Айбат » Баягы эле «бийликти алыш керек» деген аң-сезиминен арыла албаган К. Кадыров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Баягы эле «бийликти алыш керек» деген аң-сезиминен арыла албаган К. Кадыров

Кубанычбек КадыровБОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) жаңы «кагаз ташыгычы» Кубанычбек Кадыров маалымат булактарынын бирине маек куруп, “Апрель революциясы максатына жеткен жок, уурдалды” деген пикирин билдириптир. Анын ою боюнча азыркы тапта бардыгы кымбаттап, ал эми айлык акы, пенсия деген нерселер ошол эле боюнча турат экен. Жалган айтканда дагы эби менен айта билгенди Кубанычбек мырза таптакыр окшоштура албайт окшойт. Эгерде коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, акыркы маалыматтардан кабары бар адам болгондо мындай пикирди айтмак эмес. Биринчиден, 2010-жылдан бери карай мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин, дарыгерлердин айлык акылары 2-3 эсеге көтөрүлгөнүн жамы журт жакшы билет. Ал эми Кубанычбек мырза айтып аткан светтин кымбатташы бул энергетикалык кризистен улам келип чыккандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошол эле убакта жалпы калктын басымдуу бөлүгү үчүн мурдагыдай эле 70 тыйындык тариф сакталып калганын да унутпоо зарыл. Ал эми 2010-жылы апрелде карапайым элибиз негизинен үй-бүлөлүк авторитардык режимге каршы чыгышкан. Бир ууч топтун жалпы элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин кызыкчылыгын тебелөөсүнө каршы чыгышкан. Азыркы тапта андай көрүнүш жок экендигин Кадыров деле жакшы билсе керек. Биз парламенттик башкарууга өттүк. Мына ушунун өзү апрель революциясы кандайдыр бир деңгээлде өз максаттарын жүзөгө ашырып атканын көрсөтөт. Жеке өзү бийликтен, кызматтан куру жалак калганына ичи ачышып, жалпы элдин атынан сүйлөп атканына жол болсун дейли. Интеллектуалдык деңгээли ээрден жапыс экенин анын айланасында жүргөндөр деле айтып келишет. Тактап айтканда жаш саясатчы Адиль Турдукулов анын БОКту ийгиликтүү жетектеп кетерине көзү жетпесин маалымат булактарынын бирине билдирди. Өз чөйрөсүндө баркы жок Кадыров кантип жалпы элден барк табам деп атканына тан берсек гана болот.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru