Айбат » Кочкор районунун администрация башчысы-аким Жусупбеков Нурбек: “Улуу Ата-мекендик согушка катышкан 10 ардагерибиз бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кочкор районунун администрация башчысы-аким Жусупбеков Нурбек: “Улуу Ата-мекендик согушка катышкан 10 ардагерибиз бар”

Бир күнкү акимдин иш пландары менен райондо болуп жаткан иш-чараларына күбө болдук. Райондун борборунда орун алган сейил бакчасына  жазгы көчөттөрдүн тигилиши, мекеме жетекчилер менен болгон жыйынына, аймактагы  карылар үйүнүн ачылышына катышып келдик. Бүгүн биз Кочкор районунун администрация башчысы-аким Жусупбеков Нурбек менен болгон маегибиз

Нурбек Жусупбеков

- Кочкор районунда жазга даярдык кандай?

– Бизде, Кочкор районунда жалпысынан 32600 гектар  айдоо аянты бар. Анын ичинен 14 миң гектар айдоо болот. 10 200 гектары арпа, буудай, 2 600 гектарына 1 жылдык чөп, 3000 гектар жерине картошка, калгандары көп жылдык чөптөр айдалат.

Облустагы бардык айдоо аянтынын 37 пайызы Кочкор районунда.  Райондун айдоо  жерлери  географиялык  жана климаттык жактан  жакшы орун алып, дыйканчылыкка ылайыкталган.  Малдын санын эсептеп көрсөк, биздин райондо 230 миң кой, 32 миңдин тегерегинде жылкы, 21 миңдин тегерегинде уй бар. Малдын баарын кошуп эсептегенде 1 гектар жерге 4 кой туура келет экен.  Ал эми алыскы жалпы жайытты кошуп эсептегенде 1 гектар жерге 1 кой туура келет. Азыркы биздин көйгөйдүн бири ушул жайыт маселеси болуп саналат. Мурун совет учурунда  Кочкор районуна тийешелүү 90 миң гектар жер узак мөөнөткө пайдаланууга башка райондорго берилген.. Ал эми Кочкор районуна бөлөк райондордон 30 миң гектар жер берилген. Ортосунда 60 миң гектар жер  бизге жетпей жатат. Ошол бизге берилген 30 миң гектардын 12 миң гектарын гана колдонуп жатабыз, калган 18 миң гектарын башка райондогулар бизге ээ кылбай, иштеткенге мүмкүнчүлүк бербей жатат.  Азыркы учурда  малдын саны өскөн сайын жер маселеси да көйгөйгө айланып жатат.

- Кочкор районунда канча үрөн чарба , канча асыл тукум бар. Чарбалар жөнүндө айта кетесизби?

– Кочкор району боюнча алты үрөн чарба бар, алар Тендик үрөн чарбасы, Көк-Жарда, Чолпондо, Коммунизмде, Кум-Дөбө, Семиз-Бел айылдарында бар. Ал өздөрүнүн үрөн чарбасында 45 тонна буудай, 25 тонна арпасы сакталып турат. Алар келишимдик негизде элдерге, дыйкандарга берип жатат.

- 7-апрель жана 9-май алдыда келе жатат. Мына ошол күндөргө  кандай даярдыктарды көрүп жатасыздар?

– 7-апрель элдик революция күнү болуп белгиленет, бул боюнча бардык айыл өкмөттөрдө маани берип өткөрүү боюнча атайын райондук, мамлекеттик администрациянын буйругу чыгарылган. Биздин райондон апрель  революциясынан курман болгон 6 бала бар, булардын үй-бүлөсүнө администрация жана айыл өкмөт тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары 26 жаракат алган балдарыбыз бар, бул балдарыбызга да материалдык жардам берилет.  өзүбүздүн акча каражатыбызды жана материалдык жардамдарыбызды даярдап койгонбуз. Биздин Кочкор району боюнча Улуу Ата-мекендик согушка катышкан 10 ардагерибиз бар.  Кочкор райондук аскер комиссириаттында 8 ардагер каттоодо  турушат, ал эми 2 ардагерибиз бөлөк райондо каттоодо  турганы менен кочкор районунда туруктуу жашайт.  Согушка катышкан 10 адамга  акчалай жардам берүүгө  бардык мекемелерди милдеттендиргенбиз. Азыркы учурда мекемелер 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин  бөлүп беришти. Мындан тышкары Кочкор районунун администрациясына жана айыл  өкмөттөргө  жакындан көңүл буруу сунушталган жана жазап жаткан иштери  тууралуу ай сайын кагаз жүзүндө маалымат берип жатышат.

- Дыйкандарга кредиттер кандай максатта берилип жатат?

– Азыркы мезгилде айыл чарба кридиттерин билесиздер, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөгө 9 пайыз менен,  ал эми мал чарбачылыгын жана товарчылыкты өнүктүрөм деген дыйкандарга 10 пайыз менен берилип жатат. Мунун ресурсу Кочкор районун “Айыл банк” “Сөң-Көл банк” жана “РСК банк” банктарында   бар. Талаптары банк тарабынан коюлат.

- Биометрикалык паспорт боюнча, азыркы тапта канча жаран өзүнүн биометрикалык маалыматын  тапшырышты?

– Биометрикалык каттоо боюнча биздин райондо  16 жаштан өйдө санаганда 44 532 жаран тапшырышы керек. Азыркы учурда 26 286 адам өздөрүнүн биометрикалык маалыматын  тапшырып бүттү. Эсептегенде  59,4 болуп саналат. Биздин райондо жалпысынан 14 аппарат иштеп жатат.

- Кайсы айылдар биометрикалык маалыматты тапшыруу боюнча активтүүлүгүн көрсөтүп жатышат?

– Кочкор району боюнча активтүүлүктү көрсөткөн айылдар: Кош- Төбө, Кум-Төбө, чоң айыл өкмөттөрдөн Чолпон, Кара-Суу айыл өкмөттөрү н айтсак болот. Бул боюнча иш кудайым буйурса жакшы. Жакшы жыйынтык көрсөтүп жатабыз. Ушул деңгээлде иштесек 1 августка чейин 65 пайызга барабыз деген ойдомун.

- Инвестиция тартуу боюнча кандай иштер болуп жатат?

– Инвестиция тартуу боюнча биздин айыл өкмөттөр, мекемелер активтүү иш алып барып жатышат. Булар азыркы мезгилде элге билим берүү   бөлүмү  тарабынан ЮНИСЕФ, ЮСАИД, ЮНЕСКОлор менен жакшы иштешип жатышат. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы менен иштеп жаткан балдарыбыз да бар. Быйыл пайдаланууга жараксыз мектептин ичинен  4 мектеп Мамлекеттик эсебинен курууга киргизилгени жатат. 4 мектеп титулдук баракчага киргизилип, алгачкы акчалары бөлүнүп берилди.  Азыр долбоордун  үстүндө иштеп жатышат.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №122



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru