Айбат » “Бригаданын” балдары алды-алдынан тал кармашты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Бригаданын” балдары алды-алдынан тал кармашты

Ташиев Жапаров КелдибековОхо-оо кезинде “Бригада”каймана атка конуп, үйлөгөн илебине шишкебек бышкан үч азаматтын даңкы таш жарган. Күлүк жол тандабастарды көйнөктөй алмаштырып,шаардын бийик жерлеринде шампан аттырып, сонундукка бөтөлкө атып, “бархатный” тостторду сүйлөп өздөрүн кол жеткис кылып шөкөттөшкөн. Бизден калганын жесе,алса деле жетишет деген ойдогу эрлер эсепсиз байлык чогултууга, коктуга толо мал бактырууга, чексиз сайрандоого кам көрүштү. Өкчөгөн сакасы айкүр туруп, майда-чүйдө чүкөлөрдү тебелеп кетип жатышты. Жаш “кунаажындардын” сүтүнө магдырашып,алар кудум жомок кинодогудай жашоону баштарынан өткөрүштү.Бийликтин үлкөн тепкичтерине буттарын коюшуп, биз каалагандай тайраңдайбыз, шапар тебебиз дешкен.

Булар Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаровдор эле. Ушул үчөө көкөлөп бийик канат күүлөшкөн. Кыймылсыз да, кыймылдуу да мүлктөрдү тоодон ашыра басышкан. Булар деле көп балалуу үй-бүлөөдө чоңойуп кийин байлыкка маарышкан. Бирок байлык, бийлик илгеркини унуттуруп койду. Себеби алтынды мурда кармалап көрбөгөндөрдүн колуна тийсе тез эле баштагы турмушун унутуп калаарын далай  байкадык. Мындай жашоо болгон эмес деп айтууга каармандардын абийири жол бербесе керек деген ойдобуз? Укмуш окуяларын айтып берчүлөр толтура. Бекер жерден Ошто бири-биринин мурдун талкалабаса керек? Ошонун баары эби жок көпкөндүктөн экенин акыры моюндашаар?                                                           Тилекке каршы өзгөчө тайраңдап кеткендердин мурунуна чүлүк салынды. Үчөө тең темир тордун боткосун жеп чыгышты. Кийинчерээк запкы көргөн Келдибековго мурда чогуу шапар тепкен достору деле күйгөн жок. Анткени тигилер түрмөдө отурганда ал көп кабар алган эмес. Эр жигит ушинтип турмуштун кууралын да көрүшү шарт. Чогулткан “сөлкөбайлары” көп экен аларды ошонун касиети тоюндуруп турду. Ошентсе да  тыйындын экинчи тарабын көрүүгө мажбур болушту. Кыскартып айтканда аларды бир көгөнгө байлап турган жип үзүлдү. Албетте абдан катаал соккуга кабылышты. Көрсө бийликтин укуругу узун болот экен. Адыраңдай берсе акырын колун артына кайрып койот тура. Чет өлкөгө жылт койгон Садыр Жапаров бир китеп чыгарып алып өзүн эр сезип жүргөн кези. Анысын колдон келишинче акча берип реклама кылды. Бирок өзөктүү ролду ойной албаганын айта кетели. Эми бир болсо шайлоону тескери үгүттөп максатына жетүүнү көздөйт. Ал жалгыз эмес. Бакиевчилер турат артында калдайып. Анткени менен аларды кууган эл эч колдобойт. Ага карабастан үмүт эткени ошолор. Чабалактай берип жыйган-тергенин жок кылды. Ал азыр финансылык жардамга муктаж.

Акматбек мырзанын башкы максаты мойнундагы кылмыштан кутулуу болгону ырас. Эгер мындан аман кутулса бейчеки дардаңдабай калат. Себеби көпкөндүктүн чеги болуш керектигин жаттап бүттү. Байлыгынын болсо чети оюла элек. Ошол үчүн кыл чайнап аны коргоого жутунгандар болуп жатат. Тимеле чырылдап ал үчүн тирүүлөй жанын берүүгө макулдар бар. Акчанын жытына  мас болгондорго бул шылтоо күндө эле табыла бербестир? Камчыбек Ташиевдин деле бүгүнкү абалы мактанаарлык эместигин коомчулук көрүп турат. Бабановго маашырланып киргизген “Ата-Журт” партиясынын былыктары четинен чыгып жатат. Накта партиянын ээси этектей макалалары менен алардын шайын оодарып жаткан кербези. Канчалык танганы менен мыйзам өз ролун ойноп койот. Кара күчү деле анын калбады. Ким билет балким чуулгандын  артында эски досу тургандыр? Андай болмуштар кайталанып эле жүрбөдү беле, же калппы? Керек болсо ал кишинин сазайын Жылдыз айым эле берип, эсин эки кылат. Эмнеси болсо да эски “Бригаданын” даңазалуу доору бүткөндөй. Алардын бири качып жүрсө, экинчисин сот эрмектеп, үчүнчүсү эми кайсыл кашаадан секирсем аман калам деп көзүн тостойтуп жүрөт. Айтор алардын келечеги күңүрт десек аша чаппайбыз.  Элдин ырыскысына кол салып, тоюнам дегендин өзү туура эмес экенин турмуш тастыктап жатат. Көзүн май басса акыры бутунан чалынаарын көпөстөр сезип калышты. Бул адилеттүүлүктүн шамалы болуп жүрбөсүн? Ушул мезгилге чейин мындай бороондуу күндөргө байлар туш келди беле? Акыл калчап жыйынтык чыгарып көрөлүчү? Буга кыйкырып жүргөндөр деле макул. Болгону алар курсагы үчүн көшөкөрлөнүп жатпайбы. Кепти чынынан бузууга таптакыр мүмкүн эмес. Калыстыкты баалаган эл абийирин пулга сатпайт.

Айбат гезити №122



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru