Айбат » “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун төрагасы Хабиб Арзыкулов: “Биз азыр батыш өлкөлөрдүн цивилизациясына эмес, канализациясына кирип алдык”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Маек » “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун төрагасы Хабиб Арзыкулов: “Биз азыр батыш өлкөлөрдүн цивилизациясына эмес, канализациясына кирип алдык”

Хабиб АрзыкуловЭлди кайрымдуулукка чакырып, аны менен бирге нечендеген муктаж болгон адамдарга жардам берип келген “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду бир топ жакшы иштерди кыла алды. Карапайм эл менен колунда бар, муктаждарга жардам бергиси келгендердин ортосунда көпүрө болуп келген кайрымдуулук фонддун төрагасы Хабиб мырза менен маек курдук.

- Хабиб мырза, эл менен кайрымдуулук кылгысы келгендердин ортосунда кантип байланыш түзө алдыңар?

– Эл менен байланыш түзүш үчүн, биз өзгөчө журналисттер менен иштешип жатабыз. Себеби массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү биз жана элдин ортосунда жакшы көпүрө болуп бере алат. Элден алып, кайра элге берип келген эже, агайлардын кызматы чоң жана аларга биз ар дайым ыразычылык билдирип келебиз. Кайрымдуулук тууралуу дал ушул журналисттер маалыматтарды жеткизип турса, кайрымдуулукка муктаж болгон карапайм эл жана колунда бар, кайрымдуулук кылганга шарты бар адамдар байланышат экен. Биз ушуну жакшы түшүнүп журналист жана ММКалар менен тыгыз байланышып, иштешип турабыз. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду азыркы тапта муктаж үй-бүлөлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандар, кароосуз калган жетим балдар жана кары апа, аталарга басымдуулук менен жардам кылып келет. Ушулардын арасынан 60-70 пайызы медициналык операцияга муктаждуулар, жана аларга биринчи кезекте кайрымдуулук кылууга аракет кылабыз. Себеби ден соолук биринчи байлык да. Ал операциялардын баалары 10 миң доллардан 150 миң долларга чейин болот экен.

- Чет өлкөдөн гранд аласыңарбы?

– Тыйын табуунун бардык жолдорун караштырып, бардык муктаждууларга жетишкенге аракет кылып келебиз. Бирок тыйынды чет өлкөдөн эмес, өзүбүздүн жергиликтүү элди кайрымдуулук кылууга үгүттөп, кайрымдуулук кылууну үйрөтүүгө аракетибиз бар. Себеби биздин адамдардын арасында да жакшы турган, бай, адамгерчиликтүүлөр бар. Шаарды карасаңар унаа токтотконго орун жок, ушунчалык машине көп. Чет өлкөдөн тааныштарыбыз келип калганда абдан таң калышат. Бир жолу келген коноктор менен кафеде чай ичип отурсак, терезени карап 5 мүнөт ичинде өткөн “джиптерди” санашыптыр. Жыйырмадан ашыгы өткөндө – “бизде, өнүккөн өлкөбүздө 5 мүнөт ичинде мынча “джип” өтпөйт” – деп таң калышкан. Аларда машинелер көбүнчө “майда-чүйдө” эле экен.

- Сиздин оюңуз боюнча байлар чындыгында көппү?

– Бай адамдар бизде көп. Кээде алар акчаларын кайда кетирээрин билбей деле калышса керек. Кайрымдуулук кылайын дейт, бирок эл ишеничтен кеткен. Себеби “фонд” деген түшүнүктү миңдеген фонддор жаман абалга келтирип алган. Азыр фондко берсең акча аягында кай жака барат билишпейт да.

- Сиздин кайрымдуулук фонд элдин ишеничине кантип кире алды?

– Биздин кутучаларга чогулган ар бир тыйын муктаж болгон адамдарга жетет деп кепилдик бере алабыз. Кудайга шүгүр биздин колдоочуларыбыз бар. Өзгөчө жаш ишкерлер, бизнесмендер, патриот эжелерибиз, агаларыбыз. Алардын колдоосу менен биздин айлык жана башка муктаждыктарыбыз чечилип турат. Ошондуктан биздин кайрымдуулук кылууга мотивациябыз бар, жана ошол кайрымдуулук менен гана иштөөгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз.

- Социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө долбоорлоруңар барбы?

– Биз дайыма өлкөбүздөгү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлордун үстүндө иштеп турабыз. 100 миңден ашкан жетим балдар, 150 миңге чукул майыптар, кары апа, аталар бар жана алардын ар бири жардамга муктаж. Алардын көбү кыргыздар. Карылар үйүнө кыргыз ата-энесин машине менен алып келип таштап кеткендер көбөйдү. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Кыргыз коомчулугунда жетим балдар үйү, карылар үйү деген түшүнүк да жок эле да! Биз азыр батыш өлкөлөрдүн цивилизациясына эмес, канализациясына кирип алдык. Жакшы көрүнүштөрдү эмес, эң жаман көрүнүштөрдү бат кабыл алып жаткандыктан өнүкпөй, артка кетип бара жатабыз.

- Кайрымдуулукту көбүнчө кимдер кылат?

– Эң таң калычтуусу ушул момент: байлыгы аз кезинде бере алган, байыса да бөлүшөт. Ал эми байлыгы аз кезинде бере албаган, байыганда такыр бере албайт экен. Дүйнөлүк байкоолордо да эң байлар кайра сараң болушат экен. Кайрымдуулук кылгандардын көпчүлүгү орто деңгээлде жашаган адамдар. Себеби ал элге жакын, көйгөй, муктаждыктарды жакыныраактан көрөгөн жана акыбалды жакшыраак түшүнөт. Бай адамдар андай чөйрөгө такыр аралашпайт да, ойлонгусу да келбейт. Болгон сайын дагы болсун деп калышат окшойт. Биз бул ишке көп жылдан бери аралашкан үчүн билип калдык.

Кээде жардам сурап келген байларды көрүп алып таң каласың. Короосунда машинеси бар, үйү кенен, мал-жаны турса да дагы берчи деп сурашат. Ошондуктан биз жалпы калкка –  берүүнү дагы үйрөнсө дейбиз.

- Кайрымдуулук фонд иштетүү сиздин ойго кайдан келип чыкты?

– Айтып өткөндөй бай адамдар жана карапайым, муктаж болгон адамдар бири бири менен кесилишпейт, катышышпайт. Ошондуктан ортодо көпүрөнүн функциясын аткарууну керек болгон. Өлкөбүздө бир эмес эки төңкөрүш болду. Кыйрап талкалоолор сабатсыздыкты дагы жогорулатты. Жакыр, ачка адамга эмне десең ошону кылууга даяр, себеби жашоо керек, жан керек. Ушуну билип колдонуп кетишкендер аз эмес. Ошондуктан эл ток болсо ууручулук, тоноочулук да азайат эле. Жаман көрүнүштөрдүн алдын алуу, бул биздин “Элим барсыңбы?” фондубуздун дагы бир функциясы десем болот. Ушундай максаттарыбыз менен алгачкы иш чараларыбыз 2008-жылы башталган. Бардык көйгөйлөрдү чечип жибердик дегенден алыспыз. Бирок колдон келишинче болгон аракетибизди кылып, бир топ адамдарга жардам бере алдык. Албетте чоң мамлекет чече албаган маселелерди биздин кичинекей фонд чече албайт, бирок ошентип эле калып калбастан, биз ошо маселелерди чечүү жолунда баратабыз. Элдин камын ойлогон тарыхта да эскерилет. Мамлекетти эле күнөөлөп отура бербеш керек, себеби сүт кандай болсо каймак да ошондой болот эмеспи. “Өлкө бизге эме кылды?” эмес, “Биз өлкөгө эмне кылдык?” – деген сөз ар бир жарандын көкүрөгүндө болсо эле өнүгөбүз.

- Ишмердүүлүгүңөрдүн 6-7 жыл аралыгында кандай өзгөрүүлөр болду?

– Кайрымдуулук десе эле мурун тамак-аш берип келгендер көп. Албетте бул да керек нерсе, бирок экинчи жагынан караганда бул туура эмес экен. Ошондуктан биздин азыркы принциптердин бири тамак-аш берүү эмес, ошол тамак-ашты табуунун жолдорун үйрөтүүгө шарт түзүүгө жардам берүү. Адамга балыкты эмес, кайырмакты кармоону үйрөтүү керек экенин жакшы түшүндүк. Себеби даяр тамакка көнүп алган адам эч качан аракет кылып иштейин, ошол тамакты өзүм табайын дебей калат. Мисалы Африка өлкөлөрүндө бул көрүнүш катуу бекиген. Европанын волонтерлору келип тамак-аш берип көндүргөн. Бирок, ошол эле Европанын магнаттары Африканын кен байлыктарын тонналап ташып кетип жатышат. Эгерде, тамак-аш эмес, ошол кенди өздөрү иштетүүгө билим беришкенде акыбал тап-такыр башкача болмок.

Биздин фонд акысыз ар кандай курстарга окууга жиберип турат. Тамак-аш эмес, билим бергенге көбүрөөк аракет кылабыз. Бир топ билим берүү борборлору бизге ушул жагынан жакшы жардамын берип турат. Бизге 95 пайыз аялдар кайрылгандыктан, тигүү, тамак жасоо жана башка ушул сыяктуу курстарга бекер жолдомо берип, жардам кылабыз. Бир кесиптин ээси болуп чыкса жакшы да. Азыркы долбоорлорубуз ушунун негизинде жасалып келет.

- Ушул багытта кылган жардамыңардын кыскача мисалдары кандай?

– Мисалы уй алып беребиз, сүтүн сатып жан багышат. Кийим тигүүчү машине алып берсек, жанакы бекер курстардан кийим тиккенди үйрөнүп, иш менен камсыз болот. Талаа иштерине да жардам берген учурлар болду. Кесип үйрөтүү маанилүү, себеби тамак бер деп эле отура бербей, тамакты өзү тапканга шарт түзүлөт экен. Өзүбүздүн көйгөйдү өзүбүз чечпесек, башка бирөө келип чечип бербейт. Беш жүздөй туруктуу демөөрчүбүз болсо, миңден ашык жардамчыларыбыз бар. Ошондуктан кыргыз элим кайрымдуу, мээримдүү эл экенин унутпаса, тыйыны менен болбосо убактысы менен бөлүшүп, ар кандай кайрымдуулук акцияларына жардам кылып, өз салымын кошсо, буйруса өлкөбүздө жашоо деңгээли оңолот деп бекем ишенебиз.

 Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru