Айбат » Бозо – кыргыздардын кышкы суусундугу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Бозо – кыргыздардын кышкы суусундугу

БозоБозо байыртан келе жаткан кыргыздардын кышкы суусундугу. Бабаларыбыз жазда шерине уюштургандай эле, кышта жоро бозо майрамдарын жасай коюп келишкени белгилүү. Бозо да кымыз сыяктуу кыргыз элинин улуттук суусундугу болуп эсептелинет. Жана  ден-соолукка да пайдасы бар. Бүгүн биз сиздерге бозону кантип жасаш керек экендигин жана пайдалуулугу жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

Бозону жасоо ыкмасы

Бозо салуу үчүн 1 килограмм шак, 2-3 килограмм таруу, 200 грамм ун, 2-3 аш кашык тоң май, 200 грамм угут, ачыткы бозо жана суу керектелет. Ар башка аймактарда таруу, жүгөрү, буудай, арпанын шактарын колдонушат.

Бозо – ачкыл тамак, ичимдик. Бозону Кыргызстандын бардык аймактарында жасашат. Бул суусундукту биздин элибиздин эң сүйүктүү ичимдиги. Эң сонун, даамдуу жана ден соолукка пайдалуу бозону жасоо көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Бозону мыкты сүзгөн келиндердин атагы алыска кетип, айыл тургундарынын алкышына арзыган.

Угутту даярдап алыш үчүн алгач данды баштыкка салып, жылуу суудан куюп, жылуу, караңгы жерге бир күнгө коюп коет. Дан өнө баштагандан кийин айыл жергесинде азыркы күнгө чейин жаргылчакка тартышат. Ал эми шаар тургундарынын шартында кадимки эт туурагычтан (же кофемолка) деле өткөрө берсе болот. Андан соң тегиз жерге жайып, кургатып алуу зарыл.

Тарууну таза жууп, сууга шак кошуп, 10-12 саатка чыланат. Унду койдун майына кууруп андан кийин суу куюп, ага чыланган шак кошулат. Мыкты бозосу менен айырмаланган Ак-Талаа жергесинде бышыраардан мурун дагы бир күн ачытышат. Ал эми башка жерлерде дароо эле казандагы сууга шак салынып, бир калыпта жагылган отко бир сааттан ашык убакыт кайнатылат. Аябай коюу болуп бышкандан кийин оттон түшүрүп, капкагын ачпай туруп муздатуу зарыл. Себеби, капкагы ачык калса бозонун үстүңкү катмары катып кетет. Жылуу кезинде бир чыны кургак угутка жарым литр ачыткы бозо кошуп, бышкан таруу менен шак угут үчөөнү аралаштырып жууруш керек. Жууругандан кийин ал суюлуп, чечиле баштайт. Капкагын жаап жылуу жерге 6-8 саатка калтырылат. Аны улам аралаштырып туруу зарыл. Ачып чыккандан кийин капрон баштыкка (жоолукка) сүзүлөт. Баштыкта калган таруу бозого түшпөшү керек. Бул сүзүп жаткан келин үчүн өтө уят болот. Таруу кийинки бозо салганга угут менен ачыткы катары колдонула берет.

Бозо күчтүү болушу үчүн буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн, сулунун унун кошуп жасоо керек.

Шак түбүнө тартып, күйүп кетпеши үчүн үзбөй аралаштырып туруу керек. Мүмкүн болсо бозо бышырылган казанды өсүмдүк майы менен майлабоо керек, анткени, сүзүлгөн бозо көпкө сакталбай кычкылданып баш ооруну жаратышы ыктымал.

Бозону сүзө турган кездеме бышык жана жука болушу керек.Казанды отко аскан соң ичин тоң май менен тегиз майлап койсоңуз, бозо көбүрө ачыйт.Бозону даамына чыгышы үчүн айрым кожойкелер өнгөн дандын куйруктарын өзүнчө чогултуп алып, ачытып жаткан маалда бир кашык кошуп жиберишет экен. Бозо сакталышына жана салынышына жараша жаш жана кордолгон бозого айырмаланат. Жаш бозонун угут кошулбай жасалган түрү “сүзмө максым” деп аталат.

 

Бозонун пайдалуугу

КАНДЫ КӨБӨЙТӨТ

Кыргыз улуттук гематология илим изилдөө институтунда бозонун пайдалуу сапаттары изилденген. Анда бозонун курамында белок, май, көмүртек, микроэлементтер, витаминдер бар экендиги аныкталган. Бозо ичтейди ачып, тамакты жакшы сиңирип, кандагы гемоглобинди көбөйтөт. Андыктан аз кандуулукту дарылоодо бозо мыкты суусундук. Ашказан менен ичегини жакшы иштетип, чарчоону жазып, адамдын жалпы абалын жакшыртат.

 

Кубанычбек Эсенбаев тележурналист, алып баруучу

– Мен туулган Тогуз-Торонун бозосу өзгөчө деп билем. Бизде бозону көбүнчө таруудан жана жүгөрүдөн даярдайт. Таруулары, жүгөрүлөрүнүн сарысынан, кызылы көп. Мен байкаганымды айтсам. Биздин райондо күнгөй беттеги айылдагы жүгөрүлөрүнүн жалбырактары дагы тескей беттегиден кочкул жашыл болуп турат. Менин жеке пикиримде, дандын канттуулугу дагы ошондуктан көп болот окшойт. Кант молдугу бозонун спиртин арттырат, ошондуктан Тогуз-Торонун бозосун ичкендер анын күчтүүлүгун айтышат. Андан сырткары тез даяр боло турган бозого угутун көбүрөөк кошуп тамашалап “скорый” деп коюшат. Ал эми угутун өз өлчөмү менен кошуп даярдагандары абдан даамдуу келет. Бозо көп турган сайын күчүнө кире бере эмеспи, анын курамындагы фруктоза, сахароза толугу менен спирттке айлана электе татуу-ширин болуп абдан жагымдуу болот. Мына ушул учурдагы бозо каны аз делген кыз келиндерге өзгөчө пайдалуу, аминокислоталарга бай болуп улуу-кичүү дебей баарына пайдалуу, жагымдуу. Накта бозо деп ушуну айтат элем. Ал эми күчүнө кирген бозону ичкенден кийин ырдап-бийлеп бугуң чыгарып бийлебесең, анда жакшылап алтын шилекейиңди чачыратып ички сырыңды төгөсүң, буркурап ыйлап аласың, (такыр эле болбосо, мушташып муш жейсиң)

 

Табылды Акеров, саясат таануучу:

– СССР учурунда турмуш жакшы болуп, эл бозо салбай калган да. Ошого, коп нерсе унутта калган. Эми Шоро компаниясы чыгып, максым-бозо деп чыгарып жатат. Бозонун башка турун деле билбейт экем. Бирок, көңүлүм тартканда бозо ичем. Таза, үйдө жасалган бозону ичкенди жакшы көрөм.

 

Канат Кадыржан журналист, шоу бизнесте жеке продюссер

– Бозо  дан азыктарын жасалат эмеспи. Мага  бозонун ачуусу эмес. таттуусу жагат. Суусундугуңду кандырып топук жүрөт эмессиңби. Ошон үчүн бозо өтө жагат. Негизи эле кыргыздын колунан жасалган ар бир нерсе бул өзгөчө фабрикант болуп саналат. Анан Нарын жактан болгондуктан Ак- Талаанын бозосу деп аябай суктанып ичип калган учурларым болот.

 

Улан Эгизбаев “Азаттыктын” журналисти:

– Мен бозо сүйүүчүлөрдүн катарына кирем десем болот. Анткени, бозону көп ичем. Апам маал-маалы менен бозо салып турат.  Бозону апам жүгөрүдөн салат  жакшы  жумшак кылып салат. Мен билгенден бозо канды көбөйтөт. Кышкысын адамды ток алып жүрөт. Азыр шаарда жүргөндүгүмө байланыштуу “Шоронун” чычырканактын ашы, бал кошулган бозолорун сатып ичем. Абдан жагат, бирок апамдын жумшак бозосуна жетпейт. Башка өлкөнүн өндүрүшүнөн чыккан фанта,  коланы ичкиче улуттук өндүрүштөн чыккан суусундуктарды ичишибиз керек. Бул улуттук экономикага салым болот. Бозо – бул нукура азыктардан жасалган улуттук суусундук болуп саналат.

 

Шайырбек Абдырахман коомдук ишмер:

– Илгери тайене, чоң энелерибиз бозо салып калчу  “көрүп тур” дешип. Чоң чарага сүзүп алышып, айылдын баарын чакырып бака -шака түшүшүп бозо ичишкен учурларын да көрүп калдым. Бирок, анда мас болгон деле кишини көрчү эмесмин… А жеке өзүм  кымыз менен жарманы гана ичпесем, калганына жокмун.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №122



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru