Айбат » ӨКМ министри болуп туруп, мамлекетти 12 миллион сомго сызга отургузгандыгы унутта калабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » ӨКМ министри болуп туруп, мамлекетти 12 миллион сомго сызга отургузгандыгы унутта калабы?

МЧС КРКамчыбек Кыдыршаевич Бакиевдин убагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келген. Бирок, өзүм билемдиги башынан ашып кетип, ага ошол жылдары эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-306-беренелери боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголгон. Бирок, ал иш аягына чыкпай калды. Дагы тактап айта турган болсок 2010-жылдагы апрель революциясы Ташиевди бул кылмыш ишинен куткарып кеткендей болду. Биз Ташиевдин ӨКМ министри болуп туруп мамбюджетке келтирген зыяндарын кыскача тизмектей кетели. Ырасын айтканда мунун баары эбак эле белгилүү болгон. Бирок эстен чыгып бараткансыйт. Эсептөө палатасы бул министрликте  2007-жылдын 1-июлунан 2008-жылдын 31-декабрына чейинки ишмердүүлүгү боюнча аудиттик текшерүү жүргүзүп, 11 833 300 сом өлчөмүндө мыйзам бузуу фактысы катталганын тастыктаган. Мисалга ӨКМнын авиация департаментин текшере келгенде 1 816 000 сомдун орду жок болгон. Ошондой эле атайын жабдууларды сатып алууда 1 145 600 сомдун кайда жумшалганын эч ким айтып бере алган эмес. Анан дагы Камчыбек мырза башында туруп курдурган 60 бөлмөлүү квартира (ӨКМ кызматкерлерине салынган үй) маселесинде да 227 900 сомду жер “жутуп” кеткен. Мындай мисалдар өтө көп. Мына ушундайча мамбюджеттин акчасынын орду табылбай калганча «иштеген» Ташиев ошол эле убакта өз бизнесин укмуштуудай гүлдөткөнүн эске салып коелу. Бул туурасында кеп кийинки макалабызда болсун…

Айбат гезити №122




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru