Айбат » Бактыгулов Турсунбек, Кочкор районундагы Сагындык Өмүрбаев орто мектебинин мүдүрү: “Окуучуларыбыз башка аймактын балдарынан арта калбай билим алса дейбиз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бактыгулов Турсунбек, Кочкор районундагы Сагындык Өмүрбаев орто мектебинин мүдүрү: “Окуучуларыбыз башка аймактын балдарынан арта калбай билим алса дейбиз”

Бактыгулов Турсунбек“Билим алуу кудукту ийне менен каскандай” деген  мааниси терең болгон кыргыз элибиздин жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай балдарыбыз билим алыш үчүн аларга биринчи мектеп салып беришибиз керек да. Мына өз балдарына мектеп салып өз окуучулары үчүн күйгөн мектеп мүдүрү Турсунбек байке бизде конокто.

- Саламатсызбы Турсунбек байке?

– Саламатчылык

- Мектеп кандай жана кантип салынып калды?

– Мектеп 2012-жылы февраль айында ачылышы болуп “ АРИС” уюму аркылуу салынды. Областта 63 айыл өкмөткө сынак жарыялаган, андан биринчи орунду алып республикалык турга катышып 2 орунду камсыз кылганбыз. Немис өнүктүрүү банкынын  долборунун дагы айта кетпесек болбойт. Жалпы сметасы өздүк салымды кошкондо он алты жарым миллион сомго бүттү.

- Мектептин ичиндеги эмеректерди толтурууга кимдер көмөктөштү?

– Мектептин ичиндеги  эмеректерди  камсыз кылууда биздин жердешибиз Айгүл Рыскулова 80 000 миң сомго жардамын берди. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да жардамдар берилди. Мындан тышкары  кытай элчилиги тарабынан 15 компьютер, 2 ксерокөчүрмө, 1 телевизор жана 15 парта 30 отургуч, 4 шкаф алып келдик. Биздин мектеп 100 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк”  программасы менен иштешип, балдарыбыз ысык тамак ичип жатышат. Сыртка чыкмай жок баардыгы ичинде баардык шарттары менен. Башкысы окуучуларыбыз башка аймактын балдарынан арта калбай билим алса дейбиз.

- Мектеп боюнча кандай жетишкендиктер болуп жатат?

– Мектеп боюнча жетишкендиктерибиз 2014-жылкы окуу жылында бир окуучубуз республикалык олимпиадага катышып келди.  Быйылкы окуу жылында  райондон беш окуучубуз байгелүү орунга ээ болуп эки окуучубуз облустук олимпиадага катышып келди.

- Мектептин ичинде окуучулар менен биргелешип кандай иштерди аткарып жатасыңар?

– Биз балдар уюму менен бирге көп иштерди аткарып жатабыз.  Мектеп окуучулар арасында мектеп парламентин түзүп алып,  мектеп рекетчилигин жоюу иштерин жүргүзүп жакшы жыйынтык чыгара алдык. Билим деңгээлдерин көтөрүп ар дайым биринчи болууга иштеп атабыз.

- Окуучу балдардын ден-соолуктарына кандай көңүл бурулууда?

–  Республика боюнча кызамык оорусу жайылып жатканына байланыштуу биз дарыгерлер менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Медайымдар келип күнүгө эртең мененкисин окуучу балдарыбыздын ден соолугуна көңүл буруп турушат. Мындан тышкары биз балдарга ысык тамак берип жатканыбызга байланыштуу санэпидстанциядан келип такай көзөмөлгө алып турушат.

- Окуучуларга берилген тамактын акчасы жана кандай тамактар берилет?

– Окуучу балдарга каша, шорпо. Мисалы: бүгүн балдар  эт менен күрүч шорпо ичишти. Булочкасын биз мектептен жасатабыз, унун “Бүткүл дүйнөлүк азык –түлүк” программасы аркылуу ар бир балага 60 граммдан ун бекер берилет. Калган 10 сом республикалык бюджеттен бөлүнөт, ата-энелер болсо айына бир балга 100 сомдон жардам иретинде  берип турушат.

- Окуучуларыңызга болгон каалоо тилегиңиз?

– Окуучуларыма кааларым аманчылыкта болуп,  билимдин түбүнө жетсин. Кыргыз мамлекетибиздин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, биз сыймыктана турган уул-кыздардан болсун демекчимин.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №123



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru