Айбат » Алга Кылычев, апрель баатыры: “Эл колдобогон башчыны бийликтен кулатуу революция болуп айтылат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Алга Кылычев, апрель баатыры: “Эл колдобогон башчыны бийликтен кулатуу революция болуп айтылат”

Алга Кылычов- 7-апрель революциясынын болуп өткөнүнө туура 5 жылдын жүзү болуп турат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин «бул күнү куралдуу төңкөрүш болгон, эч кандай революция болгон эмес» деген пикирлерин кыйытып айтып келгендер да кездешет. Сиздин оюңузча бул күнү эмне болду эле?

– 7-апрелди революция эмес деп айтып жаткандар, булар сырткы күчтөрдү колдоп, Кыргызстанга чыккынчылык кылып жаткандардын саясаты деп түшүнөм.   Төңкөрүш бул аз сандагы элдердин бийликти тартып алгандыгы төңкөрүш болуп эсептелет. Апрель окуясында саналуу эмес, аябай көп кишилердин катышуусу менен Канкор Бакиевдин бийлиги кулатылган болчу. Бакиев качып кичи мекенине барганда да эл чыныгы каалоосу менен коргогон жок, аны башка областтарга барса да эч ким колдомок эмес, себеби эл андан ушунчалык тажаган болчу. Демек, эл колдобогон башчыны бийликтен кулатуу революция болуп айтылат.

- Апрель революциясында карапайым элибиз алдыларына кандайдыр бир максатты коюп алып чыгышкан эмеспи? Ошол максаттар ишке ашып атат деп эсептейсизби?

– Апрель окуясында элдин да ошол кездеги оппозициянын да салымы бирдей десек болот. Бирок, негизги күч эл тарабынан болду. Ошондуктан көп жаш эр азаматтарыбыз курман болуп кетишти. Мисалы: Медет Садыркуловдун жана  башка бир топ саясатчылардын бийлик тарабынан жок кылынышы, ошол кездеги оппозицияны курчутууга алып келген. Канткен менен баарын жасаган эл, эл өзү толкуп көкүрөгү ташып аянтка басып келди, аны биз бир канчасы курман болсо ок чыгарылса да артка чегинбегенин далил деп айта алабыз.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru