Айбат » Татыктуу тарбия – келечектин башаты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Татыктуу тарбия – келечектин башаты

Өлкөнүн келечегин түптөө бала бакчадан башталышы керектигин негедир көңүл сыртында калтырып келаткандайбыз. Жер-жерлердеги иштеп жаткан бала бакчалардын баары эле талаптагыдай болуп кеткен дегендин өзү натура. Албетте, кайсыл жерде камкордук көрүлгөн болсо ошол жерде жүргүзүлгөн тарбиялык жааттагы багыттар жылуу пикир жаратары калетсиз. Өз ишине жоопкерчилик менен карагандардын катарына милдетине астейдил мамиле жасагандар кирерин да айта кетели. Учурда миңдеген келечектин ээлери болгон балдар мээримдүү тарбиячылардын камкордугунда.

Роза Отунбаева, бала бакчада

01

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы №3- “Келечек” балдар бакчасы жыл өткөн сайын ондогон бөбөктөрдү тарбиялап мектепке кадам таштатууда. Бакчадан тарбия алган балдарды окутуу оңой болоорун мугалимдер да моюнга алууда. Башка балдарга салыштырмалуу бакчадан келген балдар тамганы окуганы, санакты билгени, бирдемкеге кабылдоосу тездиги менен өзгөчөлөнөөрү байкалды. Гүлмира Сарбалаева жетекчилик кылган бул бакчада да буга катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Анткени ата-энелердин ишенимин жаратуу оңой эмес.  Эгерде балдарынын зиректигин, ой жүгүртүүсүн учурга шайкеш калыптандыра албаса сөз жок бала бакчанын жамаатына сөз тиет. Ошондуктан бул жерден нанын таап жеген тарбиячылар биринчи кезектеги милдети катары баланын аң-сезимин көтөрүүгө камкордук көрүшөт. Бул туура багыт.

Алгачкы жолу 1998-жылы бала бакча уюшулганда болгону 32 бала бар болчу. Улам кеңейип отуруп балдардын саны 220га жетти. Анткени балдардын төрөлүүсү убакыт өткөн сайын өскөнү да ырас. Дале болсо бала бакча жетишпейт. Ошентсе да колдон келген мүмкүнчүлүгүн бакчанын жамаатындагы тарбиячылар балдардын келечегине арноодо. Эки жогорку окуу жайдын дипломуна ээ болгон бакчанын башчысы Гүлмира Сарбалаева кол алдындагыларга талапты катуу коет. Алардын абалын билип турууга, керек учурда көтөрмөлөп коюуга көңүл бөлөт. Анткени жашоонун көрсөткөн ачуу-таттуу “белектери” кездешпей койбойт. Тирүүлүктө ар кандай окуяларды кездештирип жүрбөйлүбү, же калппы?

Эриш-аркак иш жүргүзүүнүн негизинде изги ийгиликтер жаралууда. Арийне мындай көңүл жаркыткан жетишкендиктердин келишине тарбиячылардын кошкон салымы бараандуу. Маселен жогорку тайпанын (группанын) Гүлмира Шергалиева, Буразия Үсөнбекова, коомдук иштерге активдүү катышкан Зарипа Кожошева, Толгонай Керимбековаларды алдыңкылардын сабына кошууга болот. Андан кийинки тайпадан Нускайым Чокморова, Толгонай Тургунбаева, Гүлсара Ажыбекова дегендер мактоого арзыйт. Ириде булар баланы алпештеп тарбиялаганы үчүн шаардыктардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болушкан. Демек алар өз кесибин жогору баалашат. Энергетиктердин шаары аталган Кара-Көлдө бул бала бакчанын дареги илгертен таанылган. Айрыкча балдардын ата-энелери менен тыгыз байланышта иш жүргүзгөнү жылуу пикирге алынууда. Себеби биргелешип иш алып баруудан эки тарап тең утушка ээ болот. Үйдө баланы ата-эне көздүн карегиндей караса, бала бакчада тарбиячылар көзөмөлдүккө алышат. Азыртан баланын келечегине кам көрүлбөсө ийри өсүп калганда кеч болуп калат. Ал эми балдар  өлкөнүн келечеги экендиги айтпасак да түшүнүктүү.

Айтор Гүлмира айым жетектеген “Келечек” бала бакчасынан тарбияланган көптөгөн балдар мектептерде окуп жатканынан кабардарбыз. Алар өздөрү да, ата-энелери да бакчанын мээрман тарбиячыларына алкышын жаадырышат. Быйыл күздө да бир нече бала мектептин ак босогосун аттаганы турат. Алардын ордун кайра кийинкилери толуктайт, бошогон орундарга жаңы балдар келет. Ошентип тирүүлүк токтобой улана берет. Турмуш ошонусу менен кызык. Акырында бар болгула келечек ээлерине камкордук көргөн тарбиячылар, деп сөзүбүздү бүтүргүбүз келип турат.

С.ЖОРОЕВ.

Айбат гезити №123




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru