Айбат » Адал иштин арты – бакыт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » PR, Маек » Адал иштин арты – бакыт

Азат БазаркуловМегаком компаниясы эл талабына жооп берип, сапаттуу жана ишенимдүү байланыш кызматтарын көрсөтүп келет. “Адал иштин арты – бакыт” демекчи, 2014-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча да Мегаком бир топ эл үчүн жемиштүү ийгиликтерди жаратыптыр. Апта башында компаниянын кеңсесинде пресс-жыйын болуп, ага Мегакомдун башкы директору Азат Базаркулов катышып жыл жыйынтыгы боюнча жоон топ журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле бул күнү да Мегаком компаниясы келечекте эл керегине жарай турган “Мыкты” тарифинин жүзүн ачты.

 

 

Азат БАЗАРКУЛОВ, Мегаком компаниясынын башкы директору:

“Компания 2014-жылы мамлекеттин бюджетине 1,9 млрд сом которду”

- Азат мырза, 2014-жылы түшкөн акча, салыктар жана милдеттүү төлөмдөр туурасында айтып берсеңиз.

– Эң негизгиси 2014-жылы Мегаком компаниясы 100 пайыз мамлекеттик болду. Бул абдан жакшы нерсе. Мурда Мегаком мамлекетке 49 пайыздан дивиденд төлөсө, былтыртан баштап 100 пайыз дивиденд төлөдү. Андан тышкары үч жылдан бери 51 пайыздан топтолгон дивиденддин акчасын 2 млрд 800 млн сомду былтыр компания бюджетке которду. Быйыл да 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жүз пайыз мамлекетке төлөнүп атат. Бул мамлекеттин бюджетине жакшы жардам десек жаңылышпайбыз. Мегаком компаниясынын 2014-жылдагы түшкөн акчасы 8,6 млрд сомду түзүп, өсүү деңгээли 2012-жылга салыштырмалуу болжол менен 5,8 пайызды түздү. 2014-жылы мамлекетибиздин бюджетине төлөнгөн салык түрүндөгү жана башка төлөмдөрдүн суммасы 1,9 млрд сомго барабар болсо, өсүү деңгээли 2013-жылга салыштырмалуу болжол менен 3,1 пайызды көрсөттү. Андыктан 2014-жылы компаниянын жетишкендиктери абдан жакшы болду.

- Ал эми Мегаком компаниясынын инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымы канчалык?

– Жыл ичинде компания базалык станцияларынын санын жогорулатты. 3,75G тармагы республикабыздын 3 миллион адам жашаган калктуу аймагын кучагына алды. Жаңы базалык станциялар республикабыздын бардык 40 районунда тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болду. Мобилдик байланыштын социалдык функциясына, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымына татыктуу баа берген Мегаком республикабыздын калкынын басымдуу бөлүгү отурукташкан алыскы аймактарды телефондоштурууга басым жасай алды.

2014-жылы Мегаком мобилдик оператору абоненттерди сапаттуу байланыш менен камсыздоо, кызматтардын жана опциялардын түркүмүн кеңейтүү максатында компания «Бишкек-Ош» була-оптикалык байланыш линиясын төшөө иштерин улантты. Жалал-Абад-Ош тилкесинин 115 километри төшөлүп өлкөбүздүн телекоммуникация тармагындагы эң алгылыктуу долбоордун 1-этабы аяктады. Бул жалпы пландаштырылган көлөмдүн 30 пайызына барабар. Өзүнүн була-оптикалык байланыш линиясын ишке киргизүү менен 2016-жылы мобилдик оператор абоненттерине маалыматты жогорку ылдамдыкта өткөрүү жөндөмдүүлүгүн шарттаган жаңы кызматтарды сунуштайт. 4G LTE сыяктуу жаңы технологиялардын пайдубалы түптөлдү.

 

 

Нурлан КУРМАНБАЕВ, Мегаком компаниясынын радиопландоо департаментинин жетекчиси:

“2014-жылы абоненттер 2,5 млрд мегабайттан ашык маалымат менен алмашкан”

– Мегаком филиалдык түйүнүнүн жана каптоо аймагынын интерактивдүү картасынын жардамы менен абоненттерибиз 2G жана 3G технологияларынын сапаты тууралуу маалымат алып, Фирмалык салондордун же Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери тууралуу биле алышат.

Учурда интернет-трафикти пайдалануучулардын саны арбып келет. 2014-жылы Mегаком абоненттери 2,5 миллиард мегабайттан ашык маалымат менен алмашкан. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү. 1 мегабайттын баасы 2013-жылдагыга караганда 44 пайызга төмөндөдү. Трафикти пайдалануу менен бирге эле интернет пайдалануучулардын саны да өсүүдө. Маселен, айына мобилдик интернеттен 1 гигабайттан ашык көлөмдө пайдалангандардын саны (акыркы 2 жылда) 30 эсеге өстү. Мунун бардыгы Мегаком мобилдик интернетинин жеткиликтүү жана сапаттуу экендигинен кабар берет.

 

 

Мирлан КАРАБУКАЕВ, Мегаком компаниясынын маркетинг департаментинин жетекчиси:

“Былтыр 250 студентти жумушка алдык”

– MegaCom сунушталган кошумча кызматтар боюнча өлкөдө алдыңкы уюлдук оператор бойдон калууда. Анын ичинде мобилдик ТВ, “Megogo” кинотеатры, “Билим берүү” акысыз опциясы, Wikipedia жана Codecademy үчүн нөлдүк трафик, “Сен кайдасың?”, “Жакын адамдар”, “Мобилдик которуу”, “Жакындарыңыздын балансы” жана «Кыска номурларга тыюу салуу» кызматтарын бириктирип, үй-бүлө ичинде ыңгайлуу баарлашууну шарттаган “Үй-бүлөлүк топтомун” өзгөчө белгилеп кетүү зарыл.

Былтыр биздин абоненттерди каттоодон өткөрүү үчүн мыйзам кабыл алынгандан кийин 250 жаш студент балдарды жумушка алганбыз. Алардын аракети менен 2015-жылдын март айынын башын алганда тармактагы активдүү абоненттердин жалпы санынан 70 пайызы персонификациядан өткөн. Оператор бул багыттагы активдүү ишмердүүлүгүн улантып келет. Абоненттерди персонификациялоо боюнча мамлекеттик демилге алкагында абоненттер 2015-жылдын 8-августуна чейин оператор менен келишим түзүүсү зарыл экендигин абоненттерибиздин эсине салабыз.

- Мирлан мырза, жаңыдан сунушталып жаткан “Мыкты” тарифи тууралуу да кеп кылсаңыз.

– Мегаком компаниясы өзүнүн абоненттери үчүн “Мыкты” абоненттик тарифин сунуштайт. “Мыкты” тарифтик планы абоненттерге ыңгайлуу жана үнөмдүү. Абоненттер Мегаком ичинде бири-бирине чалганда бир мүнөттүк сүйлөшүү үчүн 50 тыйын, бир смс жөнөсө 50 тыйын, ошондой эле интернетке кирсе бир мегабайтты 50 тыйынды түзөт. Ушул үч кызматтын кызмат акысы 50 эле тыйындан болот. Көптөгөн абоненттер азыркы мезгилде интернет колдонууну каалайт. Ошол себептен мегабайтына50 тыйындан сунуштайбыз. Бул тарифте үч кызмат бир баада. Андыктан “Мыкты” тарифи эл арасында мыкты кызмат кылган тариф болот деген үмүттөбүз.

 

 

Жылдыз МАМЫТОВА, Мегаком компаниясынын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси:

“Компания элге керектүү долбоорлорду демилгелей берет”

- Жылдыз айым, Мегаком демилгелеген долбоорлор жөнүндө айтып берсеңиз.

– Компания тарабынан демилгеленген долбоорлор үзгүлтүксүз ишке ашырылууда, Мисалы, «Мегаком балдарга», «Ардагерлерге жардам», «Meгаком аллеясы», «МегаФутбол». Ал эми «Мобилдик сабаттуулук сабактары» билим берүү долбоору өзгөчө кичинекей бөбөктөргө жаккан. Байланыш оператордун тапшырыгы боюнча «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» аттуу телекоммуникация жөнүндөгү Кыргызстандагы алгачкы мультфильм тартылган. Мындан тышкары өлкөдөгү спортко колдоо көрсөтүү алкагында «Мегаком – Олимпиада-2016 Кыргызстан курама командасынын өнөктөшү» коммерциялык эмес жалпы республикалык долбоору старт алды. Долбоордун максаты – жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү жана олимпиадалык принциптерди жайылтуу менен өлкө үчүн, эл үчүн жана жеке өзү үчүн сыймыктануу сезимин күчөтүү. Компаниянын бардык социалдык демилгелери, мобилдик оператордун аймактарга колдоо көрсөтүү жалпы улуттук масштабдык программасы алкагында ишке ашырылууда. Биздин компания дагы да элге керектүү долбоорлорду демилгелей бермекчи.

Мегаком_Мыкты тарифи

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru