Айбат » Кечээ бирди, бүгүн башканы сүйлөгөн премьер Оторбаев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Кечээ бирди, бүгүн башканы сүйлөгөн премьер Оторбаев

Оторбаев

9-апрелде, “унитаз минип” балкондо чоңойгон “киргиз” премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында мурда күнү эле өзү маалымат булактарынын бирине билдирген сөзүн төгүнгө чыгарды. Тактап айткан да ал «Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрага орун басары Азамат Абдыбеков менин «өкүл балам» болот» деп агынан жарылды. Эске сала кетсек ал 8-апрелде аталган фонддун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевди «Центерранын» директорлор кеңешине өзү сунуштаган чет өлкө жарандыгындагы жети талапкерге макул болбогондугуна байланыштуу кызматынан убактылуу бошоткон. Ирсалиевдин айтымында анын ордуна убактылуу төрагалыкты премьердин өкүл баласы Азаматбек Абдыбеков аркалап калган. Мына ушундан кийин өкмөт башчысы түнү менен ойлонуп чыкканбы, айтор кече кайра убактылуу төрагалыкты статс-катчы Нурбек Калматов аркалап тура тургандыгын билдирди. «Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобошу мүмкүн, андыктан мен алардын таржымалы менен кеңири таанышып чыгышым керек» дегенине карабастан Ирсалиевди кызматынан негизсиз кууп салганы боюнча Оторбаев мырза эми кантип актанаар экен? Бир жагынан чет өлкөлүктөр жарандардын кызыкчылыгы үчүн, экинчи жагынан өкүл баласынын кызыкчылыгы үчүн Ирсалиевди садага чаап отурган Оторбаев өзүнүн өкмөт башчылыгынан кетирген эмитеден түшүнүп, чалмакейди чалып, алчусун алып калайын деп атабы?..

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru