Айбат » Отуруп иштегендер үчүн жана котур, чакалайдан арылууга пайдалуу кеңештер, кз жараны айыктыруу ыкмасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Отуруп иштегендер үчүн жана котур, чакалайдан арылууга пайдалуу кеңештер, кз жараны айыктыруу ыкмасы

01Сиздин жумушуңуз да физикалык күч жумшабай, столдо отуруп иштей турган жумуштарданбы? Аз кыймылдап, күнү бою компьютердин маңдайында отуруп иштейсизби? Анда сиз ден-соолугуңузга зыян келтирип жатасыз.

Белгилүү болгондой, отуруп иштөөчү жумуштар ден-соолукту начарлатат. Окумуштуулар өмүр бою отуруп иштеген адамдын өмүрү 10 жылга кыскараарын изилдешкен. Мындай жумуштан пайда болгон оорулар: геморрой, остеохондроз, семирүү, простатит, варикоз, кан айлануунун бузулушу жана башка. Бир жерде көп убакыт отуруп жумуш жасоо омуртканын веналарында кандын туруп калышына алып келээрин врачтар илгери эле байкашкан. Мындан башка күнү бою компьютерде отурган адам далысынын булчуңдарына күч келтирет, а булчуңдардын кысылышы кандын топтолушун андан бетер күчөтөт, натыйжада, буттар шиший баштайт. Албетте, отуруп иштөө ден-соолукка зыян, бирок, жумушту алмаштырууга мүмкүнчүлүк болбосо эмне кылуу керек? Бул абалдан да чыгуунун жолдору бар. Ал үчүн бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл.

  • Учурдагы отуруп иштөөчү жумуштун кеңири тараган түрү – компьютер менен иштөө. Келбетти бузуп албоо үчүн компьютерди капталга эмес, маңдайга коюу сунушталат.
  • Эс алуу үчүн өзүңүзгө тыныгуу жарыялаңыз. Компьютерде 6-8 саат иштөөдө ар 2-3 саат сайын көздү 15 мүнөттөн эс алдырып туруу зарыл.
  • Сулуу келбетиңизди сактоо үчүн жумуш арасында кайсы бир убакытты кыймыл менен өткөрүүгө аракет кылыңыз. Ар кандай көнүгүүлөр жана өзүңүзгө-өзүңүз массаж жасооңуз жумушка болгон жөндөмдүүлүктү жогорулатып, булчуңдарды кыймылга келтирип, кийинки жумушка күч берет.
  • Мындан тышкары жумушта эле эмес, үйдө да төмөнкү эрежелерди сактоого аракет кылыңыз:
  • Керебет катуураак болууга тийиш, бирок, таттуу уйкуга тоскоол да болбошу керек.
  • Жаздык да өтө жумшак болбоосу зарыл.
  • Үйүңүзгө бир аялдама жетпей түшүп калып, жөө басыңыз.
  • Жумушта отурган креслоңуз ыңгайлуу болууга тийиш. Отурганда бутуңузду столдун бутуна аспай, полго коюп отуруңуз.
  • Бутуңузду эч качан учкаштырып отурбаңыз. Отуруп иштөө ансыз деле буттарга зыян, а кайчылаштырып отуруу эки эсе зыян.
  • Такасы 4 сантиметрден бийик бут кийим кийбеңиз. Бийик такалуу бут кийимдериңизди майрам күндөргө сактап коюңуз.
  • Дайыма оң капталыңыз менен жатыңыз.
  • Бир позада 20-30 мүнөттөн ашык отуруп же турбаңыз.

 

Котурдун дарысы – эрмен

Согуш учурунда кийим жок, жүндөн түйүп алып кийебиз. Анысы аз келгенсип жайында ысык болот эмеспи, жүн ысык тартып, жуунбагандан кийин акыры котур болдук.

Илгери котурдан дарылануу үчүн  эрмендин гүлү менен чалканды (бышып калган кезде) аралаштырып,  казанга чогуу кайнатып, андан кийин сүзүп алып суусуна жуунчубуз. Бир жумага жакын жуунгандан кийин жапжакшынакай эле болуп кетип калат.

Асанкан Жуманалаиев, 61 жашта, Арал айылы

Чакалайдан арылуу ыкмасы

Оорулар көп болгон:  ичкелте, чечек, бит каптады.

Мектепте окуп жүргөнүбүздө кыздардын, балдардын башы сиркеге толуп тураар эле. Анан алар тамакка кошулуп кетип, ар кандай микробдук оорулар пайда болоор эле. Өзгөчө ашказан оорулар, кургак учук көп болчу. Ичкелте болсо биттин негизинде келип чыкса керек. Чечек деген болот чакалай сыяктуу.

Бакай-Атада мурда Ленинполь деп койчу, Жетикипит деген жерге балдарды алып барып, башына чакалай чыкты деп башын алибастр менен аралаштырып цементтеп салышчу. Кийин  аны алып салгандан кийин кыздардын, балдардын баштарына бир жылдай чач чыкпай калчу. Кийин суюк болуп чач чыгаар эле.

Карандыз деген чөп бар, уу коргошун деп коет мына ушуларды ичкелте оорусуна колдонушкан. Уу коргошун менен алтын тамырды аралаштырып, майдалап, чакалай болгон жерлерге сүртүшөөр эле.

Батийна Загулова, 73 жашта, Акжар айылы

Көз жараны айыктыруу ыкмасы

Эжем шаардан келип, мени жуундуруп, анан каяктан алганын билбейм көк ташты майдалап, көз жарага сээп койчу. Көк таш деген туздун майдалары. Тузду тоодон алып жатышпайбы, ошол туздун майдаларын алып, майдалап, жара болгон жерге сээп койчу. Ал денеме дагы жайылып кетти. Жыңайлак жүргөндөн, ысыкта кесилет, суукта тоңуп калат, үшүк алат, анан ошондон пайда болот. Көз жара деген котурдун бир түрү, бажырайып башы ириңдеп кетет.

Туркменов Темиркан, 74 жашта, Ташарык айылы, Талас аймагы

Айбат гезити №122



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru