Айбат » Пара талап кылган адам кутулуп, буйрук аткарган тутулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Пара талап кылган адам кутулуп, буйрук аткарган тутулду

Бабырбек ЖээнбековЭске сала кетсек, өткөн жылы «Кудайберген» базарынын директору Эльвира Суравалдиевадан ири суммада, тактап айтканда 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жатып Антимонополдук агенттиктин кызматкери Нургали Кудаяров кармалган болчу. Бул кылмыш ишин тастыктаган аудио жазууда Кудаяров ал акчаны өзүнүн ошол кездеги шефи Бабырбек Жээнбековго алып барып берээрин бир эмес, бир нече жолу кайталап айткан. «Шефтин аппетити аябай ачылып атат» деп айтканы дагы даана жана так жазылып алынган. Мына ушул кылмыш иши боюнча адегенде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кудаяровго карата жөн гана айып пул салуу менен чектелген. Андан кийин Бишкек шаардык соту кара паны 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Бирок буга макул болбогон адвокаттар Жогорку Сотко кайрылышкан. Акыры Жогорку Соттун чечими чыгып, Кудаяров 5 жылга эркинен ажыратылып отурат. Ушул жерден суроо жаралат. Эмне үчүн аудио жазууда жазылып алынган Кудаяровдун сөздөрүнө эч бир сот көңүл бурган жок. Ал акчаны Кудаяров Бабырбек Жээнбековго алып бармакчы болгонун айтып атпады беле? Же кол алдындагы кызматкерин пайдаланып, ири суммада пара талап кылып аткан адам кутулуп, орто жолдо буйрукту аткарып аткан катардагы кызматкер тутулуп калабы? Сот акыйкаттыгы деген кайда?..

Айбат гезити №122



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru