Айбат » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Азыр оппозициянын Курултайынын эч кандай зарылчылыгы жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Азыр оппозициянын Курултайынын эч кандай зарылчылыгы жок”

Орозбек Дүйшеев- УОК мүчөлөрү Жалал-Абад шаарында 11-апрель күнү Курултай өткөрүү демилгесин коомчулукка билдирген  эле. Бул Курултайдын учурда канчалык зарылчылыгы бар?

– Менин оюмча оппозиция өткөрө турган Курултайды эл колдобойт. Ушундай болору тууралуу азыртадан эле маалыматтар айтылып жатат. Азыр мурдакыдай ойлонуу кереги жок. Эл деле түшүнүп калды кимдин көз карашы кандай, ким кимди колдойт, ким кимдин арыгын чабаарын. Азыркы  оппозициянын учурда көрүнүктүү эмгеги, планы деле жок. Мурдагы эле айтып келген дежур долбоорлорун алып чыгып элди алдагысы бар. Эл азыр эч кандай оппозицияны колдобойт. Мисалы электр энергия кымбаттады деп айтып жатат. Электр энергиясы өтө деле кымбаттаган жок. Ага караганда айлык маяна бир топ жогорулады. Биздин оюбузча оппозицияда жүргөндөргө тетирисинче бекем тартипти бийлик чакыра албай жатат.

- УОКтун курамындагы саясатчылар элге кадыры сиңбегендиктен оппозиция алсыз деп коомчулук баа берип келет. Ал эмес УОКтун төрагасы болуп турган кезде Равшан мырза дагы бир катар Оппозиция тараптагы саясатчылар алсыздыгын мойнуна алышкан, сиз кандай ойлойсуз?

– Азыркы оппозиция чындыгында мурдагы саясатчылар алып чыккан оппозицияларга салыштырмалуу бир топ алсыз. Алсыз экен деп бийлик маани бербей койсо, ар нерсени бир айтып бийликтегилердин эмес, элдин кыжырын келтирип жатат. Биздин алдыга жылаарыбыз бир гана тартиптен эле көз каранды болуп турат. Тартип оңолсо эле бир заматта алга жыла баштайбыз.

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru