Айбат » Апрель революциясынын максаттарын уурдатып албайлы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Апрель революциясынын максаттарын уурдатып албайлы…

Кыргызстандын келечеги үчүн эң маанилүү окуялардын бири болгон Апрель революциясынын болуп өткөнүнө саналуу күндөрдөн кийин туура беш жыл толот. Элибиздин 2005-жылдагы жасаган революциясын Бакиевдердин үй-бүлөсү, ага-туугандары жана анын айланасындагы бир ууч кошоматчылары уурдап алганынын натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде экинчи жолу чыныгы Элдик революция жасалган. Бул күндү чыныгы элдик революция деп атоого бардык негиздер бар.

7-апрель

Эң биринчиден, ал күнү элди эч бир саясый лидер көчөгө ээрчитип алып чыккан эмес. Себеби ал күнү бардык оппозиция өкүлдөрү темир тордун артында отурушкан. Бакиевдердин кандуу режими адегенде үй-бүлөлүк диктатурасын акырындык менен бекемдеп, аларга каршы бир аз эле баш көтөргөндөрдү саясый куугунтукка алышып, колго тийгендерин буйрутма өлүмгө кабылтып, калгандарын өз өлкөсүнөн качып кетүүгө аргасыз кылышкан. Сөз эркиндиги кысмакка алынып, «баш кесмек дагы бар, тил кесмек дагы бар» деген принципти бекем карманып калышкан эле. Натыйжада кандуу режимдин капсабы менен мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов өлтүрүлгөн, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Раатбек Санатбаев өңдүү элибиздин чыгаан уулдарынын өмүрү буйрутма өлүмгө кабылган. Журналисттер да мындай куугунтуктан куру калбаган болчу. Андрей Павлюктун өлүмү, Сыргак Абдылдаевдин 29 жеринен бычак жеп, аргасыз Швецияга качышы буга толук далил. Мындан сырткары дагы толтура журналисттер, саясатчылар чет өлкөлөрдөн баш паанек алууга аргасыз болушкан. Мына ушулар жетишпей аткансып карапайым элдин жонунан эки эселеп кайыш тилүү максатында Максимчик ар бир кыргызстандыктын уюлдук телефонуна кошумча 60 тыйындык салык салып колун «жүгүртө» баштаган. Йтор мунун баарын айта берсек өтө узун сабак сөз болот. Мына ушундай элибиздин шоруна жаралган бийликти кубалагандан бери 5 жыл убакыт өттү. Президенттик башкаруу бизге туура келбей тургандыгын аныктагандан соң, парламенттик-президенттик башкаруу системасына өттүк. мурдагыдай бир адамдын колундагы куурчакка айлануу деген өнөкөт артта калды. Парламенттеги беш фракциянын бир маселенин үстүндө эле канчалык талаш-тартышка батып жаткандарын көрүп келатабыз. Сөз эркиндигине какап-чакап атканыбызды саясат таануучулар да баса белгилеп айтып келатышат.

Саясатчылардан куугунтукка алынган эч ким жок. Ошентсе да албетте беш жылдын ичинде экономикабыз укмуштуудай өнүгүп, жашообуз бейиш болуп кетти деп айта албайбыз. Бирок, биз эң негизгиси туура өнүгүү жолуна түшө алганыбызды белгилеп коюшубуз керек. Жүрө-жүрө көч оңолот демекчи, эгерде биз мындан ары стабилдүүлүктү сактай алсак, бузукулардын сөзүнө алданбасак, азыркы бараткан түз жолубуздан тайыбасак, анда Кыргызстандын келечеги кең. Эгерде биз азыркы тапта эл бузарлардын бал сөздөрүнө алданып, мамлекетибизде башаламандык жасап ала турган болсок, анда бизди келечек урпактарыбыз кечирбейт. Анда биз Апрель революциясынын үмүт-тилектерин жоготуп алган болобуз. Себеби бүгүнкү күндөреванш алгысы келип тургандар гана дагы бир төңкөрүштүн болушун каалап турушат. Алардын ким экендиги убагында бийликте турушканда эле билинген…

Айбат гезити №122




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru