Айбат » Профессор, Жеңишбек Назаралиев: “Европа- өткөн заман, Кытай – келечек. Биз ортосунда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Профессор, Жеңишбек Назаралиев: “Европа- өткөн заман, Кытай – келечек. Биз ортосунда”

Назаралиев ЖеңишбекПрезидент Алмазбек Атамбаев Евробиримдик өлкөлөрүндө 10 күндүк иш сапары менен болуп 1-апрелде кайтып келди. Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын мамлекет жана анын башчысы үчүн маанилүү болгон бул иш сапарды чагылдырбаганына биздин мамлекеттик маалымат каражаттары таарына түшкөндөй болду. Бирок дүйнөлүк маселелер гезит бетинде же интернетте эмес мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүндө чечилет.

 

Лиссабон, Владивосток жана Бишкек ортосунда

Атамбаев бир топ абройлуу адамдар менен сүйлөшүү жүргүздү. Алардын арасында эң башкысы Евробиримдиктеги таасирдүү саясатчылардын бири ФРГ нын канцлери Ангела Меркель. Атамбаевди тосуп, алып Меркель айым “сиздин кайтадан келгениңиз жакшы болду” -деди орусча. “Сизди кайтадан көргөнүмө кубанычтамын”- деп айтса туурараак болмок. Бирок немис тилинен түз которулган канцлердин сөзүнөн, Атамбаевдин саясий өмүрүнүн узактыгын кыйытып билдирүү катары бааласак болот.

Чындыгында, Кыргызстандын президенти Орто Азиядагы эң демократиялык деп эсептелген өлкөнү беш жылдан бери башкарып келет. Сүйлөшүүлөрдөн кийинки журналисттерге уюштурулган пресс-конференцияда Меркель коом алдында сүйлөө учурунда күздө боло турган Жогорку Кеңешке шайлоодон башка маселе таба алган жок. Ал шайлоолордун жүрүшүндө “демократиялык принциптер” сакталышы керектигин баса белгилеп, шайлоого карата даярдыкка европанын жардамын сунуштады.

Атамбаев менен Меркельдин ортосундагы ачык айкын сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы байланыштары Кыргызстандын президентинин Россиянын Украинадагы аракеттерине болгон көз карашына байланыштуу болуусу ыктымал. Бизге белгилүү маалымат булактарынан жана президенттин өз сөзүнөн биз төмөндөгүдөй жыйынтык чыгардык: Кыргызстан расмий түрдө Крымдын Россияга кошулушун тааныбайт жана бул кадамды эл аралык келишимдер тарабынан кепилденген Украинанын мамлекеттик территориалдык бүтүмдүгүн бузуу деп эсептейт, бирок юридикалык кадамды жана болуп өткөн окуяны кабыл алууда. Мындайча айтканда юристтер көп колдонуучу ыкма “юридикалык факт”.

Атамбаев өзүнүн европалык өнөктөштөрүнө, эгерде Крымда кайрадан референдум өтө турган болсо элдин 90 пайызы кайрадан Россияга кошулуу үчүн добуш  берээрин бир нече ирет айтып кетти. Муну эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи Атамбаев. Жакында эле ФРГнын канцлери Путиндин учурдагы Евробиримдиктен да чоң Лиссабондон Владивостокко чейин созулган Европа тууралуу кебин эсине алган. Бул идеяны кыргыз президенти да колдоно кетти: Лиссабондон Владивостокко чейин бирок Бишкек менен кошо.

Бул иш сапарга болгон биздин президенттин жакшы даярдыгын белгилей кетүү керек. Россия Кыргызстандан Крымдын Федерацияын составына кирүүсүн дароо кабыл алышын талап кылган жок. Өз ара алакалар башка нукта жүрүүдө, Кыргызстандын Евроазиялык биримдикке кирүүсүнө Россия жакында кошумча 200 миллион доллар бөлмөк болду. Колдоого алынган Путиндин Петербургдагы сөзунө ылайык Крым менен байланышкан маселеде эл аралык келишимдер бузулду, бирок Крымдын эли эч кандай эл аралык келишимдерге жана мыйзамдарга карабай Россияга кошулууну каалары бул факт. Бул өңүттөн алганда анын Меркель жана Европа менен бирдикте Украинанын территориалдык бүтүмдүгү боюнча позициясы бир, бирок Путин менен дагы алакалар англистер айтмакчы business as usual(адаттагыдай жүрүүдө).

 

Демократиянын аралы

Кыргызстандын үчүнчү президенти анын биринчи президенти Акаев көтөргөн маселени Европада кайтадан көтөрүп,Бакиев түптөп кеткен терс иштер менен күрөшүүдөгү ийгиликтерди көрсөттү. Атамбаев европалыктарга коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтер тууралуу айтып берди. “Кол тийбестер” жок деп белгилеген президент муну демократиянын белгиси катары көрсөттү. Анан да мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү өсүп жаткандыгын белгиледи, бул албетте карыз берүүчүлөргө майдай жага турган жаңылык.

Гомосексуализмди пропагандалоого тыюу салуу жана чет элдик агенттер тууралуу мыйзамдардын кабыл алынуусуна айтылган сын пикирлерге Атамбаев бул чечимдер демократиялык парламенттин чечимдери экендигин белгилеп өттү. Мыйзамдар депутаттар тарабынан сунушталат, албетте кээ бири “дыкат ойлонулган” эмес, бирок президенттин вето укугу бар андыктан ашыкча чочулоого себеп жок. Ушундай эле абал Ислам боюнча: Кыргызстан светтик өлкө жана анын жарандары араб маданияты менен динди аралаштырбайт. Тактап айтканда хиджаб кийишпейт, муну президент Бишкектин көчөлөрүндө жүрүп баратып көрүүдө. Андыктан Европалык Комиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер жана жана Европа Кеңешинин башчысы Дональд Туск менен болгон сүйлөшүүлөр да ийгиликтүү өттү. Буга кошумча президент Брюсселде “Демократиялык Кыргызстан” аттуу фотокөргөзмөнү ачты – цивилизациялык өлкөнүн белгиси болгон эл бийлиги көрсөтүлгөндөй болду.

Негизинен ал Европага өзүнү амбицияларын көргөздү, анын идеялары бир кезде Аскар Акаев көтөргөн “демократиянын аралы” аттуу ойдун негизинде түзүлгөн. Чындыгында бул президентибиздин негизги “инвестициялык идеясы” болду: Европа Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтөт, ал эми мамлекет болсо коррупция менен, ал гана эмес Атамбаевдин өз туугандарына чейин күрөшөт, жана Орто Азиянын чок ортосунда демократиянын аралын курат- Казактан, Өзбекистан жана башкаларга тең салмак катары.

Бул Меркельге таасир калтырды, бир гана ага кана эмес. Атамбаевдин экинчи маанилүү маектеши Франциянын президенти Француа Олланд болду – Европадагы экинчи орундагы атка минээр. Елисей сарайынын ээси коррупцияга каршы күрөштү колдоду бирок эң башкысы- Кыргызстандын Евроазиялак экономикалык биримдикке кирүүсү. Кыргызстан менен Европаны байланыштырып турган транспорттук коридорлор Россия жана Казакстан аркылуу өтөт деп белгиледи Атмабаев. Россия менен Бажы союзунун койнунан сууруп Европа өзүн карай тартып жаткан Украинага караганда, Кыргызстандын жакын коңшулары менен биригүүгө баруусу эң туура чечим болот деген оюн билдиришти европалыктар. Башкача айтканда Атамбаев Кыргызстандын Евроазиялык биримдикке кошулууга Европанын батасын алды десек болот, бирок ошол эле учурда Европа менен эки тараптуу пайдалуу карым катнашын да үзбөй турган болду.

Өз иш сапарында Атамбаев Крым маселесин айлакерлик менен кайгып өтүп, ал гана эмес Европаны демократиялык баалуулуктарды колдоодо кош стандарттарды колдонуп жаткандыгы үчүн сындаганга да жетишти – Украинага миллиарддаган жардам көрсөтүлүп жатат, ал эми Кыргызстанга өз учурунда суралган 15 миллион евро да берилген эмес. Европанын борборлору өз учурунда Акаевдин жана Бакиевдин учурунда мыйзамсыз чыгарылып кеткен акча каражаттарын изилдеп, аларга камоо салганга да жардам берген жок. Жыйынтык – Кыргызстанга президент финансылык жардам көрсөтүүгө макулдук берген келишимдер менен кайтты.

 

Европа- өткөн заман. Кытай- келечек

Албетте биз баарыбыз эле көптү каалайбыз. Европанын жардамы эмес тең кызматташтыгы керек. Крым маселелери боюнча сен өзсүңбү өгөйсүңбү деген суроолорду эмес, бул геополитикалык чырларды чечүүдөгү чыныгы ортомчулук керек. Евробиримдиктеги тышкы саясий озуйпасын Атамбаев “мыкты” аткарды демократиянын кыргызча варианты тууралуу айтып берди, саясий жана финансылык колдоого ээ болду, Украинадагы геополитикалык чыр чатактын капканына тушукпай өттү. Бирок! Атлантикалык океандан Тынч океанга чейин созулган Чоң Европа аталыштагы мындан 25 жыл мурун сунушталган долбоор 2014 жылы кыйроого дуушар болду. Украинадагы окуялар жана АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларынан кийнки Россиянын батыштан чыгышты Кытайды көздөй бурулуусу бул долбоорду акырына чейин кыйратты. Чоң Европа идеясынын ордун бүгүн жалпы Евроазиялык үй идеясы алмаштырды (Назарбаевтин идеясы) Кыргызстанга бул идея эң эле сонун жарашат анткени биз евроазиялыкпыз, европеец эмеспиз. Андыктан Атамбаев өз сөзүндө дипломаттык менен өз доорун сүрүп бүткөн Европа менен биригүү жана демократиялык баалуулуктарын колдонуу ойлорун колдонду. Чындап ойлоно келгенде “демократиянын аралы” болуу өлкөгө экономикалык өсүштүн жана бакубатчылыктын кепили болуп бере албайт.

Евроазиялык долбоор деген бүгүнкү күндө эмнени түшүндүрөт? Бул Кытайдан Европага чейин созулган экономикалык өнүгүүнүн аймагы, бул долбоордо негизги ролду Пекин ойнойт, ал эми улуу Жибек Жолунун жээктеринде жайгашкан өлкөлөр экономикалык өнүгүүгө күчтүү түрткү алышат. 2013 жылы бул ойду Кытайдын компартиясынын төрагасы Си Зиньпинь жарыя кылган. Император НаполендунКытай жөнүндө “уктап жаткан арыстан” атаган сөзүн келтирип жатып Зиньпинь  Парижде “арыстан ойгонду” деп жар салды. Кытай өзүнүн жаңы Жибек Жолун ишке ашырууга 500 миллиард доллар салуу ою бар экендигин тастыктады.

Ошол эле учурда Кыйтайды долбоорго катышып жаткан өлкөлөрдүн саясий түзүмү, Украина жана Крымга окшогон жергиликтүү талаш тартыштарга көз караштары жана карманган принциптери жана баалуулуктары эч кызыктырбайт. Кытайдын кадамы бул жөн гана экономикалык кызыкчылык жана мындай эбегейсиз зор долбоорду берешендик менен каржылоого даярдык. Ага салыштырганда Европанын жардамы микрокаржылоо окшоп калат, анын үстүнө сенин “котурдугуңду” да текшерип коюшат.

Биз шарттуу түрдө биринчи баскычты өтүп ЕАЭБ ке киргенибиз түшүнүктүү болду, бирок мындан ары биз Биримдиктин Кытай менен жакындашуусуна коридор болуп берүүбүз зарыл. Пекин заманбап транспорттук коридор куруп, Евразиянын эки эң чоң экономикалык борбору болуп эсептелген Кытай менен Европанын ортосундагы товарлардын айлануусун көбөйтүүнү каалоодо. Мындан түшкөн каражатты баардык шериктеш өлкөлөргө тең бөлүү сунушталууда, анын ичинде Кыргызстанга да, албетте биз өз мүмкүнчүлүгүбүздү Казахстанга алдырып жибербесек. Бул максатта Кытай атайын 2014 жылы түзүлүп, уставдык капиталы 100 миллиард долларга барабар болгон Азиялык инфраструктураларды инвестициялоо банкынан каражат бөлдүрөт. Россия бул уюмдун капиталына жана башкаруу органына кирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, белгилей кетсек бул орган Дүйнөлүк банкка конкурент жана Эл аралык валюталык фондко альтернатива болот деп айтылууда.

 

2009 жылы президенттикке ат салышып жатып так ушундай институтту Кыргызстанда түзүү керектиги тууралуу айтканым эске түшөт, ал кезде албетте башка учур болчу, ойлор абада каалгып журөрү чын окшойт…

Учурда Кытай өзүнүн пландары жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү менен Евразиядагы алдыңкы мамлекет болуп турат. Андыктан Кыргызстандын бийликтери жаңылыктын баары Берлин, Париж, Лондон жана Брюсселде гана жаралат деген эски нуктагы ойлорду артка таштоосу зарыл. Бул таптакыр андай эмес. Учурда жаңылыктын баары Пекин, Шанхай, Гонконг жана көптөгөн башка шаарларда жаралууда, бул шаарларды биздин кээ бир айлакер, аракетчил мекендештерибиз  Европанын борборлоруна караганда мыкты билишет, анткени Европадан айырмаланып биздин Кытай менен жалпы чек арабыз жана товар жүгүртүүбүз бар.

Менин көптөгөн мекендештерим сыяктуу эле, мен дагы Атамбаев Си Цзиньпинге качан иш сапар менен барат деп чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Анткени биз өзүбүздүн кыргыздын арыстанын- ак илбирсин ойготобуз десек Кытайды көздөй бурулуп тыгыз кызматташыбыз керек. “Эски Европадан” Кыргызстанга жаңылануунун илеби согуп турган жок. Ал эми Евроазиялык Биримдик жана Кытай бул башка кеп. Андан кийн Индия деле алыс эмес.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru