Айбат » Токтомушов Абдрасул (1912–1995) – акын

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Токтомушов Абдрасул (1912–1995) – акын

Токтомушов АбдрасулУлуу муундагы кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгүнө мүнөздүү өмүр жолун Кыргыз эл акыны Абдрасул Токтомушев  да басып өткөн. Жаштайынан томолой жетим калып, дунган байларында малай болуп жүргөн. Кайыр тилеген, көрбөгөнү кор болгон  Абдрасул Токтомушев Кемин районундагы Төрт-Күл айылында туулган. 1928 – 1931-жж. Ташкент шаарындагы Орто Азия суу чарба техни-кумунда окуп, 1952-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн. А.Токтомушев 1932 – 1941-жж. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин Лейлек районунун «Колхоз турмушу», республикалык «Кызыл Кыргызстан», «Ленинчил жаш» гезиттеринде адабий кызматкер, жооптуу катчы, бөлүм башчы, 1953 – 1957-жж. «Ала-Тоо», «Чалкан» журналдарынын редакцияларында бөлүм башчы болгон.

Чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, 30-жылдары жазылган ырлары «Балбандар» деген ат менен 1936-жылы жыйнак болуп чыгып, «Какшаалдан кат» поэмасы 1958-жылы орус тилинде басылып чыккан. Акындын балдарга арналган «Хан жана Жуматай», «Тынчтык үнү», «Достук» ж.б. чыгармалары бар. А.Токтомушев ыр менен жазылган «Алтын Too» аттуу романынын биринчи бөлүгү 1965-жылы, экинчи бөлүгү 1968-жылы басылып, 1974-жылы бул чыгарма Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. А.Токтомушев ливан акындарынын ырларын, В.Дальдын жомокторун, Гильендин ырларын кыргыз тилине которгон. Көптөгөн жамааттык жыйнактардын котормолоруна катышкан. 1989-жылы «Үркүн» аттуу автобиографиялык романы «Ала-Тоо» журналына басылып, бирок чыгарма аягына чыкпай калган. 1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1972-жылдан Кыргыз эл акыны.

 

Сыйлыктары

«Эмгек Кызыл Туу», «Элдердин достугу», «Ардак белгиси» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ар-дак грамоталары, ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Акын 1995-жылы дүйнөдөн кайткан.

 

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Балбандар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 65 б.

Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас. 1937. – 30 б.

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 58 б.

Хан жана Жуматай: Эл жомогунан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 16 б.

Жомоктор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 16 б.

Максат: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 87 б.

Күн: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 74 б.

Жаштын тилеги: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас. 1948. – 16 б.

Тартуу: Ырлар жыйнагы – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 129 б.

Какшаалдан кат: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас 1950. – 72 б.

Тынчтык үнү: Ырлар жана поэмалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 40 б.

Эмгек жана бакыт: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952.– 115 б.

Менин өлкөм: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 278 б.

Жакып уулу: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 68 б.

Жүрөктө: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 91 б.

Өмүр жолу:Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 159 б.

Өмүр көктөмү: Тандалмалуу чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 499 б.

Күндөй жарык: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 172 б.

Сүйүү жана коркунуч: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 264 б.

Байка: Аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 15 б.

Булар кандай: Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 14 б.

Алтын тоо:Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 202 б.

Арстанбап: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1965. – 16 б.

Эркин саптар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 227 б.

Алтын тоо: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 130 б.

Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1969. – 131 б.

Кон, кон, көпөлөк: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 12 б.

Ак Мөөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 263 б.

Саяпкер: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1971. – 23 б.

Жаш достор: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1972. – 122 б.

Калем кайрыгы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 150 б.

Тандалган чыгармалар: Бир томдук: Роман, ырлар жана дастандар.–Ф.:Кыргызстан,1973.–559 б.

Ойноок жылдыздар: Тандалган ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 224 б.

Акыйкат соңунан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1978. – 18 б.

Алтын тоо: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 324 б.

Эркетайым: Ырлар жана дастандар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 252 б.

Тандалмалар: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 368 б.

Бала Кычан: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1982. – 92 б.

Аргымак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 12 б.

Ала-Тоо легендалары: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 56 б.

Поэма. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б. – (текст: кырг., орус.)

Китеп окуучуларга эстелик. – Ф., 1954. – 4 б.

Арстанбап – Арсланбоп. – Ф.: Мектеп, 1986. – 28 б.

Кутманым: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989.–120 б.

Он дастан: Дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 256 б.

 

КОТОРМОЛОРУ

Ливан акындары. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 46 б.

Николае Гильен. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 140 б.

Даль В. И. Түлкү-чокой: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1987. – 13 б.

 

Какшаалдан кат

Заманы күйүп тарылып,

Өлгүсү, келип жарылып,

Турмуштан кечип Айшакан,

Жашынан өлүм сагынып.

Асылып жаткан жеринен

Эл келип калган жабылып.

Сүйлөштү…ишти чечишти…

Өч алды кыйнап–жетишти…

Айшакан кантсин, боздотуп,

Күч менен алып кетишти.

Теңдигин санай кыздардын,

Ар дайым күйүп сыздадым.

“Кеч кирди”–дешип шаштырып,

Камчылап ылдам бастырып.

Чоткара “күйөө” бараткан,

Шаттанып, ачык каткырып.

“Мөрөйүм алдым”–дегендей,

Ойлобой капа кенедей.

Агыны катуу шар аккан,

Төө өркөч болуп бараткан,

Суу кечти мурун жол баштап,

Чоткара “күйөө”кашка атчан.

Дөгүрсүп жүргөн көбүңкү,

Ал элдин канкор бөрүсү.

Кой берип тизгин, чылбырды,

Айшакан шарга–ыргыды,

Сыдырым соккон коңур жел,

Күүгө салып ыр кылды…

Үзүлгөн гүлдөй жаш сулуу,

Жай тапты толкун аркылуу…

Акканын сууга каныбыз,

Кеткенин кубат алыбыз,

Какшаалдын калың кедейин,

Туугандар эске алыңыз!

Ушундай турмуш шартыбыз,

Аныгын айткан жарчыңыз.

Тууган эл кош. бол! Эсен бол!

Какшаалдык кедей берет кол!

Жан дили менен күтүшөт

Жакындашын алыс жол!

Арылар бир күн дартыбыз!

Жеңиштүү болсун артыбыз!

Кытайдын угуп кабарын,

Билсеңер керек авалын?!

Япондук жырткыч кол салып,

Агызды канын адамдын.

Боштондук сүйгөн көп элдин,

Жок кылмак эркин талабын,

Ким буга чыдап бермекчи?

Баш көтөрдү эмгекчи.

Калың эл чыкты беттешип,

Канкорго каршы кектешип,

Алыскы, ички жоо менен,

Ажалды, бакты чектешип,

Көп кылым муңга баткан эл

Эркиндик күнүн көксөшүп,

Күрөшкө чыкты, күрөшкө,

Жетсе экен күткөн тилекке!

Шаттанып шайыр жүрбөгөн,

Сумсайып ачык күлбөгөн

Кабагын чытып муңканып

Кандары кысып сүйлөгөн,

Кыргыздар эми шаттанып,

Кыргыздар эми гүлдөгөн,

Кыздары окуп кат таанып,

Кыргыздар сүйлөйт даңктанып.

Ушинтип уктук чын бекен?

Чын экен кантип мен жетем.

Тамдары кабат салынган,

Шаары бир дешет жаңыдан.

Ачылган күндөй жаркырап,

Электр шамы жагылган,

Кыргыздар кайра төрөлүп,

Кыргыздар бөтөн жаңырган.

Эркектер менен тең болуп,

Ал жакта аял кадырман.

Жайылды бизге бул кабар,

Сүйүнбөй укса ким калар

Асылы чексиз жеринин,

Алтындын кени табылган.

Баатыры көп дейт элинин,

Эмгектен орден тагынган.

Кыргыздар кайра жаралып, .

Октябрь берген таңынан,

Атагы чыгып ааламга,

Ай менен күндөй таанылган.

Ушундай кабар угабыз,

Кубанып көңүл бурабыз.

Акак таш менен салынган,

Тунуке менен жабылган,

Мектеп турат заңгырап,

Багынан атыр жел бурап.

Балдары сонун окуган,

Бир күнү калбай окуудан.

Кыздары бар дейт, эл бийлеп,

Өкмөт болуп олтурган.

Кандай сонун жаңылык,

Гүлдөгөн баары Жаңырып.

Күрөштө баатыр атанган,

Көргөндө дущман жалтанган,

Тиктесе жерге киргизип,

Көздөрү сүрдүү, от жанган.

Комдонуп жаткан жондогу

Арыстан сындуу айбаты.

Алышса чалып ыргыткан,

Илбирстен кыйын кайраты.

Эрдигин аны ким танат?

Кеп кылып бул жак таң калат.

Чериңди жазып шат кылып,

Күлдүрүп колду чаптырып,

Сөзүнөн шекер, бал тамган,

Уккандар сүйүп, жактырып.

Чечендер чыккан эң сонун,

Жаштары кылка бир порум,

Мүнөзү шайыр, шамдагай,

Кыргыздар сонун болгонун,

Кеп кылып бул жак суктанат,

Суктанат көбү, муңканат.

Тоо артынан сөгүлгөн,

Агарып нуру төгүлгөн,

Таң эсимен чыккан жок.

Ат минип жүрсө кайран эл,

Дүңгүрөп кеткен кара жер,

Шаң эсимен чыккан жок.

Сергитип назик көңүлдү,

Кубаттап күлгөн өмүрдү,

Эрке жел соккон кечинде,

Көгүлжүн тартып чалкыган,

Акуулар сүзүп калкыган,

Ысык-Көл дайым эсимде.

Асмандан типтик атылган,

Бытырап жерге чачылган,

Ак бермет мөндүр эсимде.

Кыялай басып суу алган,

Кыналып бели буралган,

Ак келбет келин эсимде.

Кожогат терип ойногон,

Эндикти көрсө койбогон,

Кыздар эстен чыккан жок.

Айланып учуп асмандан,

Аскалуу тоону аңтарган,

Куштар эстен чыккан жок.

Аппак кылып кийизден,

Жайында калпак кийишкен,

Түр эсимен чыккан жок.

Ак чөлмөк оюн баштаган,

Келиндер келип баш таңган,

Түн эсимен чыккан жок.

Атылып чыккан булактан,

Мөлдүгү тунук сымаптан,

Суу эсимен чыккан жок.

Желдеттер менен атышкан,

Бүлүнүп элим качышкан,

Чуу эсимен чыккан жок.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru