Айбат » Элди өзүнө тарта албаган оппозиция, адатынча дагы бийликти күнөөлөй баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Элди өзүнө тарта албаган оппозиция, адатынча дагы бийликти күнөөлөй баштады

Кадыров КубанычбекБеш адамдын башы кошулган жерде дагы сөзүң өтүмдүү, угумдуу болушу үчүн адегенде ал адамдын кадыр-баркы болушу керек. Эгерде анын кадыр-баркы болбосо, анда сөзүн жан адам угуп койбосу турган иш. Анын сыңары учурдагы жаңы кагаз ташыгычы Кубанычбек Кадыров болгон БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл) 11-апрелде Жалал-Абад шаарында курултай өткөрө тургандыктарын жар салышкан. Бирок, кыязы бул жолу деле алардын курултайына кызыккан адам болбой жатса керек. Буга чейин 2-3 ирет мөөнөтүн жылдырышкан курултайы кыязы Садыр Жапаровдун курултайындай болуп белгисиз мөөнөткө жылганы туру го.

Себеби окшошконго мушташкандар чогулуп алып, ич ара лидерликти талашып атышса, батыш тарапка ат тезегин кургатпай катташып, ал жактан финансылык колдоо күтүп атышса, анан аларга карапайым элибиз ишенмек беле? Мына ушундайча элдин маанайын байкаган БОКчулар эмитеден эле эптеп актануунун амалын издей баштаган сыңары. Дегенибиз алар маалымат булактарына баягы адаттарынча эле «Бийлик биздин курултайга бут тосуп атышат, бизди УКМК менен ИИМ кызматкерлери көзөмөлдөп атышат» деп билдирип чыгышты. Албетте, тартип сакчылары ар качан тартипти сактоо максатында ар бир ишти көзөмөлгө алып турушу керек. Ал курултайга каршы аракет эмес. Муну оппозиция өкүлдөрү деле сонун түшүнүшөт. Андыктан жумурткадан кыр издебей, элди эптеп бийликке каршы үндөйбүз деген аракетти токтотуп, салмактуу сүйлөп, салмактуу иштерди жасаш керек. Ошондо эле эл аларды колдомок. Тилекке каршы бардыгы камгактай жеңил болуп атышпайбы?..

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru