Айбат » Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Оппозиция эл чогултуудан күмөн санап ар кайсы шылтоону айтып жатса керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Оппозиция эл чогултуудан күмөн санап ар кайсы шылтоону айтып жатса керек”

Жыпар Жекшеев- Жыпар мырза, БОКчулар (Бириккен оппозициялык кыймылы) Жалал-Абадда митинг өткөрөбүз деп 11-апрелге пландаган. Бүгүн болсо анын мүчөлөрү айрым маалымат булактарына маек берип “бийлик бизге бут тосуп жатат, УКМК менен ИИМ кызматкерлери биздин ар бир кадамыбызды аңдып калышты” деп кыйкырып чыгышты. Бул кыймыл элди чогулта албашына көзү жетип ушинтип жаткан жокпу?

– Чындыгында азыркы учурда баары ачык. Кыргызстанда жашыра турган эч нерсе жок. Оппозицияны куугунтуктап, камап, кысым көрсөткөн заман өткөн. Ал эми оппозиция өздөрү күткөндөй эл чогултуудан күмөн санап эле ар кандай шылтоолорду айтып жатышы мүмкүн. Азыркы бийликти канча саясий күчтөр аңдып турат. Эгер кокус оппозициягы кысым жасап, коркутуп-үркүтө турган болсо коомчулукта чоң талкууга айланат. Учурда көчөдө жүргөн ар бир жаранда мобилдик телефон бар. Керек болсо жол эрежесин бузган унааны же тартип сактабаган чиновниктерди деле тартып жарыялап жатпайбы.

- Оппозициянын өкүлдөрү азыркы учурду 37-жылдагы репрессияга салыштырып жибериптир. Чын эле Кыргызстанда Сталин мырзанын заманындагы көрүнүштөр кайталанып жатабы?

– Азыр такыр башка заман. 37-жылда азыркыдай ээн-эркин жүрүү деген болгон эмес. Кимдир бирөө ашыкча сүйлөсө эле түнү менен камап же түп тамыры менен жок кылчу. Азыркы заманды 37-жылга салыштырууга такыр эле мүмкүн эмес.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru