жапыс болгону менен амбициясы аттын үстүндө. Ушундайлардын катарына эсил кайран «Ата-Журт» партиясынын мурдагы лидерлеринин бири Садыр Жапаров да бар. Ал азыр чет мамлекеттердин биринде качып жүргөнү баарыбызга маалым. Ал жактан уктап жаткан «чымындары» ойгонуп, фантастикалык чыгармаларды жазып атканын көрүп атабыз. Мына ушул эренибиз эркин басылмалардын бирине курган маегинде “эгер мен президент болуп калсам кыйратмакмын, жыргализм жашоо орнотмокмун” дегендей кыялдануусун билдириптир. Атаганат, кыял болбосоң кое кал аа? Бир шахтаны жөндөп иштете албай, банкрот кылып, андагы жумушчуларды жумушсуз калтырган адамдын сүйлөп отурганын карасаң? Эми биз анын кыялданганына көрө албастык кылып жаткан жокпуз. Болгону ал кыялын адегенде өзүнүн ичинде бышырып алса жакшы болмок экен дегибиз келет. Мамлекет башчысы болуш үчүн адегенде “Жыргалаңдай” шахтаны чындап эле жыргата иштеткенди билиш керек го? Болбосо бир ишкананы жөндөй албаган адамдын колуна мамлекеттин тагдырын берип койсоң не болот? Амбиция болбосоң кое кал…

Айбат гезити №122




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru