Айбат » Өкмөт башчы Оторбаев Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөлүк жарандардын колуна карматабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өкмөт башчы Оторбаев Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөлүк жарандардын колуна карматабы?

Жоомарт ОторбаевЧуулгандуу «Кумтөр» маселесинин чуусу бүтпөс болду. Бул маселени Кыргызстандын кызыкчылыгына чечип берет экен деп шайлаган өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаев дагы кечээ жакында эле «азыркы эле келишимдин негизинде иштегенибиз жакшы болот экен» деген тыянакка келгендигин жар салды. Болбосо буга чейин ал канадалыктар менен Биргелешкен ишкана түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп атканын, ал аяктап баратканын саймедиреп келген эле. Мына ушундай билдирүүсүнөн кийин эле ал Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп келген Дүйшөн Ирсалиевди бир айга убактылуу кызматынан четтеткендиги маалым болду. Биринчиден, эмне үчүн күтүүсүздөн, кескин түрдө мындай кадам жасалды деген суроо туулат. Экинчиден, эмне үчүн бир айга гана? Көрсө, окуянын чоо-жайы мындайча экен. Ирсалиевдин айтымында Жоомарт Оторбаев «Центерранын» директорлор кеңешине 8 адамды сунуштаса, алардын жетөөсү чет өлкөнүн жарандары экен. Сегизинчиси гана Кыргызстандын жараны Кылычбек Шакиров болгон. Маалымат үчүн айта кетели – директорлор кеңешине сунушталып жаткан жети чет өлкөлүктүн экөөсү Улуу Британия, экөө АКШ, дагы экөөсү Канада, бирөөсү Казакстандын жарандары. Мына ушул сунушталган талапкерлерге өкмөт мүчөлөрүнүн да макулдугу керек болгон. Мына ушул жерден Ирсалиев менен Оторбаевдин ортосунда келишпестик пайда болот. Тактап айтканда Ирсалиев мырза аталган талапкерлер тууралуу толук маалыматы жок туруп, макул болбостугун билдирген. Бирок, өкмөт башчы ага талапкерлердин таржымалы менен таанышып чыгуусу үчүн эч кандай убакыт берген эмес. Демек, кандайдыр бир шашылыш кызыкчылык болгондугун боолголосок болот. Анан кол алдындагы кызматкердин анын эркине баш ийбегендигине нааразы болгон өкмөт башчы күтүүсүздөн, кызуу кандуулукка алдырып, Ирсалиевди бир айга кызматынан убактылуу бошотуп коюп атат. Анын ордуна өзүнүн өкүл баласы Азамат Абдыбекти убактылуу милдетин аткаруучу кылып дайындайт. Мына ушул жерден экинчи суроого жооп издеп көрөлүчү? Эмне себептен бир айга убактылуу бошотту? Түшүнүктүү эле. Өкмөт башчы сунуштаган чет элдик жарандардын талапкерлигин жалпы өкмөттүн курамы менен макулдаштырып алуу. Ирсалиев ага моюн толгосо, өкүл баласы «аный» дебеси аштан бышык. «Мен бир күндүн ичинде аталган чет элдик талапкердин таржымалы менен таанышып жетише албайт болчум. Анан дагы бул талапкерлер Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн тураарын күмөнүм бар. Балким булардын артында Максим Бакиев, Джордж Сорос өңдүү байлардын кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Андыктан мен Кыргызстандын элинин байлыгын рейдерлик басып алууга тушугушун каалабайм» деп билдирет Ирсалиев. Ирсалиевдин мындай билдирүүсүнө өкмөт башчысы жөн гана «Жаңы дайындаган убактылуу милдетин аткаруучу менин өкүл балам эмес» деп гана жооп берген. Ошентсе да жогорудагы айтылган суроолор жоопсуз калууда. Эмнеге Ирсалиевге директорлор кеңешине көрсөтүлүп аткан талапкерлердин таржымалы менен кеңири таанышып чыгууга убакыт берилбеди? Эмнеге аны бир айга гана убактылуу кызматынан четтетип, кайра биротоло алды муну кандай түшүнсө болот? Балким Жоомарт мырза өзү жооп берип калгысы бардыр…

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru