Айбат » Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Эл оппозицияны колдоого албайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Эл оппозицияны колдоого албайт”

Бакыт Бакетаев- УОК Жалал-Абад шаарында 11-апрель күнү курултай өткөрүү демилгесин коомчулукка билдирген  эле. Бул курултайдын учурда канчалык зарылчылыгы бар?

– Менин оппозициянын учурдагы ишмердүүлүгүнө көз карашым терс. Элди чогулткандан кийин татыктуу программалар каралып, элди астыга сүйрөй турган пландар каралып, масштабдуу мааниде өткөрүшү керек. Мен азыркы оппозициядан андай эч кандай аракеттерди же программасын көргөн жокмун.  Кандай гана митинг чогулса элге коркунуч болот. Ал эми Жалал-Абад шаарында өткөрүлө турган курултай болсо, тынчтык мааниде эле өткөрүлөт. Бийликке карата талаптар айтылып тарап кетишет. Бирок, эл оппозицияныэч кандай колдоого албайт. Себеби, аларда элди ээрчите ала турган лидер жок.

- УОКтун курамындагы саясатчылар элге кадыры сиңбегендиктен оппозиция алсыз деп коомчулук баа берип келет. Ал эмес УОКтун төрагасы болуп турган кезде Равшан мырза дагы бир катар оппозиция тараптагы саясатчылар алсыздыгын мойнуна алышкан. Сиз кандай ойлойсуз?

– Азыр курултайды өткөрүүнүн зарылдыгы бар. Бирок, Курултайдын мааниси элди чыныгы жүрөгү менен сүйгөн, колдогон саясатчылар тарабынан өткөрүлүшү керек. Ал эми оппозиция курултайдын кызыкчылыгы менен сырткы кызыкчылыктарга элди алмаштырып салуусу мүмкүн. Ошондуктан эл азыр чечим чыгараарда терең ойлонуп туруп анан чечим чыгаруусу керек болуп турат.

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru