Айбат » Осунбек Жамансариев, коомдук ишмер: “7-апрелде төңкөрүш болду дегенге кошулбаймын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Осунбек Жамансариев, коомдук ишмер: “7-апрелде төңкөрүш болду дегенге кошулбаймын”

Осунбек Жамансариев- Осунбек мырза, 2010-жылдын 7-апрель окуясына беш жыл толду.Бирок бүгүнкү күнгө чейин «бул күнү куралдуу төңкөрүш болгон, эч кандай революция болгон эмес» деген пикирлерин кыйытып айтып келгендер да кездешет. Сиздин оюңузча бул күнү эмне болду эле?

– Чынын айтканда 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдердин бийлигине каршы эл чыкты. Бул күндү төңкөрүш болду дегенге кошула бербеймин. Узурпацияланган үй-бүлөлүк бийликти кетирип парламенттик башкарууга багыт алганыбыз бул факт. Аны эч ким тана албайт. Экономикалык жактан бир аз жетишпестиктер бар.

- Апрель революциясында карапайым элибиз алдыларына кандайдыр бир максатты коюп алып чыгышкан эмеспи? Ошол максаттар ишке ашып атат деп эсептейсизби?

– Чындыгында, 2010-жылдагы революция  2005-жылдагы ыңкылаптын уландысы деп айтсак болот. ЦАРИИ сыяктуу паралелдүү өкмөттүн түзүлгөнүнө эл нааразы болгон. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Борбор Азияди биринчи жолу парламенттик өлкө болдук. Бирок, муну менен эле жыргап кеттик дегенге болбойт. Кескин түрдө реформалар болбой жатканы байкалып эле турат. Мисалы, “Кумтөр” боюнча маселе Чубактын кунундай эле узарып чечилбей келе жатат. Ошол эле учурда чоң стратегиялык мааниси бар курулуштар бүтүп жатат. Канткен менен 7-апрель революциясы максатына жетти деп айтканга азырынча эрте. Иштеш керек. Ал эми Баш мыйзам жолтоо болуп жатканы айтылууда аны оңдоп туруп аракет кылышыбыз зарыл.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru