Айбат » Коррупционер коррупционерди коргоп атат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Коррупционер коррупционерди коргоп атат

Кабыл АбдалиевБишкек шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгын жетектеп аткан Кабыл Абдалиев аттуу эрен бар. 50 жаштын ашын ашап калган Кабыл мырза салык кызматы тармагында 1991-жылдан бери карай иштеп келет. Адегенде катардагы инспектор болуп ишмердүүлүгүн баштаган болсо, бара-бара салык кызматындагы жогорку кызматтарды аркалаган.

Маселен, 1998-жылдан 2007- жылга дейре өлкөбүздүн Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча мамлекеттик салык кызматынын инспекция начальниги кызматтарын аркалаган. Жалал-Абад облусу боюнча бул кызматты эки ирет ээлеп тургандыгын айта кетели. Биринде Акаевдин убагында, экинчисинде Бакиевдин убагында. Албетте анын өз кесиби боюнча профессионал адис экендигинде кеп жок. Бирок ошол эле учурда анын кесиптештеринин айтымында, өзүн өтө жогору баалаган, ач көз, керектүү адамдар менен мамилени кыйын түзгөн, паракорлукка башын ыктаган жетекчи катары сүрөттөлөт.

Салыкчылардын эмгек жамаатында К.Абдалиев убагында мамлекеттик салык кызматынын төрагалык кызматына “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 200 миң доллар берип келген деген кеп желип-жортуп келгенин жашыра албайбыз. Ал турсун, бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Мындан улам керектүү адамдар менен бат тил табыша алат деген мүнөздөмөнүн чын экендигине ынанасың. Себеби убагында бул эрен “Республика” партиясынын башчысы Өмүрбек Бабанов менен өтө жакын ымалада болуп келген. Анан анысы ээрден ыргып кеткенден кийин Бабановдун башкы оппоненти Текебаевге ыктап калганын байкасак болот.

Мына ушундай саясый жүрүштөрдөн улам суроо туулат. Убагында Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыгынан бир аргымактын айынан ыргып кеткен эле. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин дайындаган кадрлары четинен коррупциялык иш-аракеттери үчүн камалып атат. Мисалга алсак, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров. Ал министрлик кызматка конгонуна көп узабай эле кылмыш жообуна тартылган. Жакында эле “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчилиги финансылык мыйзам бузууларга барганы аныкталды. Бул жетекчиликте дагы Текебаевдин кадры отурган. Эми ошолордун катарын Абдалиев толуктап калбас бекен? Себеби жогорку кызматка отуруш үчүн 200 миң доллар пара берген жетекчи таза иштемек беле деген суроо өзүнөн-өзү жаралат да.

Баса, К.Абдалиев өлкө казынасына 40 млн. сомго чукул зыян келтирди делип айыпталып жаткан Акматбек Келдибековду ачыктан ачык коргоп кирди. Жарыктык кишиге не болду? “Коррупционер коррупционерди колдойт” деген ушулбу?  Же өзүнүн бир кездеги “былыктары” четинен чуурулуп чыгаарын жүрөгү сезип, алдын ала коргонуп аткандагысыбы? Себеби эртеңки күнү: “Мен позициямды ачык билдирсем саясый куугунтукка алышты” деп актанганга жакшы эмеспи? Мындай “ойдолотмо” саясатты биздин саясатчылар далай ирет колдонгонуна күбө болгонбуз.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru