Айбат » Курманбек Дыйканбаев, ЖК депутаты: “Апрель революциясы тарыхта чоң тамгалар менен жазылып калат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Курманбек Дыйканбаев, ЖК депутаты: “Апрель революциясы тарыхта чоң тамгалар менен жазылып калат”

Дыйканбаев Курманбек- 7-апрель революциясынын болуп өткөнүнө туура 5 жылдын жүзү болуп турат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин «бул күнү куралдуу төңкөрүш болгон, эч кандай революция болгон эмес» деген пикирлерин кыйытып айтып келгендер да кездешет. Сиздин оюңузча бул күнү эмне болду эле?

–  7-апрель революция деп ойлойм. Бул окуя чоң тамгалар менен жазылып, кыргыздын тарыхында калат. Куралы жок жаштар, бийликке карата кыжырданган жаштар 7 кабат Ак үйду басып алуусу оңой болгон жок. Бул жерде эл өзү деле мындай ызы-чуулуу окуяны каалаган эмес. Бакиевдин бийлиги коркуп кетип, элге ок чыгарды. Кан чыкканда кыжыры кайнаган эл бийликти кууп чыкты. Кландык үй-бүлөлүк башкаруу болгондуктан аны жоюп жок кылган элдин эмгеги тарыхта революция деп аталып калат. Анын баары Кыргызстандын эгемендиги көз карандысыздыгы, экономиканын өнүгүүсү үчүн жасалган.

- Апрель революциясында карапайым элибиз алдыларына кандайдыр бир максатты коюп алып чыгышкан эмеспи? Ошол максаттар ишке ашып атат деп эсептейсизби?

– Апрель окуясынын негизги максаттары толук аткарыла элек. Буга себеп катарында Бакиевдин учурунда бийликте иштеген адамдардын кайра башкаруу органдарында иштеп жаткандыгы тоскоол болуп жатат. Беш жылдын жүзү болду биз такыр тазалана албай келе жатабыз. Кадр саясаты азыркы учурдагы башкаруу органдарынын негизги көйгөйү болуп калды окшойт. Ошентсе дагы жылыштар, өзгөрүүлөр бар.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru